Линктер

бейшемби, 22-август, 2019 Бишкек убактысы 00:05

Апта: Шайлоо өнөктүгү, беренелер талашы


Кыргызстан жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынууда.

Узап бараткан аптада Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгү башталды.

Бишкек шаары баш болгон 25 шаарда жана 416 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо 25-ноябрда болот. Каттоодон өткөн партиялар жана талапкерлер 26-октябрдан тарта үгүт өнөктүгүн башташты.

Жергиликтүү шайлоого да олуттуу көңүл бурула баштады


Жергиликтүү кеңештерге шайлоого саясий партиялар тарабынан буга чейин олуттуу көңүл бурулбай келген болсо, эми кырдаал өзгөрө баштады. Бийлик үчүн күрөшөм деген бир аз дымагы бар саясатчылардан тарта бийликтеги партияларга чейин бул өнөктүккө бүт мүмкүнчүлүгүн буруп калды. Ошого жараша жергиликтүү кеңештерге шайлоо таймаш жагынан президенттик жана парламенттик шайлоодогудан кем болбочудай.

Мындай атаандаштыктын пайда болушуна бир нече фактор себепкер.
Биринчиден, бул мыйзамдык өзгөрүүлөргө байланыштуу. Анткени ал өзгөрүүлөргө жараша жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишкен партия, же талапкерлер тобу жергиликтүү бийлик башчысын шайлоого, кызматтан алууга реалдуу мүмкүнчүлүк алды. Ошого байланыштуу саясий партиялар бул өнөктүктөргө олуттуу мамиле жасап калды.

Ош шаардык кеңешине шайлоо, 4-март, 2012.
Ош шаардык кеңешине шайлоо, 4-март, 2012.
Экинчиден, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишүү менен партиялар жер-жерлерде бекемделип, келечектеги президенттик, парламенттик шайлоодо ийгиликке жетишүүнүн пайдубалын түптөйт .

Үчүнчүдөн, партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу менен жергиликтүү калк менен жакындашып, борбордук эле эмес, жалпы элдик партияга айланууга мүмкүнчүлүк алат.

Ошондуктан март айында Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо абдан курч жана атаандаштык мүнөздө өттү.

Күзгү шайлоо да андан кем калбайт. Өзгөчө Бишкек шаардык кеңеши үчүн күрөш курч болору айкын. Анткени борбордо жеңип чыгуунун мааниси чоң. Дал ошол себептен күчтүү партиялар борборго өзгөчө көңүл буруп, бүт ресурстарын жумшоого даяр турушат.

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов ордо калаа кеңеши үчүн күрөшкө чыккан 23 партиянын баары катталганын айтты:

- 23 партия талапкерлердин тизмесин бизге сунуштады. Биз ошол 23 партиянын баарын каттадык. Бардык партияларга бирдей мамиле жасайлы, кайсы бир партияга артыкчылык бербейли дедик.

Бишкек шаардык кеңеши үчүн күрөштө КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекендин” ортосунда курч таймаш болору күтүлөт. Анткени бул партиялар адам, финансы ресурстары жана белгилүүлүгү боюнча бири-бирине тең келет.

Албетте, булардан сырткары жаңы ысымдар, күчтөр менен чыгып жаткан партиялар Каракол, Токмок жана Оштогудай “сюрприз” жасашы да ыктымал. Бийликтеги белгилүү жана белдүү партиялар бул үч шаарда жеңилүү ызасын тартып калган.

Бул ирет андай кокустуктарга жол бербеш үчүн даярдыктыктар катуу көрүлдү. Партиялык тизмелерге капчыктуулар жана атактуулар аянбай тартылды. Маселен, КСДПнын тизмесине Дордой базар империясынын капчыктуу беш-алты талапкери, Роман Шиндин уулу Сергей Шин, Осмонбек Артыкбаевдин тууганы Субанбек Артыкбаев деген байлар тартылды.

“Ар-намыс” генерал Өмүрбек Суваналиевди туу башына, ал эми Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдырасулованы алдыңкы орундардын бирине койду.

“Республика” мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним артса, “Ата Мекен” Жогорку Кеңештин депутаттары Жоомарт Сапарбаев менен Наталья Никитенкону алып чыкты.

Экономика да, ишкерликке шарт да аксап калды

Апрель ыңкылабынан кийин келген бийлик экономика жагынан ийгиликке жетише албай келатат. Бюджеттин тартыштыгы көбөйгөндөн-көбөйүп, өкмөт корголгон беренелер боюнча да төлөмдөрдү төлөй албай калуу корунучу жөнүндө айта баштады. Бул деген айлык акы жана пенсияларды өз убагында берүүгө да өкмөттө мүмкүнчүлүк азайып баратканынан кабар берет.

Ыңкылаптан кийин өкмөт башына келген, азыркы президент Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан ишкерлер үчүн бейиш болуш керек” деп билдирген жайы бар эле. Бирок ишкерликке шарт түзүү жагынан өкмөттүн саясаты кедерине кетип, Кыргызстан позициясын жоготууда.

Ишкерлик үчүн түзүлгөн шартты иликтеген Дүйнөлүк банктын Doing Business рейтинги боюнча Кыргызстан артка кетип, быйылкы жылы 70-орунду алган. Doing Business баяндамасын даярдаган авторлордун бири Теа Трамбиктин айтымында, Кыргызстанда ишкерликти жеңилдетүү боюнча кандайдыр бир реформалар жүрбөй калды. Төмөнкү көрсөткүчтүн себеби ушул жакта.

Мурунку бийлик учурунда даректүү аракеттер жана реформалардын натыйжасында Doing Business боюнча Кыргызстандын көрсөткүчү көтөрүлүп, алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошулган эле.

Экономист Мейманбек Абдылдаев өлкөдөгү саясий туруксуздук жана бийлик бутактарынын эриш-аркак иштей албоосу ушундай натыйжага алып келип жатат деп эсептейт:

- Өкмөт да, президент да саясий иштер менен алек болуп, нукура экономикалык маселелерге жетпей жатат. Экинчиден, чынын айтсам, биздин экономисттердин сабаты дагы начар болуп жатат. Терең билишпейт. Экономиканы көтөрүү үчүн долбоолор түзүлүш керек. Бир чараны көрүп, анын кесепети кандай болоорун талдап, ага каршы чараларды көрө билиш керек.

Абдылдаевдин айтымында, ишкерлерди узак мөөнөттүк насыялар, ишканаларды жабдуулар менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлгөн жок.

Өмүрбек Бабановдун өкмөтү ишкерликти жеңилдетүү боюнча бир катар максаттарды коюп, бирок анысы көбүнчө популизмге айланып калды. Ал эми мурунку бийлик учурунда чын эле ишкерликке шарт түзүү боюнча дурус иштер болгон эле деп кошумчалады Абдылдаев:

-Аябай жакшы иштер болгон. Ал кезде Бакиевдин жеке бийлиги чыңдалган менен экономикалык жактан жакшы чаралар көрүлүп келаткан. Ошондуктан ички дүң продукция өсүп, инвесторлор келе баштаган. Саясий абал туруктуу болуп бараткан. Бирок бир кишинин бийлиги күчөп келаткан эле.

Жаш ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Руслан Акматбектин пикиринде, бийликте ишкерликке шартты жеңилдетүү маселесин көтөрүлүп, бирок өкмөттүн тез-тез алмашууларынан улам алар ишке ашпай калып жатат. Ошондуктан учурда ишкерлер өздөрү менен өздөрү болуп калышты.

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү ишкерликке шарт түзүү сыяктуу маселелерди азыраак айтып, бирок мурунку өкмөттөй эле оор экономикалык абалдан чыгуу үчүн тоо-кен тармагына артыкчылык берүүдө. Бул өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин Жалал-Абад облусуна сапарында алтын кендери калтырбай кыдыруусунан, жаңы кендерди ачык аукциондо сатуу боюнча иштерди кайрадан өткөрүү жана Кумтөргө айтылган сындарга карабай, аны иштетүү аракетинен көрүнүп турат.

Беренелер боюнча талаш токтой элек

Бийлик менен оппозициянын тирешүүсү, ачкачылык жана жүрүштөрдүн арааны узап бараткан жумада басаңдады. Ал эмес генерал Кубатбек Кожоналиев үй камагына чыгарылды. Бирок ошол эле учурда Кожоналиевдин террорчу топтор менен байланыш мүмкүнчүлүгү айтылып, бийлик “чеңгээли” бошоңдобогону байкалды.

Курманбек Бакиевдин учурунда чындыкты айтам деп, жети жылга кесилген Исмаил Исаков президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Ал президентке кайрылуусунда 3-октябрдагы митингдин катышуучулары мыйзамсыз камалганын белгиледи. Исмаил Исаковдун айтымында, прокуратура кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 295 беренесин депутаттарды камакка алуу үчүн колдонду:

- Ошол 295 беренени мен айтып берейин, “бийликти Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен күчкө салып, тартып алганда” деп жазылган. Бул жерде эч ким бийликти тартып алган жок. “Же бийлик күч менен кармалып турганда” деп жазылган. Бийликти ким күч менен кармап турду? Мына ошондуктан прокуратура Жогорку Кеңештен депутаттарды камоого уруксат алуудан качып, аларды камап коюшту. Муну менен камалгандарды коркутабыз, оозун жабабыз дегенге шарт туздү. Прокуратура мыйзамдардын так аткарылышын камсыздайт деген Баш мыйзамдын 104-беренесин бузушту. Бул үчүн жооп бериш керек.

Исмаил Исаков Камчыбек Ташиевдин аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 297 беренеси менен териштирүү туура болот деген пикирде. Ал ошондой эле мыйзамдарды тандалып колдонулуп жатканы Акаев жана Бакиев мезгилин эске саларын эскерткен.

Депутаттарга кылмыш ишин ачкан башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев 3-октябрдагы окуя боюнча кылмыш иши мыйзам чегинде козголгонун, мындай чаралар көрүлбөсө мамлекетте тартип болбошун белгилейт:

- 2005-жылы, андан кийин да ушундайлар болду. Бирок биз качанга чейин ушинтип жүрө беребиз? Мүмкүн мыйзамдуулукка келишибиз керектир! Болду эми токтотолу, таза иштейли деген ойдон келип жатат бул чаралардын баары. Президент шайлангандан кийин, парламент тандалгандан кайрадан эле ушундай кадамдарга баруу туура эмес.

Нурлан Жээналиевдин айтымында, 3-октябрдагы митингдин катышуучуларынын аракети Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренеси “кылмыш жасоого аракеттенүү” жана 295, 297-беренелерине туура келет. Ошол мыйзам беренелерине жараша чаралар көрүлдү.

Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо прокуратуранын чечимдери алар кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып жатканынан кабар берет деген пикирде болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG