Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

Үч депутаттын соту башталганы турат


3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл

10-январда Биринчи май райондук сотунда 3-октябрдагы Бишкектеги митинг боюнча соттук териштирүү башталат. Ал митинг бийликти басып алуу аракети менен коштолгон деп, парламент мүчөлөрү камакка алынган.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен митинг болгон. Митинг бийликти басып алуу чакырыгы жана Ак үйдүн тосмосун ашып өтүү менен коштолгон. Ага байланыштуу тартип коргоо органдары Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талантбек Мамытов жана саясатчылар Салмоорбек Дыйканбаев, Кубатбек Кожоналиевди, Ташиевдин эки жан сакчысын камакка алган.

Аларга Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси боюнча бийликти күч менен басып алган жана 297-беренеси боюнча бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген айыптар коюлган.

Саламаттыгына байланыштуу Кубатбек Кожоналиев, Салмоорбек Дыйканбаев кийинчирээк үй камагына чыгарылган. Ал эми үч депутат ошондон бери УКМКнын тергөө абагында, эки жан сакчы Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турат.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
10-январда баштала турган сот жараянына айыпталуучулардын баары катышат дейт Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов:

- Садыр Жапаров менен 9-январда жолуктум. Ден соолугу жакшы. 10-январда сотко келет. Баары келет: Талант Мамытов да, Камчыбек Ташиев да келет.

Токтосуновдун айтымында, бул соттук жараян узак мөөнөткө созулушу мүмкүн. Ал эми сотко ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселеси соттун жүрүшүнө жараша болот.

Талант Мамытовдун адвокаты Данияр Маманов бул сот ишине саясат аралашкандыктан судьяга өзгөчө көңүл бурулат дейт:

- Анткени судья буйрукту аткарып калышы мүмкүн деген көз караштар бар. Анын үстүнө саясат болуп жатат. Андан сырткары мурда Кожоналиев менен Боромбаевдин ортосунда ишенбөөчүлүктү жараткан жагдай болгон экен.

Белгилүү болгондой, 10-январда саат ондо Биринчи май райондук сотунда баштала турган соттук териштирүүнү судья Абдыразак Боромбаев жүргүзөт.

3-октябрь, 2012-жыл
3-октябрь, 2012-жыл
Соттук жараянга коомдук коргоочу катары “Ата Журт” фракциясынын бир катар депутаттары катышат. Бул тууралуу фракция мүчөсү Курманбек Осмонов билдирди:

- Жазык-процессуалдык кодексинин 122-беренесине ылайык биздин катышууга укугубуз бар. Депутаттардын укугун жана эркиндигин коргоо максатында төртөө же бешөөбүз катышабыз.

Осмоновдун айтымында, депутаттар сотко ар кандай өтүнүчтөрдү келтирүүгө укуктуу. Анын ичинде камалган депутаттарды сот жараяны учурунда үй камагына чыгаруу өтүнүчү болушу мүмкүн.

Башкы прокуратура депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө каршы чыгып келатат. Бийлик өкүлдөрү болсо 3-октябрдагы иш боюнча чечимди сот кабыл алыш керек деген пикирди билдирип келет.

10-январдагы сот пикет менен коштолушу күтүлүүдө. “Ата Журт” партиясынан алынган маалыматка караганда, камактагы депутаттардын тарапкерлери жана жакындары бейшемби күнү Биринчи май райондук соттун алдына пикетке чыгышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG