Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Теледебатта партиялар стратегиясын айталбады


КТРКнын дебат өтчү студиясы
КТРКнын дебат өтчү студиясы

Эксперттер "Бир Бол", КСДП, "Мекен ынтымагы" партияларынын лидерлерин телетаймашта бири-бирине асылган суроолорго көбүрөөк басым жасады деп сындашууда.

Коомдук каналда 25-сентябрда башталган алгачкы телетаймашка “Бир Бол” партиясынан Мыктыбек Абдылдаев, Социал-демократтардан Чыныбай Турсунбеков жана “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков чыкты.

Үч бөлүктө өткөн дебатта шайлоого аттанган партиялардын жасаган иши, убадалары, саясий жана экономикалык жактан өлкөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган пландары тууралуу сөз болбогонун эксперттер сынга алышууда.

Мисалы, КСДП лидери Чыныбай Турсунбековго "Бир Бол" партиясынын талапкер Мыктыбек Абдылдаев:

- Сиз 2010-жылы Кыргызстанда бай адам элеңиз. 2015-жылы өтө бай адам болдуңуз. Анткени төрт жыл ичинде сиз мурунку байлыкка дагы байлыктарды коштуңуз. Арак заводун, банкты туугандарыңыз менен алдыңыз. Ушунун баары президенттин коррупция боюнча саясатына туура келбей жатат окшойт. Ушундан улам КСДПнын 1-орунун албай эле кой деп эч ким айткан жокпу?, - деген суроо берди.

КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков буга "коррупциядан алысмын. Чыныгы коррупционерлер кайда отурганын сиз жакшы билесиз. Күнөөм жок үчүн эч ким мага тоскоолдук кылган жок" деп жооп узатты.

“Бир Болдун” жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев айрым партиялаштарына козголгон кылмыш иштери, тизме түзүүдөгү принциптер боюнча сураганда "Мен мындай түшүндүм, бизге берилген суроолордун баары криминал түрүндө экен" деп баа берип, дебаттын алып баруучусу Алмаз Касымалиевге берген соболу айыптоо формасында экенин эскертип өттү.

“Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун дарегине шайлоо өнөктүгүндө гана пайда болгон саясатчы деген сын айтылып, партияны Орусия каржылайбы деген суроо узатылды. Асанбеков буга:

- Орусиянын өкүлү бүгүнкү күнү бийлик бутактарында туруп, стратегиялык экономикалык багытта “Русгидро”, “Газпром” сыяктуу эң баалуу экономикалык тармакта кол коюп жаткан бийликтин саясий чечимдери. Ошолордон сураса болот. Менин эч кандай долбоорго тиешем жок, - деди.

“Бир Бол” партиясынан Мыктыбек Абдылдаев, Социал-демократтардан Чыныбай Турсунбеков жана “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков катышкан телетаймаш. (26.09.2015)

Купулга толбогон телетаймаш

Теледебат эфирге чыгары менен коомчулукта жана социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты. Айрым жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий талдоочулар дебаттын форматын, жандуу талкуу болбогонун жана талапкерлерге бирдей мамиле жасалбаганын сынга алышты.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова буга чейин парламент чечпей кеткен Кумтөр, мөңгүлөр маселеси, ички-тышкы саясатты жүргүзүүдөгү позициялары ачык айтылбай, гезиттерде айтылган ушактар менен чектелди деген оюн билдирди.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

- Дебатта беш жыл ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында кандай конкреттүү иштер жасалат, буга чейин кандай мыйзамдар кабыл алынган, ал эмнеге кабыл алынды, бийликке келсе кандай мыйзамдар кабыл алынат деген суроолорго жооп күткөм. Журналист Алмаз Касымалиев кичине курчураак, чукулап суроолорду берип жатты. Бирок экинчисинин суроолору жакшы болгон жок, мындайча айтканда партияларга калыс боло албай коюшту.

Дебатка күбө болгон жарандык активист жана коомдук ишмер Эдил Байсалов телетаймаштын форматын сынга алып, өз пикирин ортого салды:

- Телетаймаштарда партиялар бири-бирине суроо берет, калптарын чыгарып, бул туура, бул туура эмес деп, башкача айтканда, кызыл чеке талаш болушу керек эле. Кечээги дебатта андайды көрө алган жокпуз. Башынан эле модераторлор катуу-катуу суроолорду берди, мисалы “Бир Болго” тизмеде баланча адам бар экен, Акаев, Бакиев тушундагы Кубанычбек Жумалиев, Пирматов, Чудинов бар экен дегенге бир сыйра жооп берди. Ошол эле нерсе кайра видео суроолордо кайталанып атат. Партиялардын ортосунда кандай айырма бар экенин биз биле алган жокпуз. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүктү бизге түзүп бере алышкан жок. Бул жасалма, формалдуу, үстүртөн, терең эмес берүү болуп калганы өкүнүчтүү.

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

Анткен менен дебат кандай форматта болбосун партиялардын же лидерлердин жүзүн ачып, калпын жана бийликке келгендеги мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмүн көрсөтүп бере алды деген пикирлер да жок эмес. Ушундай пикирди кармангандардын бири ишкер Эмил Үмөталиев:

- Ар бир дебат плюрализмди жана элдин мамлекетти көзөмөлдөө аракетинин керектүү кадамдары. Ошондуктан мен дебатты күткөм, мындай таймаштар керек. Экинчиден, бул дебаттар өз максатын аткара баштады. Бийликтин эки жүздүүлүгү, же жашырган кемчиликтерин, же жашырган ниеттерин ача баштайт. Эгерде элибиз билимдүү болсо анда алардын калпы да, ашыкча берген убадалары да көрүнүп калат. Бийликке барабыз дегендердин мүмкүнчүлүктөрү жана кемчиликтери бул телетаймашта дагы ачылды.

Коомдук каналдагы партия лидерлеринин теледебаты 25инен 29-сентябрга чейин уланат. Бүгүн кечинде (26-сентябрда) “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана "Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партияларынын лидерлери телетаймашка чыгат. Буга чейин чүчүкулак боюнча, 27-сентябрда “Ар-намыс”, “Замандаш”, “Республика Ата-Журт”, 28-сентябрь күнү “Азаттык”, “Кыргызстан”, “Улуу Кыргызстан”, 29-сентябрда “Аалам” жана “Кыргызстан элдеринин конгресси” телетаймашка чыкмакчы.

Кыргызстандын эли 4-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлайт. Депутаттык мандат үчүн 14 партия ат салышууда.

XS
SM
MD
LG