Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Референдум боюнча орток пикир табылган жок


Жогорку Кеңеште 7-октябрда Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик талкуу кызуу өттү.

Анда референдум өткөрүүнү жактагандар бир катар олуттуу маселелер конституциялык реформасыз чечилбейт деп ынандырганга аракет кылышты. Алардын саясий атаандаштары жол-жоболор одоно бузулганын айтып, бийлик мыйзамсыз жол менен кетип жатканын, анын кесепети оор болорун эскертишти.

Парламенттик угууда “Референдум жөнүндө” мыйзам долбоор боюнча Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов баяндама жасады. Ал коопсуздукту, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн, эгемендикти, парламентаризмди чыңдоо максатында Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл деп ишендирди:

- Айрым проблемаларды Конституцияга өзгөртүү киргизмейинче жөнгө салуу мүмкүн эмес болуп турат. Адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда тоскоолдук жаратууда. Жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө, анын ичинде көп кылымдардан бери демократиялык түзүлүшкө ээ болгон Европа мамлекеттеринде негизги конституциялык мыйзамдарды өзгөртүү боюнча катуу талаш-тартышты пайда кылууда. Ошондуктан бүгүнкү күндө Конституциянын жалпы башаты жана мааниси менен айрым жоболордун ачыктан-ачык карама-каршылыгын пайда кылган.

Референдумду өткөрүүнү жактагандар Баш мыйзам өзгөрсө ага ылайык президент айрым ыйгарым укуктарын өкмөт, сот менен бөлүшөт, өкмөттүн улам-улам ыдыраганы, премьер-министрлердин тез-тез алмашуусу токтойт, коалициялык туруктуулук менен жоопкерчилик орнойт деген өңдүү жүйөлөрүн келтирди.

Референдум боюнча талкуу өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:07 0:00

Атайын баяндама жасагандардын бири, юридика илимдеринин кандидаты Эркинбек Жакыпакуновдун пикиринде, үй-бүлөлүк баалуулуктарга шек келиши мүмкүн:

- Азыркы учурда дүйнөдө бир жыныстагы адамдардын никеге туруп, укуктарын коргоп, биз дагы барбыз дешип, ар кандай коомдорду түзүп, митингдерди, жүрүштөрдү уюштуруп жатканы суроо жаратпай койбойт. Мындай көрүнүштөр биздин мамлекетте болбойт деп ким кепилдик бере алат? Ким билет, эртең биздин бир жараныбыз чыгып Конституциялык палатага, эл аралык уюмдарга кайрылып, алар бизге көрсөтмө берип никебизди каттагыла десе ким, эмне деп жооп берет? Ошону алдын алып, Конституциябызды өзгөртүп өз ордубузду аныктап албасак эртең кеч болуп калат.

Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Текебаев
Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Текебаев

Талкууда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай чочулоо негизсиз деп дароо эле жооп берди. Ал бир дагы Конституцияны кынтыксыз деп айтууга болбосун, кеп аны кантип өзгөртүп жаткандыгында экенин белгиледи:

- Бүгүнкү конституциялык өзгөртүүлөр мыйзамсыз, легитимдүү эмес жол менен кетип жатат. Мына, бүгүн биринчи жолу талкуу болуп жатат. Бирок бул талкуудан эми эмне пайда? Азыр эми өзгөртүү киргизгенге, жада калса үтүрүн өзгөртүү да мүмкүн эмес. Эмне үчүн биз ушундай талкууну июлда-августта өткөргөн эмеспиз? Эмне үчүн шашылбай, ушундай чоң залга топтолуп, конституциялык кеңешме түзүп, баарынын пикирин укпастан ууруча өзгөртүп жатабыз? Конституцияны эптеп сүйрөп кетиш үчүн улутчулдук деп күчөтүп жатабыз. Кадыржан Батыров да, Азимжан Аскаров да соттолгон, аларды кылмышкер деп эсептейбиз. Атамбаевдин демилгеси менен аларды лидерге айлантып жатабыз. Үй-бүлөлүк баалуулук боюнча, бүгүн эркек менен эркек, аял менен аял үйлөнөм десе ушул жерде отурган 120 депутат кол көтөрүп мыйзам кабыл алып береби? Жакынкы 10-15 жылда мындай коркунуч Кыргызстанда болбойт. Жок жерден маселени таап, улутчулдукту козгоп, эл аралык нормаларга каршы ушул нерселерди алып келгендин зыяны тиет.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Конституцияны өзгөртүү тууралуу демилгелер саясий тирешке жол ачканына, коомчулукту ыдыратып жатканына токтолду:

Кадыржан Батыров да, Азимжан Аскаров да соттолгон, аларды кылмышкер деп эсептейбиз. Атамбаевдин демилгеси менен аларды лидерге айлантып жатабыз.
Өмүрбек Текебаев

- Бул Конституция эч кимге күмөн туудурбаган, кынтыксыз жана коомду бириктирүүгө алып келиши керек. Бирок азыр мындай болгон жок. Азыр мунун мыйзамдуу экенине жарандык коом ишенбейт. Экинчиден, Конституциянын төрт беренеси бузулду. Биз баары бүткөндө коомдук талкуу кылып жатабыз. Ушуну жети облуста, жети окуу жайда талкуу кылып койсок болот эле го. Экинчиден, азыркы "Референдум жөнүндө" мыйзам боюнча демилгечи президент гана боло алат. Бизде азыр депутаттар болуп жатат. Азыр эми бул "Референдум жөнүндө" мыйзамга Жогорку Кеңеш кол коебу же президент кол коебу - эч ким билбейт. Ушул жагын чечпей туруп биз аны Жогорку Кеңештен өткөрүп койдук. Эң чоң кемчилик – бул тил кемчилиги. Бизде "жылкы" деген сөз 800 сөз менен сүрөттөлөт. Ушундай улуу, бай тилди биз Конституцияда эң кедей, эң алешем, эң чала тил кылып салганбыз. Азыркы Баш мыйзамда сегиз ката болсо, биз жаңысында 10 ката кылганы жатабыз. Ушул дагы Баш мыйзамды сыйлагандыкпы? Башындагы преамбуланы жаркыратып жаздык, бирок аягында калтыратып момундайды кабыл алып жатпайбызбы.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Анвар Артыков референдумга каршы чыккандарды тар, жеке кызыкчылыгын көздөп жатат деп айыптады:

- Оппоненттердин бир дагы жүйөлүү аргументи, мына бул берене буга, тигил берене тигиге алып келет деген сөз жок. Конституция азыр шылтоо болуп жатат. Бийликке таарынгандар, бийликке келгиси келгендер, Конституциянын кабыл алынышына катыша албай калгандар, менсиз эмнеге жазасыңар дегендер ушул чырды алып чыгып жатат. Элдин башын айлантып жатабыз. Ак үйдүн алдына эл чыгып Атамбаевди колдойбуз, Конституцияны өзгөртүш керек деп жатат. Убакыт келе элек деп жатасыңар. Убакыт келип, бышып жетилгени үчүн бул маселе чыгып жатат.

Ош облусунан келген жарандык активист Акылбек Ташбулатов коомчулуктун пикири эске алынбай калганын айтты. Баш мыйзам боюнча мурунку бийликтин катасын эске салды:

- Урматтуу депутаттар, азыр сиздер шоу кылбагыла деп айтып жатасыңар. Шоуну бийликчил телеканалдар кылып жатпайбы. Бизге эч ким сөз бербей жатат. Бардыгы макул деп жатасыңар. Эч ким макул эмес. Урматтуу депутаттар, силерде тарыхый жоопкерчилик бар. Эгер мурдагы депутаттар “шеф, Конституцияны оюнчук кылба”, десе азыр Акаев да, Бакиев да экс-президент болуп ушул жерде жүрүшмөк. Эки төңкөрүш да болмок эмес. Ошол кезде депутаттарда ошондой эрк болгон эмес. Силерде да жок дей тургандар жокпу? Эгер азыр силер жаңы Конституция кабыл алсаңар, анда чатак болот.

Парламенттик угууда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов референдумдун датасы өзгөрүп жатканын билдирди. Ага ылайык, президент жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу жардыкка кол кое электигинен, буга чейин айтылгандай референдумду 4-декабрь эмес, 11-декабрга белгилөө тууралуу тиешелүү комитетке сунуш жөнөткөнү маалым болду.

XS
SM
MD
LG