Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Депутаттар Жапаровду коргоп калышты


Жогорку Кеңеш “Ата Журт” фракциясынын лидери абактагы Садыр Жапаровду кол тийбестигинен ажыратууга макул болгон жок.

Мындай чечимин парламент 26-декабрдагы жыйынында Жапаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулагандан кийин чыгарды.

Башкы прокуратура Садыр Жапаровго үч берене боюнча иш козгоп, аны тергөөгө тартуу үчүн кол тийбестигинен ажыратууну сурап, сентябрда парламентке кайрылган болчу. Жапаров мүлктү мыйзамсыз сатып алууга катышкан деп шектелүүдө.

Добуш берүүгө 102 депутат катышып, анын 68и “Ата Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаровду тергөө ишине тартууга каршы чыкса, 34 депутат гана макулдугун берди.

Добуш берүүдөн кийин сөз сүйлөгөн башкы прокурор Аида Салянова Жапаровдун күнөөсү бар, же жок экенин аныктап, чечим чыгаруу үчүн сот органдарына мүмкүнчүлүк бере алган жок деп, Жогорку Кеңешти сынга алды:

- Кээ бир депутаттар кылмыш иишн туура эмес козгогонсуңар деп айттыңар. Бирок биздин Баш мыйзамда жана башка мыйзамдарда мындай корутундуну бир гана сот органдары гана бере алат. Сотторго ошондой баа берүүгө мүмкүнчүлүк бербедиңиздер жана берүүгө да кызыкдар болгон жоксуздар. Тилекке каршы, баарын сот чечсин деген чечимге келген жоксуздар.

Жапаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия да добуш берүүгө чейин жарыялаган корутундусунда Садыр Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз жок деп тапкан. Бирок ага депутаттар Жылдыз Жолдошева, Нурбек Мурашев жана Дастан Бекешов гана кол коюп, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов жана КСДПнын депутаты Абдыманап Кутушев парламент сот жана прокуратура органдарынын ишине кийлигишпеш керек деген пикирде калышкан.

Билген... эмес

Борбор калаанын Киев көчөсүнүн 74-дарегинде жайгашкан имаратты 2009-жылы өкмөт башчы Игорь Чудинов мамлекеттин менчигинен чыгарса, аны кийин Максим Бакиев өз айдоочусуна каттатып алган экен. Тергөө материалдарына ылайык, 2010-жылдан кийин кожоюнсуз калган ал имаратты “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков жасалма документтер менен Мукаш Байгелдиев деген таанышына каттатып, сатуу үчүн кардар издеген. Анын айынан мамлекетке 2 млн. доллар чыгым келгенин айткан башкы прокурор Аида Салянова бул иш боюнча жалпысынан 18 адам айыпталып жатканын билдирди.

- Башка бирөө эмес, болгондо да Садыр Жапаровдун жардамчысы Букабаев бул имараттын талаштуу экенин Жапаров билген деп айтып жатат. Муну Элдар Мадылбековдун адамы Байгелдиев да айтты. Арзыбек Буркановдун жардамчысы Айдаров да "Жапаров бул имарат Максим Бакиевдерге таандык болгонун билген" дейт. Ошондуктан Жапаров бул талаштуу имарат экенин билген, Элдар Мадылбеков менен чогуу сүйлөшүп алып, мыйзамсыз иш жасаган деп жатабыз. Ага ылайык, биз Жапаровго алдамчылыкка аралашкан деген берене боюнча айып коюп жатабыз.

Башкы прокуратура 17-сентябрда Садыр Жапаровго иш козгоп, эртеси аны кол тийбестигинен ажыратып, жоопкерчиликке тартуу өтүнүчүн парламентке жолдогон. Салянованын айтымында, эгер парламент аны кол тийбестигинен ажыратып берсе, ага айып коюлмак. Эми Жапаровдун депутаттык мөөнөтү бүткөнгө чейин бул иш боюнча аны жоопкерчиликке тарта алышпайт.

Анткен менен “Ата Журт” фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков Жапаровдун күнөөсү жок экенине ишенет.

- Ал имарат камакта болгон эмес. Күч органдарынанбы, өкмөттөнбү, имаратка эч канда тыюу жок болчу. Жапаров документин көргөн. Ошол кездеги мамлекеттик каттоо кызматынын жана башка органдардын берген документтери болгон. Андан соң алдамчылыкка барбай акчасын төлөп, сатып алган. Бул жерде Жапаровдун кандай күнөөсү бар? Эгер имарат камакта болуп, анын айласын таап, мыйзамсыз жол менен сатып алган болсо, айыптаса болмок.

Ошол эле кезде Садыр Жапаров башка кылмыш иши боюнча УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ал 3-октябрда митинг уюштуруп, Ак үйдү басып алууга аракет кылган деп, партиялаш депутаттары Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев менен бирге айыпталууда. Ал эми бул ишти Башкы прокуратура тергеп бүтүп, 25-декабрда Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берди.
XS
SM
MD
LG