Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Мекеме Коопсуздук кеңешине каяша айтты


Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик бул мекеменин жетекчисинин айдоочусу чет өлкөгө иш сапарга барганы тууралуу маалыматты четке какты.

Мунун алдында Коопсуздук кеңеши аталган агенттиктин жетекчиси чет өлкөдөгү эл аралык жыйындар менен семинарларга, иш сапарларына компетентсиз кызматкерлерди жөнөтөрүн билдирген. Ошондой эле бир катар олуттуу кемчиликтерди, мыйзам бузуу фактыларын тапкан.

Токой чарба агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов ишиндеги алешемдиктерден улам соңку үч жылдын ичинде бир канча жолу сөгүш, эскертүү алган.

Президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун корутундусуна ылайык, токой чарбасын жана айлана-чөйрөнү коргоону өнүктүрүүгө багытталган реформадан майнап чыккан жок. Ошондой эле мекемени санариптештирүү боюнча бир да иш-чара өткөрүлгөн эмес.

«Өзгөчө кайтаруудагы токойлордун, коруктардын аймагына үй, эс алуу жайлары өңдүү 3,5 миңге жакын мыйзамсыз имарат курулган. Андан сырткары чет өлкөлөргө иш сапарларына бир эле кызматкер бир канча жолу жөнөтүлгөн, көп учурда иш билгилиги жок, кесипкөй эмес адистер барары аныкталган. Агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов ТИМге кабарлабастан өзүнүн жардамчысы, ошол эле учурда айдоочусу болуп иштеген адамды Женевага жөнөткөн», деп жазылат корутундуда.

Аркарларды кырган аңчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Коопсуздук кеңеши аңчылыкка байланыштуу алешемдиктерди да аныктаган. Маселен, аркар-кулжа атыш үчүн берилген айрым уруксат кагаздары жасалма болуп чыккан.

Абдыкалык Рустамовдун өзүнөн Коопсуздук кеңеши аныктап чыккан кемчиликтер тууралуу комментарий ала алган жокпуз. Мекеменин басма сөз өкүлү Бакытбек Рысалиев дооматтар негизсиз экенин айтты:

«Чет өлкөгө болобу, Кыргызстандын аймагында болобу, бул же тигил иш-чарага ошол тармакка тийиштүү адистер жөнөтүлөт. Ошондуктан Коопсуздук кеңешинин мындай маалыматтары чындыкка дал келбейт. Ошондой эле Коопсуздук кеңеши «азыркы жетекчилик токой чарба, жаратылыш парктарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарга жол берип жатат» деген маалымат тараткан. Биз муну да четке кактык. Себеби анын баары илгери совет доорунда курулган имараттар».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын башында Эсеп палатасы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикте ири каржылык мыйзам бузуу фактыларын аныктап чыккан.

Мекеменин бөлүм башчысы Дайырбек Арстанбеков бюджеттен бөлүнгөн акчанын көбү эле өздөрүнүн чыгымдарын жабууга кетерин, абаны, жер-сууну булгагандыгы жана адамдын ден соолугуна зыян келтиргени үчүн деп төлөнө турган акча кыйла азайганын билдирген:

«Каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 50 пайыздан көбү агенттиктин өзүнүн түзүмдөрүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, административдик имараттарды оңдоого, транспорт каражаттары менен камсыздоого, кошумча материалдык жардамдарды төлөөгө, сыйлык акыга, жол киреге, тамактанууга жумшалган. Мына, азыр баарыбызга эле белгилүү, аба кескин булганып жатат. Ушул багытта кеткен каражаттарды карап көрсөк, маселен, 2014-жылы фонддон жумшалган акчанын көлөмү 5,9%, 2015-жылы 3,6%, ал эми 2016-жылы 3 эле пайызды түзүп жатат. Азыр шаарда транспорт көбөйүп жатат. Алардан чыккан түтүн нормадабы же нормадан жогорубу деп текшерилип турса аба азыркыдай булганбайт эле. Көчөттөрдү отургузуу жагында да кемчиликтер аныкталды. Отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн булар текшерип турушат. Ошондо да текшерүү иштери формалдуу эле жүргүзүлгөнү көрүнүп турат. Жылына эле «өсүп-өнүп жатат» деген көчөттөр текшере келгенде жок болуп чыгып жатат. Токой фонддорунун жерлери ижарага берилет, ошондо маселен жаңгак токойлоруна байланыштуу да кемчиликтер, фактылар аныкталды», деген Арстанбеков.

Мен Кыргызстан боюнча дарак кыюуну токтоттум. Ушундай жалган маалыматты таркатышты.
Абдыкалык Рустамов

Эсеп палатасы каржылык мыйзам бузуу фактылары боюнча президентке, өкмөт башчыга, Коопсуздук кеңешине отчет, сунуштама берди. Башкы прокуратурага тиешелүү чара көрүү боюнча кайрылган.

Абдыкалык Рустамов Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин 2016-жылдан бери жетектейт. Ага чейин алты жыл агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаратылышты коргоо жаатында паракорчулук күчөп кеткенин, зыяндын көлөмү көбөйгөнүн сынга алган жана Абдыкалык Рустамовго катуу эскертүү берген болчу. Былтыр ал кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков Рустамовго катуу сөгүш берген. Жыл башында Рустамов азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден да катуу эскертүү алган.

Абдыкалык Рустамов буга чейин «Азаттыкка» комментарий бергенде айтылган кемчиликтердин баарын өзүнө чейинки жетекчинин иши менен байланыштырган жана жыл сайын эскертүү, сөгүш алганы боюнча төмөнкүдөй оюн айткан:

«Жаңыдан жетекчи болуп келгенде системалуу коррупцияны жоюу боюнча мен кол койгом. Жаңы эле ишти баштаганымда мага каршы кишилер көп болгон. Алар да демилге көтөрүп, ал-бул болуп жатып катуу эскертүү алгам. Мен аны билген да жокмун. Мен чоң акча жасап жүргөн кишилерди да токтоттум. Ортодо гранттардын каякка кетип жатканы билинбейт, мен аларды токтоттум. Убагында «Жети-Өгүздө бак кыйылып жатат» деп премьер-министрге чейин жеткиришкен. Текшере келгенде бак кыйылбаганы аныкталган. Мен Кыргызстан боюнча дарак кыюуну токтоттум. Ушундай жалган маалыматты таркатышты. Себеби мен көп коррупциялык иштерди, схемаларды жаап койдум».

«Азаттык» буга чейин аңчылык боюнча иликтөө катары программа тарткан. Анда бир катар чуулуу жагдайларда Абдыкалык Рустамовдун да аты аталган болчу, бирок ал анда өзүнө коюлган дооматтарды негизсиз деп баалаган.

Мамлекеттик коруктагы мыйзамсыз аңчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:17 0:00

Жогорку Кеңеште Абдыкалык Рустамов жана анын ишине тууралуу бир канча жолу сын айтылган.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошов Абдыкалык Рустамовду кызматтан алып гана койбостон, анын жоопкерчилигин караш керек деп эсептейт.

«Биз былтыр, мурдагы жылдан бери эле «бул коррупцияга баткан орган, аңчылыкка байланыштуу көп коррупциялык иш жасалган, лицензияны туура эмес саткан» деп парламенттен айтып эле келе жатабыз. Бирок биздин үнүбүз жеткен эмес. Биз аларга суроо-талап жөнөтсөк «биз таптазабыз» деген эле кагаздарды берип коюшчу. Жетекчисин алмаштырууга мезгил эбак эле бышып-жеткен. Рустамов иштеп жатканда бул тармак эч качан өнүкпөйт. Жетекчини иштен эле алып койбостон, анын жоопкерчилиги каралышы керек», - деди ал.

Коопсуздук кеңеши Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин коррупцияга каршы аракетин канааттандыралык эмес деп баалады. Кыргыз өкмөтүнө аталган агенттиктин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону, ал тургай кызматтан алуу өңдүү чара көрүүнү сунуштады. Башкы прокуратурага чогулган материалдарды иликтеп, юридикалык баа берүүнү табыштады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын аппараты Рустамовго байланыштуу үн ката элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG