Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Касам ичип, карганышкан партиялар...


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт

Шайлоого аттанган партиялар талапкерлерди тизмеге кошуунун эле эмес, аларды кийин зарылчылык болсо кайра чыгаруунун да амалдарын издөөдө.

Айрымдары эгер жетиштүү добуш албай калса, мандатын тапшыруу тууралуу жөн гана жигиттик келишим түзсө, экинчи бирөөлөрү кудайды, баласын айтып карганууга чейин барышууда.

Каргантып ант берүү жагынан “Республика - Ата-Журт” партиясы баарынан озуп кеткендей. Аталган партиянын тизмеси менен бараткан талапкерлер эгер жетиштүү добуш топтой албай калышса, өз эрки менен кетерин, депутат болуп калса фракциянын айтканынан чыкпай турганын ырастап, убада беришти. Аны менен эле тим болушпай, кудай алдында деп, баласын айтып ант кармашты. Партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов “Азаттыктагы” маегинде муну саясий жоопкерчилик катары түшүндүрдү:

- Эгер ал сөзүнө турбаса, ошол эки сөз ишке ашат. Биз муну анын абийирине койдук. Эгер ал айтканын аткарса, каргыш тийбейт. Экинчиден, биз саясий жоопкерчиликти жогорулатып жатабыз. Бийликке келген адамдар да “мен акча албайм, акча алсам Кудай урсун, баламдын жакшылыгын көрбөй калайын” деп карганып ант беришсе, бийлик да тазаланмак.

Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

Башка партиялар карганып ант кармашпаса да жигиттик келишим түзүп жатышат. Мындай демилге "Кыргызстан" партиясында да бар экенин аталган партиядан талапкер Дастан Жумабеков билдирди:

- Биз эми жазуу түрүндө шерттеше элекпиз. Антип антташпасак деле керек. Бирок талапкерлердин баары эле эгер добуш ала албай калсак ордубузду бошотуп беребиз деп айтып жатышат.

Эмнеси болсо да “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп жаткандай. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев буга чейинки парламенттик шайлоодо “Республика” партиясында жетиштүү добуш топтой албай калгандар ордун бошотот деп макулдашканы менен шартка көнбөгөндөр болгонуна токтолду.

- Мурунку шайлоодо деле “Республика” партиясынын өзүндө ушул көрүнүш болгон. Мындайды башка эч ким колдонгон эмес. Баарынан милдеттенме алдырып, кагазга кол койдуруп алган. Айрымдары ошентип кол коюп берип, сөзүнө туруп чыгып кеткен. Бир-экөө анча-мынча чыр кылып, ордун бербей койгон. Ушундай жугуштуу дарт азыр бүт бардык партияга тарады. Азыр баары ошондой кагазга кол койдуруп алып жатышат. Мунун баары мыйзамга туура келбейт.

“Азаттык” партиясынын тизмесинде сап башында кетип жаткан Азимбек Бекназаров саясаттагы антташууну сынга алды:

- Мындай шерттешүү, туз жалашуу идеялык жактан бир эмес, бири-бирине ишенбеген саясатчылардын ортосунда боло турган нерсе. Бул туура эмес. 2010-жылы деле ушинтип антташкандарын билем. Айрыкча “атажуртчулар" ушуга барган. Аягы эмне менен бүткөнү белгилүү да. Мен алардын өздөрүнө деле “ушул антташкандан этият болсоңорчу, саясатка аралаштырбасаңарчы” деп айткам. Бизде болсо антташмайлар жок. Биз деген бири-бирибизди 10-20 жылдан бери билебиз да.

Шайлоо. Бюллетенди эсептөө. 2010-жыл
Шайлоо. Бюллетенди эсептөө. 2010-жыл

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова бул көрүнүштү шайлоодо партиялардын программасына карап добуш берүү өндүү саясий маданияттын калыптана электиги менен түшүндүрдү. Анткен менен, антташууну партиянын ич ара маселеси деп атады:

- Азыр биз андай маданиятка жете элекпиз. Балким буга дагы убакыт керектир. Кийинки шайлоодо мындай иштердин туура эмес экенин аңдап, балким колдонбой калышар. Бирок азыр адамдар ошондойго барып жатса, партиялардын карганып ант бергиле деген шартына көнүп атса - анда бул ошол адамдардын, ошол партиянын өз иши, биз аларга каршы эч нерсе кыла албайбыз.

Биз антташуунун шарияттагы жол-жобосун эксперт, диний аалым Зайнабидин Ажымаматовдон сурадык. Ал ант Кудайдын атынан гана айтыларын белгиледи:

- Ислам дининде “баламдын жакшылыгын көрбөй калайын, нан урсун, туз урсун” дегенге шарыятыбыз уруксат бербейт. “Кудай урсун” деген аябай оор сөз. Эгер ант бергидей маселе болуп калса “Алла үчүн ант беремин” деп койсо эле жетиштүү. Ал эми “Алла урсун” деген сөз оорураак сөз.

Ал арада биринен сала бири курултайга чогулган партиялардан “Замандаш” партиясы өзгөчөлөнгөндөй болду. Партиянын маалымат катчысы Болот Абдыжапаров талапкерлердин ак колгап кийип, кол чаап отурганын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Кыргыз элинде ак түс тазалыктын, аруулуктун символу катары каралат. Ошондуктан ак колгап кийип, биздин колубуз ак деп баса белгиледик. Тизмени түзүүдө да ушул принцип колдонулду. Мурдагы бийликке аралашкан же коррупция боюнча аты аталган, жаманатты болгон, артынан жаман сөз ээрчиткен саясатчыларды кошкон жокпуз.

Азырынча шайлоо үгүтү расмий баштала элек. Айрым талдоочулар ал бир топ саамалык, күтүүсүз ураандар менен коштолорун белгилеп жатышат. Эмнеси болсо да, бул шайлоодо кыргыз саясатынын өзгөчөлүгү көрүнө турган болуп калды.

XS
SM
MD
LG