Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Бекназаров судьялыкка өтпөй калды


Азимбек Бекназаров Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлигин коюп өтпөй калды. Саясатчыны жактагандар бул жогору жактын буйругунан болду дешсе, экинчи тарабы укук коргоочулардын басымынан улам болду деген пикирде.

Белгилүү саясатчы, юрист Азимбек Бекназаровдун Конституциялык палатанын судьялыгына өтпөй калышы журт ичинде бүйүр кызыткан окуя болуп калды. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул фактыны кокустук катары сыпаттайт:

- Жети кишинин аты-жөнү жазылган тизмени көргөм. Анын этегинде Азимбек Бекназаров да бар болчу. Бекназаровго болгону үч добуш жетпей калды. Үч киши келбей калган экен, алардын добушу жетпегени үчүн өтпөй калды. “Өңдү көрсө, жүз таят” болуп, уялганынан келбей коюшту көрүнөт. Бул үчүн албетте алар келтек жейт. Бирок алар ушул кадамы менен тазалыкка жол ачып беришти.

Токтайым Үмөталиева бул окуядан трагедия жасап кереги жок деп кошумчалады:

- Бекназаровдун конституциялык-укуктук талаага мээнети өткөн эмес. Илимий иш кылып, же бир сабак берип да эмгеги сиңген жок. Кечээги күнү кулаарын билгенби, өтпөй калгандан кийин дароо эле Жалал-Абадга кетип калыптыр. Тазалыгы каякта?

Азимбек Бекназаров судьялыкка талапкерлигин койгондо бир катар коомдук уюмдар аны колдоо иретинде кол топтошуп, Сотторду тандоо кеңешине кат жөнөткөн. Алардын башында турган “Сотторду тазалоо” кыймылынын жетекчиси Кубаныч Маматкеримов Азимбек Бекназаров саясий буйруктан улам өтпөй калды деп эсептейт:

- Ошол Конституциялык сот ошол кезде өткөн шайлоолорду карышкыр президенттердин таламын талашып отуруп алган. Муну Бекназаровдон башка адам келсе деле жоймок. Бүгүн аны эч ким эске алган жок. Шамырал Майчиев башында турган сот тандоо кеңешинин мүчөлөрү кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткаргандай түр көрсөтүштү.

Ал эми Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев судьяларды тандоодо жогору жактын буйругу болду деген дооматты четке кагууда:

- Өтпөй калгандын баары эле буйрутма менен өтпөй калды дегенге кошулбайм. Кеңеш 24 мүчөдөн турат. Анын сегизи парламенттик оппозиция, сегизи парламенттик көпчүлүк, сегизи соттор. Анын баары эле баягы заказды аткара бербейт да. Ошон үчүн болгону бешөө эле өттү. Бекназаров 10 эле добуш алды. Ал эми судьялыкка өтүш үчүн 13 добуш алышы керек.

Коомдук анализдөө институтунун жетекчиси Рита Карасартова Бекназаровдун талапкерлигине каршы чыккандардын катарында. Анын жүйөсү боюнча, Убактылуу өкмөттө иштеп турганда Бекназаров Конституциялык сотту таркатууга чечим кабыл алгандыктан, палатага кирүүгө моралдык укугу жок:

- Конституциялык сотту таркатууга чечим кабыл алган адам кантип палатага өтөт? Кантип ал өзүмдүн жасаган ишим Баш мыйзамга каршы болгон деп айталат? Антип айта албайт. Эгер ал Конституциялык палатага келсе, бир топ суроолор жаралмак. Баягы Убактылуу өкмөт курамында отурган кезде чыгарган декреттери, акчаларды кайда жумшаганы баары көтөрүлүп чыкмак.

Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага 25 талапкер боюнча добуш берген. Талап боюнча Конституциялык палата 11 кишиден турушу керек. Кечээ ага 13 добуш алган 5 гана судья өттү. Калган төрт орун бош. Азимбек Бекназаров 2005-2010-жылдагы элдик козголоңдордун башында тургандардан. Кезинде башкы прокурор, Убактылуу өкмөттө укук коргоо органдарынын куратору болгон.

XS
SM
MD
LG