Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Депутаттын короосундагы жардыруу


Марат Султановдун үйүндө жарылуу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

28-апрелге караган түнү Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султановдун Бишкектин четиндеги үйүнө белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат ыргытып кеткен.

Бактыга жараша адам курмандыктары болгон эмес. Президенттикке ат салыша турган талапкерлердин бири катары сыпатталып жаткан Марат Султановго байланышкан бул окуя коркутуу актысыбы же шайлоо алдындагы пиар акциябы деген түкшүмөлдөр коомчулуктун башын катырууда.

Түкшүмөлдөр түрмөгү

Болжол менен түнкү саат эки жарымдардан өткөндө депутаттын шаардын чекесиндеги Орто-Сай айылындагы үйүнүн короосунда жарылуунун үнү угулган. Бирок үй ээси Марат Султанов буга анчейин маани бербегендигин айтты. Ал өзү эрте менен гана короодон жардыруунун калдыктарын жана үйдүн терезелеринин сыныктарын байкаган. Окуя болгон жерде иштеген адис-саперлердун айтымында, жардыруучу каражат РГД-5 үлгүсүндөгү кол граната болушу ыктымал.

Марат Султанов өзү касташкан адамдары болбогондугун айтып, жардыруунун себептери боюнча так божомолу жок экендигин белгиледи:

- Менин касташкан адамдарым деле жок. Башка саясатчылардан айырмаланып, жан сакчыларды жалдап жүрбөйм. Керек болсо айдоочум да жок. Күнүбү же түнүбү рулда дайыма өзүм эле жүрөм. Өзү кечээ эртең менен Москвадан учуп келген болчумун. Анан кечинде балдар менен жолугуп, кечки он бир кыркта үйгө келдим. Менин версиям боюнча бул жөн эле менин бир саясий көз карашыма байланыштуубу, же бир күчтөр мени бирөөгө тукуруп, ошондон чагым жасагысы келип жатабы ал жагын ачык айта албайм. Шайлоого биз деле бир аз даярдык көрүп жатабыз. Андан баш тартпайбыз. Бирок ушундай жол менен бизди бирөөлөр коркутабыз дешсе, анда алар терең жаңылышат.

Марат Султанов он беш жылдан ашуун убакыттан бери жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын төрагасы, Социалдык фонддун жетекчиси жана өткөн жылы 7-апрелге чейин каржы министри болуп турган. Соңку парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясынын катарында депутат болуп шайланган.

Анын партиялашы депутат Нарынбек Молдобаев бул окуя Марат Султановдун президентикке ат салышуу дымагы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Мындай бир талдап көрсөк, өзү бир душман күткөн жигит эмес. Кылмыш дүйнөсү менен байланышы жок. Анан ал адамды сөзү менен ынандырып, бирөөлөр менен оңой менен чыр-чатакка барбаган адам. Анан эми жанагы алдыда келе жаткан президенттик шайлоого аттанат деген сөз бар. Мүмкүн мына ошого байланыштуубу деген суроо туулбай койбойт. Кандай болгон күндө да мунун баары саясат менен байланыштуу го.

Анткен менен “Ата-Журт” фракциясынын башка бир депутаты Курманбек Осмоновдун пикиринде, бул окуяга бир жактуу баа берүүгө эрте. Анын айтымында, бул окуянын чыныгы себептерин укук коргоо органдары аныктап чыкмайын аны толук бойдон саясатташтырууга негиз жок:

- Тиги-мунусун иликтебей туруп, аны саясий себеп же башка криминалдык-бейбаштык себеппи, анысын бир жактуу айтуу кыйын. Азыр ар ким ар кандай божмолодой берет. Эң башкысы укук коргоо органдары текшерсин. Ошондон кийин анан белгилүү болот. Ага чейин эле муну саясий буюртма, же буюртма эмес деп кескин бүтүм чыгарууга мүмкүн эмес.

Жардыруу “жасалма” болушу да мүмкүнбү?

Буга чейин маалымат каражаттарында “Ата-Журт” партиясынан президенттик шайлоого талапкер болуп барышы мүмкүн деген талапкерлер катары Марат Султановдун, Курманбек Осмоновдун, Камчыбек Ташиевдин жана Ахматбек Келдибековдун аттары аталган. Серепчилер Марат Султановдун учурдагы саясий активдүүлүгүн жана салмагын эске алганда бул окуя ага коомчулуктун көңүлүн бурдуруу ыкмасы болушу да мүмкүн экендигин да жокко чыгарышпайт.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин айтымында, мындай ыкмаларды колдонуу президенттик шайлоонун алдында күчөшү күтүлөт:

- Ар түрдүү саясий технологдор ар түркүн командаларда пайда болуп жатат. Кээ бир акылга сыйбаган саясий технологиялар болот. Мунун бардыгы өнүгүп келе жаткан, саясий маданият начар өнүккөн өлкөлөрдө колдонулат. Бул ошого окшогон технологиянын бир ыкмасы болушу мүмкүн. Мына ошол саясий технологдор ошонун аркасы менен коомчулукка кандайдыр бир пиар кыла турган, элге таасир этүүчү ыкманы иштетип, шайлоонун алдында анын натыйжасын күтүшөт.

Учурда депутат Марат Султановдун үйүнүн короосундагы жардыруу окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Аны прокуратура, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынан турган ыкчам тергөө тобу иликтеп жаткандыгы маалым болду.

XS
SM
MD
LG