Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Бабанов Кыргызстанга келбей калды (видео)


22-сентябрь, 2017-жылы тартылган сүрөт.
22-сентябрь, 2017-жылы тартылган сүрөт.

Өмүрбек Бабанов Москвадагы аэропорттон видеокайрылуу жасады.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга бүгүн эмес, жакынкы күндөрү келет. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов бүгүн, 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видеокайрылуу жасаган учурда билдирди:

"Кымбаттуу элим! Мен үчүн Кыргызстанда мени күтүп жаткандардын жашоосу кымбат. Мени колдогон, мага күч кубат берген менин күчүм - силерсиңер, элим. Мен силердин бирөөгө курал болууңарды каалабай турам. Бүгүн митингге чыгууну токтотууну суранам. Кыргызстанга тынчтык, биримдик керек. Үмүтүңүздөрдү актай албасам кечирим сурайм. Убакыт өткөндө тарых өзү баа берет. Мен үчүн Кыргызстанымдан, кыргыз элимден, тынчтык, ынтымактан башка байлык жок. Кыргыз элим, сиздер дайыма мени колдоп жүргөнсүңөр, штабымда иштеп жүргөн балдардын баары Кыргызстанга кызмат кылат. Менин тилегим - мекениме кайтып барып, силер менен чогуу сүйлөшүп, пикир алышып отургум келет. Бирок силерди үчүнчү күчтөр колдонуп кетүүсүн каалабайм. Ага эч качан жол да бербейм. Ошондуктан, мен сиздерден бүгүнкү өтө турган тынчтык митингдерди токтотууну суранам. Мен тынчтык жолу менен келүүнү чечтим. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү мен сөзсүз келем", - деген Бабанов.

Өмүрбек Бабанов "Мекенге кайтып келем" деп миңдеген шайлоочуларын ишендирип коюп, келбей койгону аны саясий банкроттукка жеткирди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди:

"Өмүрбек Бабанов эгер жүзү жарык болсо, мыйзам алдында күнөөсүз болсо, Өмүрбек Текебаевдей болуп Кыргызстанга келип, камалганына да кайыл болуп, камакта болсо да сот, адвокаттар аркылуу, ага ишенип жаткан 600 миң элдин колдоосу аркылуу өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдесе болмок. Бабанов бул мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарды. Ал өзүнүн коркоктугун, чечкинсиздигин көрсөтүү менен бийликке чоң упай алып берди, бийликтин чоң утушуна алып келди. Бабанов - саясий банкрот".

Ал эми Жогорку Кеңеште "Республика" партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев Өмүрбек Бабанов үчүн тынчтык маанилүү экенин "Азаттыкка" билдирди:

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

"2017-жылы шайлоо бүткөндө эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турган бизди, тарапташтарын өзүнүн беделине шек келсе да, тынчтык үчүн деп, нааразылыкка чыгарбай токтотуп койгон. "Кандай жол менен болсо да шайланды, бийлик эми иштесин" деп токтотуп койгон. Бул жолу да ошондой болду. Демек, ал мамлекеттин туруктуулугун биринчи орунга койгон инсан экенин далилдеди".

Кенжебек Бокоев "бийлик Бабановдун келишинен коркуп, аны тосуп алууга тынч митингдерге уруксат бербей койгону менен утулганын көрсөттү" деп эсептейт.

10-апрелде Бабанов «Фейсбуктагы» жеке баракчасына: «Бишкекке учканга билет сатып алдым. Кудай буйруса ушул ишембиде, 13-апрелде, саат 14:50дө Кыргызстаныма учуп келем. Сиздер менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам!» деп жазган.

Бабанов буга чейин ага карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчүлөргө жооп берүүгө, Кыргызстанга келгенден кийин инвестиция тартууга даяр экенин билдирген.

12-апрелде Бишкек, Талас, Каракол шаарларында жергиликтүү бийлик «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду тосуп алуу шаан-шөкөтүн негизги аянтта өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Партия өкүлдөрү бийликти «тоскоолдук кылды» деп айыпташкан. Аталган шаарлардын жетекчилиги болсо ошол күндөрү аянттар бош болбой турганын айтып, дооматтарды четке каккан.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Апта башында өзүнүн НТС телеканалындагы маегинде өлкөгө кайтып келип, саясий жашоого аралашарын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, саясатчыга эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Ошондой эле атайын кызмат Бабанов Кыргызстанга кайтса, мыйзам боюнча жоопко тартыларын билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө «эл топтоп бийликке кысым көрсөтүү аркылуу маселе чечкиси келгендер жаңылышат» деп эскерткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG