Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Парламент Батукаевди чыгаргандардын сары изине түштү


Азиз Батукаев кармалып турган Нарындагы абак.
Азиз Батукаев кармалып турган Нарындагы абак.

Криматалык атыккан Азиз Батукаев абактан бошотулуп, өлкөдөн чукул чыгып кетиши коомчулукта кызуу талкууланууда.

Азыр көчө-көйдө, интернеттеги социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында кримавторитет Азиз Батукаев башкы каарманга айланды. Анын бир күн ичинде бошоп, өлкөдөн чыгып кетишин кыргыз парламенти да бир күн кечке талкуулап, бул ишти иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006-жыл.
Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006-жыл.
Комиссиянын мүчөсү, депутат Равшан Жээнбеков Батукаевди бошотуунун артында саясий фигура турганын айтып, анын баарын комиссия элге ачыктайт деп эсептейт:

- Бул иш бийликти тизелетпесе дагы, бетине көө жабылды. Биздин президент, өкмөт башчыларыбызга тышкы күчтөр көп таасир берет. Батукаевди бошотуунун артында чоң саясий күч, саясий фигура турат.

- Ошонун баарын комиссия аныктай алабы?

- Эгерде ачыктай албасак, ачык айталбайбыз десеңер мен комиссиянын курамына кирбей эле коёюун дедим. Айталабыз дешти. Төрт-беш депутат ушинтип сүйлөштүк.

Бирок коалициялык азчылыкты түзгөн “Ата-Журт” менен “Республика” фракциялары "жоопкерчиликти кадрларды дайындаган коалициялык көпчүлүк өзү тартышы керек" деген жүйөө менен бул комиссиянын курамына кирбей коюшту.

Бир катар депутаттар Азиз Батукаевди бошотуу операциясын уюштургандар деп Жаза аткаруу кызматынын башчысын, сот, прокуратура жана мыйзамдагы уурунун “оорусу катуу” деп тыянак чыгарган саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигин, акыйкатчы Турсунбек Акунду катуу тилдеп, керек болсо ири суммадагы акча алгансыңар деген шектенүүлөрүн ачык эле айтышты.

Алардын бири Бөдөш Мамырова:

- Коомчулук айтып атат, Турсунбек Акун буга чейин да Чеченстанда болгон, кавказ улутундагы Кочкаровго да жактоочу болгон, эми эч ким үн ката электе Батукаевди коргоп жатат деп телефон чалгандар болду. Мейли, Батукаевди чыгарганыңар үчүн материалдык бир нерсе алсаңар, өзүңөргө буюрсун. Кайсы жыртыгыңарды бүтөйт?

Акыйкатчы Турсунбек Акун Батукаев бошотулганда анын өлүм алдында турганын биринчилерден болуп айтып чыккан эле. Бирок акыйкатчы азыр Батукаевге байланыштуу өзүнө айтылган дооматтарды четке кагат:

- Батукаев боюнча эч ким журналисттерге маалымат бербей жатканда мен биринчи болуп сүйлөп койсом эле жактоочу болуп каламбы? Чеченстанга мен Батукаевге эмес, элүү кыргыз баланы бошотуу үчүн баргам. Кечээ болсо Батукаевди бул жакта эле дарыланат го деп ойлогом, ал тескерисинче коштоо менен келип бир күндө учуп кетиптир. Буга кызыкдар адамдар бар го деген ой кетти менде.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов дагы Батукаевди бошоткондор жана аэропорттон учуруп жибергендер ири суммадагы акча алышы мүмкүн деген шектенүүсүн Твиттер баракчасына жазды.

Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев аталган кызматтын өкүлдөрү Батукаевден акча алды деген дооматтары четке кагып, керек болсо муну атайын органдар текшерүүгө алышсын дейт:

- Батукаевди Нарын шаарынын сотунун чечими менен бошоттук. Биз эмне өзүбүз эле бошотмок белек. Акча алганыбыз анык болсо коррупцияга каршы күрөшүү органдары келип текшеришсин.

Башкы прокурор Аида Салянова дагы Батукаев мыйзам чегинде гана бошотулганын билдирген.

Ал эми мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов ал прокуратураны жетектеп турган кезде эле Орусиядан даражалуу аткаминерлер телефон чалып, Батукаевди бошотууну өтүнүшкөнүн айтат.

Байболов кримавторитет Азиз Батукаев Орусиянын жана Чеченстандын бийлик өкүлдөрү менен жеке мамилеси болушу мүмкүн деп боолгойт. Ал кыргыз бийлиги алардын өтүнүчүн аткарып, экинчиден Батукаевдин кримчөйрөдөгү абалды курчутуп жиберишинен чочулап аны коё беришти деген ойдо:

- Батукаевди Нарындан Бишкекке которуу мөөнөтү мурун эле өтүп кеткен. Аны режимди бузду деп кармап турушкан. Батукаевди Бишкекке которушчу болсо кримчөйрөгө сөз жок таасир этмек. А криминалдык чөйрө саясий абалга таасир этип жатпайбы. Бийликке иштеген криминалдык өкүлдөргө анын келиши жакпайт болчу деген ойлор бар. Бирок ал каалаган учурда кайтып келиши мүмкүн, анткени жарандыгын жоготкон жок. Күчтөнүп келиши да мүмкүн.

Ошентип бир күн ичинде бошотулуп, атайын учак менен өлкөдөн чыгып кеткен Батукаев жөнүндө түрдүү ушактар тарап, кыргыз бийлиги катуу сынга кабылды. Буга байланыштуу бир катар аткаминерлер кызматтан алынышы да мүмкүн экендиги айтылууда. Бир катар интернет сайттар Азиз Батукаевди былтыр кышында атып өлтүрүлгөн орусиялык мыйзамдагы ууру Дед Хасандын кылмыштуу тобу чыгарып кетти деп жазышты. Анткени Дед Хасандын мураскери болгон иниси Дмитрий Чантурия Испанияда жашап, аймакты жакшы билбегенден улам Борбордук Азиянын түрмөлөрү жана наркотрафикти көзөмөлдөө дал ушул эми Азиз Батукаевге тапшырылышы мүмкүн деген божомолдор чыкты. Айрым журналисттер Батукаев кетиши менен абакта жаткан дагы бир мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин таасири артаарын жазышты.

Азиз Батукаевдин улуту чечен, ал 1966-жылы Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн. 1990-жылдары Кыргызстандагы бирден-бир кылмыштуу топту жетектеп, ал топко агасы Аладин да кирген. Алар талап-тоноочулук, буйрутма өлтүрүүлөр, баңгизат соодасы менен алектенип, Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүн көзөмөлдөп турушкан. Батукаевдин тобу кийин дагы бир криматалык, маркум Рысбек Акматбаев менен катуу тирешип, 2005-жылы депутат Тынычбек Акматбаевди абак жайларын текшерип барган учурда өлтүрүшкөн. Маалыматтарга караганда, Батукаев азыр абакта жаткан криматалык Камчы Көлбаев менен да мамилеси начар болгон.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG