Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Шамил Мурат: Аким шайлоодо акча ойноду


Таластын үч районунда жаңы шайланган акимдерге нааразылыктар чыгууда.

Шайлоого байкоо салган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Таластагы өкүлү Шамил Муратты кепке тарттык.

“Азаттык”:
Таласта эл шайланган акимдерге нааразы болуп жатышкан экен. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган. Алардын нааразылыгы канчалык жөндүү болуп атат?

Шамил Мурат: Элдин айтымына караганда, шайланган акимдерди алар билбей калган, аларга маалымдалбай калган. Андан тышкары Кара-Буура районунун азыркы шайланган акими мурда Бакиев убагында аким болуп иштеген. Ал экс-президент Роза Отунбаева келгенде жумуртка менен урдурткан экен. Ошондуктан эл нааразы болууда. Мындан сырткары Бакай-Ата районунун акими Осмоналиев деген мурунку бийликте акимдин орун басары болгон. Элдин айтуусуна караганда, ыңкылап учурунда эл тарабынан кубаланып чыгарылган экен. Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун акимдери үчөө тең “Республика” партиясына караштуу адамдар болуп атат. Элдин нааразылыгынын жараткан дагы бир нерсе ушул болууда. Алар “Бабанов эл жактырбаган, мурдагы бийликте иштеген адамдарды сунуштап, Бакиевдин адамдарын кайра алып келеби” деп айтышууда.

“Азаттык”: Сиз бүгүнкү шайланган акимдерди эл билбей калган деп айттыңыз. Эгер билсе болтурбай коюшмак бекен?

Шамил Мурат: Жергиликтүү тургундар райондук кеңештин депутаттары шайлоодон алдың эл менен кеңешиш керек эле деп айтышууда. Анткени “ар бир райондон үчтөн талапкер сунушталган экен, алардын ичинен эл менен иштешкен, таза талапкер сунушталмак деп” нааразы болуп жатышат.

“Азаттык”: Сиздер шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жатасыздар. Коомчулукта добуш сатып алуу болуп атат, 3-4 миң долларга чыкты деген сөздөр бар. Ушундай жагдайларды байкай алдыңыздарбы?

Шамил Мурат: Элдин көбү эле айтышууда. Бирок колдон кармап алган жерибиз жок. Керек болсо депутаттар менен чогуу иштешкен адамдар деле “сатып алуулар болуп атат, акчалуулар шайланып атат” деп эле айтып жатышат. УКМКнын кызматкерлери ушуну эмне карабайт, элдин бардыгы билип, алар эмнеге билбейт деген дагы нааразылыктар бар.

“Азаттык: Негизи нааразы болгондор арасында аким ишине карап дайыдалсын деген пикирлер арбынбы, же дагы эле тууган, жердеш, тааныш маселеси жогору болуп жатабы?

Шамил Мурат: Бул жерде таанышчылык, тууганчылык дагы бар. Бирок элдин айтымында, акчанын, паранын ролу көбүрөөк болуп кетип атат.

XS
SM
MD
LG