Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Алдакулов: Акимдердин колу-буту тушалуу


Акимдерде кандай укук, милдеттер бар? “Азаттыктын” суроолоруна серепчи, журналист Тургунбай Алдакулов жооп берди.

- Бүгүнкү аким ким? Анда бийлик барбы?

- Жаңы келген өкмөттүн аракети менен шайланып келген акимдерге жыйырма жылдан бери топтолуп калган өтө көйгөйлүү маселелерди чечүү милдети жүктөлүп жатат. Алардын бардыгын өкмөт бүгүн сынап, жаңы шайланып келген акимдерди милдеттендирди. Бирок алардын көпчүлүгүн, дээрлик баарын десек да жаңылышпайбыз, аткарууга азыр акимдердин укуктары чектелүү. Анткени азыр райондордо өкмөттүк, республикалык деңгээлде гана чечилүүчү маселелер толтура.

- Премьер-министр Өмүрбек Бабанов акимдерге элди ынтымак-ырашкерликти бекемдөө, сырттан инвестиция тартуу талаптарын койду. Мына ушул тапшырмаларды аткаруу акимдердин колунан келеби?

- Дал ушул инвестицияларды тартуу маселесин жергиликтүү акимдер эч убакта чече албайт. Анткени бүгүнкү күндө түрдүү кен байлыктарынын, өндүрүш ишканаларынын ээлери парламентте отурат.

Экинчиден, алардын мыйзамдарын, кызыкчылыктарын коргой турган бийлик структуралары да акимдердин деңгээлинде маселе чечүүгө тоскоолдук кылат. Мындан тышкары стабилдүүлүк да чоң роль ойнойт.

Андан кийин жергиликтүү деңгээлдеги улут аралык мамилени чыңдоо, элдин мобилизациясын жүзөгө ашыруу да акимдерге жүктөп атат. Муну аткаруу үчүн акимдердин колунда укук менен катар эле материалдык мүмкүнчүлүктөр да болушу керек. Ошол эле мезгилде өкмөттүн бюджетти эки тепкичтүү кылып өзгөртөбүз деген демилгеси да акимдердин алдына коюлган тапшырмаларын аткаруусуна чектөө киргизип койот. Себеби каржылоо маселеси жергиликтүү менталитетке ылайык көптөгөн маселелерди чечүүдө чоң роль ойнойт.

- Акимдерди шайлоонун ызы-чуусу дагы деле басаңдай элек, сиздин көз карашыңызча акимдерди шайлоо өзүн актадыбы?

- Актады деп айтууга азырынча эрте. Анткени акимдерди шайлаган депутаттардын өздөрү качан шайланган, кантип шайланган деген маселени караш керек. Аларды шайлап жаткан убакта эл келечегинде бул депутаттар акимди шайларын, керек болсо кийинки тагдырын чече турган инсанды бекитерин билген эмес, бул боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан азыр парламенттеги капчыктуу депутаттар, бийликтеги фракциялар акимдерди шайлоого өтө катуу таасир этти деген пикир коомчулукта бар.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG