Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Апта: ВБга дагы бир сокку, Сариевдин мактанычы


Эркин Мамбеталиев
Эркин Мамбеталиев

Узап бараткан жумада кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү аталган адам “Вечерний Бишкекти” сотко берди. Саясий партиялар бейрасмий шайлоо өнөктүгүн башташты.

Өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандын экономикасы Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөргө салыштырмалуу мыкты көрсөткүчтөргө жетишти деп билдирди.

Эркин гезитти Эркин сотко берди

Кыргызстанда абсурддук кырдаал түзүлүп турат. Кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү деп Ички иштер министрлиги тарабынан аталган, жогорку даражалуу милиция кызматкерин атып өлтүргөн деп көп жылдарга кесилген адам эркин гезитти сотко берип, моралдык зыян тартканы үчүн 50 млн. сом доолап отурат.

Сөз кезинде президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон, Атамбаев бийликке келгенден кийин шектүү жагдайларда абактан бошотулган Эркин Мамбеталиевдин “Вечерний Бишкек” гезитин сотко беришинде болуп жатат.

“Вечерний Бишкек” гезити “Алмазбек Атамбаевдин жакын жөкөрү Эркин Мамбеталиев Кыргызстанда бизнести көзөмөлдөгөн таасирдүү адамга айланды” деп жазган. Мына ушул маалымат моралдык зыян келтирди деп, Эркин Мамбеталиев Свердлов райондук сотуна кайрылды. Гезиттен өз пайдасына 50 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

“Вечерний Бишкектин” чыгармачыл жамааты жана жетекчилиги Александар Рябушкин гезитти бийликтин жардамы менен басып алууга умтулууда деп жазып келатат. Соттук териштирүүлөрдө гезит Рябушкинге такай утулууда. Ошондуктан соттун кезектеги чечими Эркин Мамбеталиевдин пайдасына чыгышы да ыктымал.

“Вечерний Бишкекке” чабуулдун артында мамлекеттик бийликтеги эң таасирлүү турганын болсо мамлекеттик маалымат каражаттарынын гезитке жабыла чабуулунан да көрүнүп турат.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Азиза Абдырасулова бийликтин өзү кылмыш дүйнөсү менен аралашканы ушундай кырдаалды жаратып отурат дейт:

- Кайсы мамлекеттик структурада кылмышкерлер отурган жок? Мисалы, парламентте арасында бир буту менен кылмыш дүйнөсүндө, экинчиси менен саясатта тургандар бар. Анан бир колу менен бизнеске таянгандар. Анан эң жогорку тепкичтеги мамлекеттик структураларда кылмыш дүйнөсү отургандан кийин ошондой кылмыш дүйнөсү акырын-акырын үчүнчү бийлик болгон массалык маалымат каражаттарына зомбулук кыла баштайт. Төртүнчү бийлик болгон жарандык коомдун өкүлдөрүнө зомбулук кыла баштайт. Бул көрүнүп турган иш да.

Азиза Абдырасулова кылмыш дүйнөсү мамлекеттик бийликте эчак эле жайгашып алганын, эң көп тираждуу гезиттин айланасында түзүлгөн кырдаал аны ачып, көңүлдү буруп жатканын кошумчалады.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков “Вечерний Бишкекти” сотко берүүнү “уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” деген макал менен салыштырды. Ошол эле учурда Эркин Мамбеталиевдин гезитти сотко берүүгө юридикалык укугу бар экенин кошумчалады:

- Мыйзамга такаганда Эркин Мамбеталиев мыйзамдын негизинде өзүнүн укугун коргойм деп, тигилерге 50 млн. дейби, 70 млн. дейби, ошонун тегерегинде сотко бергени мыйзам чегинде болуп атат. Бирок моралдык-этикалык жактан алганда бул өтө таңкалыштуу. Эгерде Кыргызстанда ушундай рейдерлик жол менен басып алуу, тартып алууга көз караштар өзгөрүлбөсө, ушуга окшогон окуялар дагы эле боло берет деген ойдомун.

Артур Медетбековдун пикиринде, Кыргызстандагы соттор бийликтен толук көз каранды болгондуктан, алар Эркин Мамбеталиевдин пайдасына чечим чыгарышы толук мүмкүн.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаев Эркин Мамбеталиев менен алда качантан бери жолугушпай калганын, учурда эч кандай байланышы жок экенин билдирген. Бирок Кыргызстан коомчулугунун көрүнүктүү жана көп нерседен кабардар өкүлдөрү Ниязовдун сөзүнө ишеним жок экенин билдирип келатышат. Алардын бири өлкөнүн мурунку ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев.

Кыргызстан экономикасы ЕАЭБде алдыга чыктыбы?

Кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариев 14-майда өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө салыштырмалуу мыкты экенин белгиледи. Премьер-министр республиканын экономикасы быйылкы жылдын төрт айында 7% өсүп, инфляция 2.2% түзгөнүн, ошол эле учурда Орусиянын экономикасы -2.2% кыскарганын, ал эми Казакстан экономикасы 2.2% гана өскөнүн маалымдады.

Улуттук статистикалык кызматтын маалыматы боюнча, төрт айда Кыргызстандын ички дүң продукциясы 7% өскөн. Бирок Кумтөрдү кошпогондо өсүш 3.7% түзгөн. Кумтөрсүз өнөр жайы -1% төмөндөп кеткен. Өнөр жайдын ичинен жеңил өнөр жайы - 43%, электр энергиясын өндүрүү -11% кыскарган.

Кумтөр кенинен сырткары курулуш тармагы 12%, негизги капиталга инвестиция 9.3%, айыл чарбасы 1.7% өсүш берген.

Албетте бул жерде Орусия жана Казакстандын экономикасынын потенциалы, сапаттык абалы, көлөмү боюнча Кыргызстанга салыштырып болбойт. Ал эле эмес, Кыргызстандын статистикалык кызматынын маалыматтарына ишенбеген адистер көп.

Мурунку финансы министри Акылбек Жапаров өкмөттүн мактануусуна негиз жок дейт:

- Азыр мактана турган заман эмес. Азыр биринчи кезекте парламент тарап кете электе бюджеттин чыгаша бөлүгүн кескин түрдө кыскартыш керек. Президент жана премьер-министр президент Путинден үлгү алып, айлык акысынан баш тартыш керек же кескин түрдө кыскартыш керек. Натыйжалуу эмес иштеп жаткан программалардын баарын токтотуш керек. Экономикада кан жүгүртүүнү көбөйтүш үчүн элдин колуна акча бериш керек.

Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы системалык кризиске кирип баратат дейт. Бул пикирин ал автоунаалардын, квартиралардын сатылышынын кескин басаңдоосу, сооданын кыскарышы, банктардын иппотека үчүн насыя берүүнү токтотушу менен негиздеди.

Жапаров ошондой эле макроэкономикалык бир-эки көрсөткүчкө таянып, Орусиянын экономикасы менен Кыргызстандын экономикасын салыштыруу туура эмес деди:

- Ички дүң продукциянын өсүшүн Орусия менен биздикин салыштырып, мактанууга болбой турган нерсе. Бул макроэкономикалык эле көрсөткүч. Реалдуу түрдө Кыргызстанды системалык кризис каптап келатат. Ошого туруштук бериш керек. Жаңы өкмөт өзүнүн жаңы программасын иштеп чыгып, жумушчу орундарды түзүш керек. Туруп калган машиналарды, үйлөрдү сатууну, иппотеканы кайра жандандырууну чечиш керек. Бир дагы банк ипотека бербей калды.

Экономикалык талдоочу Мейманбек Абдылдаев Кыргызстандын экономикасында реалдуу сектор өспөй жатат дейт:

- Реалдуу экономикага инвестиция келбей, ошого жараша өсүш болбой жатат. Реалдуу экономикада болсо өсүшкө мүмкүнчүлүктөр көп. Ошону көтөрүү менен жалпы экономиканы өстүрүү мүмкүн. А инвестиция болмоюнча реалдуу экономика өспөйт.

Мейманбек Абдылдаев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна үмүт артылып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, узак мөөнөттүк насыя жана долбоорлорду максаттуу каржылоо менен бул фонд экономикага жардам бере алат. Ал эми айыл чарбасы быйылкы жылы дурус финансыланбай калды. Ошондуктан бул тармактын өсүшү да күмөндүү деди Мейманбек Абдылдаев.

Мына ушундай экономикалык шартта Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип баратат. 14-майда өкмөт биримдикке кирүү боюнча декабрь айында кол коюлган келишимди жана 8-майда кол коюлган эки протоколду жактырып, парламентке ратификациялоого жөнөттү. Жогорку Кеңеш ал келишимдерди келерки жумадан тарта карай баштамакчы.

Шайлоо өнөктүгү башталды...

Узап бараткан жумада Кыргызстанда парламенттик шайлоо өнөктүгү бейрасмий түрдө башталды. Шайлоого катышууга бел байлаган партиялар курултайларын чакырып, региондорду кыдырууга активдүү киришти.

12-майда биринчилерден болуп “Өнүгүү” партиясы курултайын өткөрдү. 21-майга “Бүтүн Кыргызстан” партиясы курултайын чакырды.

“Республика Ата Журт” партиясынын лидерлери болсо региондорду кыдырууну баштады. Партия лидерлери 13-майда Талас облусунда болуп, андан кийин Жалал-Абад облусун кыдырууга өтүштү.

“Ата Мекен” партиясы да мына ушундай эле активдүү иш-чараларды көптөн бери жүргүзүп келатат.

КСДП партиясы өзүнө ишенимдүү болуп, өнөктүктү баштай элек. Бирок партиянын чыныгы лидери - президент Алмазбек Атамбаев келерки шайлоого жаңы жүздөр менен барууну көздөп жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Саясат талдоочу Табылды Акеров шайлоо өнөктүгүн баштаган партиялар эл алдынан өтүп коюуну көздөп жатат дейт:

- Бул эми шайлоо жакындаганда элге жакын бололу деген сөз. Эл азыр баарын уга берет. Анан шайлоо күнү жакындаганда кимди шайлоону тандап алат.

Бүгүнкү күнгө карай Юстиция министрлигинен 199 партия каттоодон өткөн. Бирок алардын көпчүлүгү шайлоого катыша албайт. Өз тизмеси менен шайлоого барууну көздөгөн партиялардын катары онго жетпейт. Алардын арасында да биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анткени республика боюнча 7%, ар бир региондон 0.5% босогодон өтүп келүү жеңил эмес.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG