Улуттук университеттин ректорлугуна былтыр апрел окуяларынан кийин дайындалган Аалыбек Акуновдун ордуна ушул эле окуу жайда көп жылдан бери иштеп келаткан Искендер Исамидинов дайындалды. Эң түптүү саналган бул окуу жайдын жетекчисинин кызматы саясый салмакка ээ, ошондуктан серепчилер бул жүрүштү алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырууда.
Акунов эмнеден жазды?
Ошентип Кыргызстандын негизги саналган окуу жайындагы күдүк сөздөргө чекит коюлду. Жаңы жетекчини окуу жайдын жамаатына билим берүү жана илим министри Канат Садыков тааныштырды.
Садыков мурдагы ректор Аалыбек Акунов университеттин жамаатынын айрым өкүлдөрүнөн келип түшкөн арыздардын негизинде кызматтан алынганын айтып, “министр өз кишисин алып келип жатат” деген кептер чындыкка жатпай турганын “Азаттыкка” билдирди:
- Жамааттан түшкөн сунуштарды, өзүнүн тажрыйбасын жана жаматтагы авторитетин эске алып, ушул кишиге токтолдук. Анткени биринчи максат – жаматты бөлүп-жарбай, татаал убакта бир багыт менен жакшы чыгып кетүү. Улуттук университетте ушул жерде жүргөн адамдардын баары мага жакын адамдар. Эгер башкасын сунуштасам деле бул дагы жакын адамы экен деп айтышат.
Жаңы ректор Искендер Исамидинов реформаны оболу жааматтын ынтымагын бекемдөөдөн баштайм деп кыскача гана айтуу менен чектелди.
- Оболу иш жакшы болуш үчүн ынтымактан башташ керек. Ынтымак болгондо гана реформаң дагы ишке ашат, баары тең болот.
Аталган университеттин кадрлар башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, Акунов Эмгек кодексинин 83-беренесинин 11-пунктуна ылайык кызматтан алынган. Бул беренеде жетекчи катары бир нече жолу эмгек милдеттерин одоно бузган деп жазылган.
Университетте окуудан тышкары иштер боюнча проректор болуп иштеген Жеңишбек Акматов окутуучу жамааттын бардыгы эле Аалыбек Акуновго каршы пикирде эместигин 12-июлда маалымат жыйында билдирген болчу.
- Убагында алар дагы жетекчи болушкан. Бирок ал убакта алар ушундай алгылыктуу иштерди кыла албагандыктан, “менден бул жакшы иш кылып атат” дегендей ойлор аларды уктатпай жатабы деп ойлойм. Башка алардын койгон жүйөөлүү себептери жок.
Мурдагы ректор Аалыбек Акунов болсо кызматтан алынышын негизсиз деп эсептеп, муну саясий куугунтук катары бааларын айтууда.
Ректор алмаштыруу президенттик шайлоого байланыштуубу?
Соңку кездерде өлкөдөгү бир катар кадрдык алмаштыруулар арасынан улуттук университеттин ректорун алмаштыруу коомдун бөтөнчө бүйүрүн кызытууда. Эмнеге дегенде, серепчилердин баамында, университеттин ректору саясий кызмат болуп саналат.
Билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков бул алмаштырууну шайлоо оюндары катары сыпаттады.
- Шайлоонун так күнү белгиленген менен өзгөчө өлкөнүн аймактарында, укук коргоо органдарында, Кыргызстандагы бирден бир университетте кескин кадрдык өзгөрүүлөрдүн жүрүшү шайлоонун шайтан оюндарынын башталышынан кабар берет. Тилекке каршы бир эле жылда бийликте отургандар жаңырып, чынында элдин көйгөйлөрүн түшүнүп, анык демократиялык жолго түшө албай жатабыз. Деги эле Кыргызстан укуктук-демократиялык жолго бет алган менен маанилүү бир кызматтардын шайланбастан дайындалышы ушуга алып келип атат. Бул ыкчам демократиялык процесстердин калыптанышына терс таасирин тийгизип жатат. Саясий партиялардын учурунда өтө таасирдүү орунда турган адамдарды ойнотуп эле, соодалашуу жүрүп жаткандай түр калтырат.
Акунов былтыркы апрель окуяларынан кийин президент Роза Отунбаеванын жардыгы менен ректор болуп дайындалган. Быйыл жаздан тарта бул ректордун тегерегинде ар кандай аңыз кептер жергиликтүү маалымат каражаттарына чыга баштаган. Мурдараак окуу жайдын айрым өкүлдөрү жана студенттери Аалыбек Акунов кадрдык саясатты туура эмес жүргүзөт деген ураан менен митингге чыгышкан.
Кыргызстанда 1931-жылы түптөлгөн Улуттук университетте азыр 24 миңге чукул студент окуп, 2 миңден ашуун мугалим эмгектенет. Акыркы беш жылда бул окуу жайда ушуну менен алтынчы ректор алмашып отурат.