Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:53

“Ата Мекен" Мадумаров үчүн БШК каарына калды


Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаров катышкан дебат.
Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаров катышкан дебат.

БШК “Ата Мекен” партиясына “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясынын талапкери Адахан Мадумаров тууралуу он мүнөттүк видеону КТРКдан жарнамалык негизде көргөзгөнү үчүн эскертүү берди.

БШК үгүт өнөктүгү учурунда Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун "Ата Мекенди" колдоо тууралуу видео кайрылуусун көргөзүүгө тыюу салды. “Ата Мекен” партиясы БШКнын бул аракетин аша чабуу катары баалап, ал видео тасмаларда үгүт эрежесин бузган эч нерсе жок экенин жарыялады. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ал чечимдерин тескерисинче үгүт эрежелери менен байланыштырды.

Соңку тиреш соңуна чыгууда...

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаровдун саясий бейнеси тууралуу видео тасманын көргөзүлүшү боюнча “Ата Мекен” партиясына жана Коомдук биринчи каналга эскертүү берди. Аталган видео тасмада Адахан Мадумаровдун мурдагы президенттин иниси Жаныбек Бакиевдин юбилейиндеги сүйлөгөнү жана анын 7-апрелде окко учкан жарандарды "жырткычтар" деп атаган сөзү камтылган. БШК өзүнүн эскертүүсүн тасманы көргөзүү аны менен алдын- ала макулдашылган эмес деп негиздеген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова бул жагдай туурасында буга токтолду:

- “Ата Мекен” партиясына кечээги жыйында эскертүү бердик. Анткени анын үгүт иштерди эрежени бузуу менен жүргүзгөнү боюнча арыз түшкөн. Мадумаров тууралуу көрсөтүлгөн видео тасмада анын абройуна шек келтирилип жатканы айтылган. Мына ушундай нерселер болбош үчүн шайлоо өнөктүгүнүн алдында бул партиялар өз ара этикалык кодексти сактоого дагы кол коюшкан болчу.

Ошол эле кезде “Ата Мекен” партиясы бул эскертүүдөн кийин аталган видео тасманы кайталап көрсөтүүгө уруксат берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайра кат жолдоду. Анда партия бул видео тасмадагы маалыматтардын чындык экенин жана анын бардыгы Мадумаровдун өз оозу менен айтылганын жүйө келтирген. “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев эскертүү негизсиз берилгенин айтты:

- БШК өз эскертүүсүн эч кандай негиздей алган жок. Анан Борбордук шайлоо комиссиясына чоң капчыктуу Салымбеков кирип чыккандан кийин эле аларың мына ошентип өзгөрүп калды. Менин бир билгеним: шайлоодо чындыкты эч ким жашырууга акысы жок. Анткени "чындык айтылса, адамдын чыныгы жүзү ачылса коомчулук үчүн пайда" деген концепция шайлоо мыйзамдарына камтылган. Ошон үчүн БШКнын ал видео тасманы көргөзбөй коюуга акысы жок болчу. Биз бул видеону көрсөтүүнү кайра талап кылабыз. Анткени ал жердеги чындык мына ошол Мадумаровдун оозу менен айтылган.

Ар ким билгенин кылабы?..

Борбордук шайлоо комиссиясынын видео тасма тууралуу “Ата Мекенге” эскертүүсү “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясынын арызынын негизинде берилген. Бул партиянын теңтөрагасы Адахан Мадумаров анын өзү тууралуу аталган видео тасманын көрсөтүлүшүнө карата мындай деп жооп берди:

- Мен ошол эле күнү эртеси өзүмдүн жообумду бергемин. Ошондо эле “Текебаев мына ошентип кыйкырганына кандай карайсыз?” деген суроого мен “түндө уктап жатсаң, ит үрө берсе, үрө берсе, аны барып артынан урушпайсың да, туурабы” дегенмин. Бүттү, ушуну менен эле белгилүү да. Ал эми билгенин кылып алсын. Түшүндүңбү?..

Борбордук шайлоо комиссиясы кокустан эле Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун видео кайрылуусун Коомдук биринчи каналдан көргөзүүгө 1-октябрда тыюу салды. Анткени 28-сентябрь күнү БШКнын жумушчу тобу ал кайрылууну көрсөтүүгө макулдугун берген болчу. “Ата Мекендин” юристтери тизмеден чийилген талапкер Мырзакматовдун ал партияны үгүттөөсү мыйзамга каршы келбесин эскертишкен.

Ошол эле кезде БШК КСДП партиясы үгүт эрежесин бузуп жатканы тууралуу башка партиялардын дооматын канааттандыруусуз калтырган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, 2-октябрь күнү саясий партиялардын үгүт өнөктүгү түнкү саат он экиде токтотулат. Шайлоого бир күн калганда жымжырттык күнү деп жарыяланып, үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG