Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Апта: Жоомарт Оторбаев "өз жолун" тандады...


Энергетика министрлигине Кубанычбек Турдубаевди бекитүүдө "Ата Мекен" партиясы менен анын талапкери саналып жүргөн Жоомарт Оторбаевдин пикири эки ача чыкты.
Энергетика министрлигине Кубанычбек Турдубаевди бекитүүдө "Ата Мекен" партиясы менен анын талапкери саналып жүргөн Жоомарт Оторбаевдин пикири эки ача чыкты.

Узап бараткан жумада соттолгондугуна карабай Жогорку Кеңеш Кубанычбек Турдубаевди энергетика жана өнөр жай министрлигине бекитсе, “Ата Журт” жана “Республика” партиялары бирикти.

Ж.Оторбаев өз фракциясын укпай койду...

23-октябрда Жогорку Кеңеш Кубанычбек Турдубаевди Энергетика жана өнөр жай министрлигине бекитүүгө макулдугун берди. Андан соң президент аны өз жардыгы менен кызматка бекитти. Ал боло турган иш эле. Анткени президент Атамбаев өзү Турдубаевдин талапкерлигин соттолгонуна карабай колдоп чыккан.

Турдубаев энергетика тармагындагы жоготууларды алдоо менен кыскартып, анысы үчүн сот жообуна тартылып, бирок мунапыс менен кийинчерээк акталганы Жогорку Кеңеште өткөн жумада маалым болду. Мына ушул жагдай “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кескин каршылыгын жаратып, фракция Турдубаевге каршы добушун берерин билдирген. Текебаев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кайрылып, Турдубаевдин талапкерлигин чакырып алууну сунуштады.

Кубанычбек Турдубаев
Кубанычбек Турдубаев

Бирок “Ата Мекендин” кадры деп эсептелип келген Оторбаев тескерисинче, депутаттарды Турдубаевди колдоого чакырды. Мына ошону менен Жоомарт Оторбаев “Ата Мекендин” эмес, президенттин таасиринде турган өкмөт башчы экенин дагы бир жолу тастыктады.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясы дагы бир оор тандоо алдында калды. Фракцияны башкаруучу коалициядагы өнөктөштөрү колдоодон баш тартты. Мындай шартта алар менен мындан ары бир болуунун келечеги маселе жаратары турган иш. Фракция бул маселени 24-октябрдагы жабык жыйында талкуулап, бирок анда коалициядан чыкпоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу маалымдаган фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев Энергетика жана өнөр жай министрлигине соттолгон адамды дайындоодо өкмөт башчынын позициясы такталганын кошумчалады:

- Эми биз түшүндүк. Кимдин каерде эмне иш кылып жатканын, ким анын артында турганы баары түшүнүктүү болду. Ошого жараша тактика, стратегияны аныктай турган болдук. Коалициядан чыгабыз, анан тигинтебиз, минтебиз деп айтпайбыз. Биз ошол жерде чындыктын принциптерин колдоно беребиз.

Кубанычбек Турдубаевдин чырына байланыштуу коалициядан чыгуу “Ата Мекен” үчүн пайдалуу да, пайдасыз да. Бир жагынан кризисттик шартта оппозицияга өтүү саясий упай алуу үчүн ыңгайлуу болсо, экинчи жагынан бардык ресурстардан ажыроо жана бийликтин төө бастысында калуу жакындап келаткан парламенттик шайлоо алдында мүмкүнчүлүктү кыскартат. Ошондуктан азыркы мезгилде “Ата Мекен” “өгүз өлбө, араба сынба” тактикасын колдоно турууну ылайык көргөндөй.

"Республика" менен "Ата Журт" "Республика Ата Журтка" айланды

Коалиция демекчи, коалицияга азыр эле кирүүгө даярдыгын 20-октябрда биригүү курултайын өткөргөн “Республика” жана “Ата Журт” партиялары кыйыр түрдө билдирди. Курултайда “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов президенттин дарегине мактоо жолдоп, калган баарын кескин сынга алды:

- Бүгүн өлкөдө жоопкерсиздик өкүм сүрүүдө. Экономикалык кризиске ким жооп берет? Өкмөттүн тез-тез алмашуусуна ким жооп берет? Өкмөттүн жөндөмсүздүгүнө ким жооп берет? Бир арабаны ар ким ар жакка тарткандай көрүнүш болуп турат. Азыркы энергетикалык кризис боюнча бир депутат, бир фракция кечирим сурадыбы? Парламент жок дегенде өкмөттүн ишине киришпесе, бул чоң жардам болмок. Экинчиден өкмөт да маселелерди чече албай жатат. Энергетикалык каатчылык, газдын жоктугу, көмүр маселеси, Каржы министрлигиндеги коррупция. Өкмөт ыкчам реформаларды жүргүзө албай жатат. Бүгүн президент эле аракет кылып, иштеп жатат.

Соттуулугунун жоюлуусу, дегеле бириккен “Республика Ата Журттун” андан аркы келечеги президенттен көз каранды болуп турганын туйган “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев да мамлекет башчынын дарегине мактоо сөздөрдү аябады:

- Бүгүнкү күндө президентибиз туура, керектүү,өтө зарыл маселелерди, идеяларды сунуштап жатат. Бирок ошол идеялар, ошол сунуштар эмне үчүн турмушка ашпай жатат?

Муну менен Камчыбек Ташиев “биз аны ашырууга даярбыз” деген максатын президентке жолдоду шекилди.

Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев иш жүзүндө Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялардын саясий лидерлери. Бирок лидерлер бийликке, анын башында турган президентке эмес, азыркы Конституцияга, мына ошол Конституциянын негизинде түзүлгөн бийлик системасына оппозицияда экенин ачыкташты.

Өмүрбек Бабановдун айтымында, азыркы бийлик системасы жоопкерсиздикти жаратты. Ошондуктан өлкө Германиядагыдай таза парламенттик, же АКШдагыдай президенттик башкаруу системасын курууга тийиш.

Бийлик системасын өзгөртүү идеясы менен Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдырахманов да буга чейин чыккан. Алар таза парламенттик башкарууга барууну жактаган концепцияны иштеп чыгып, коомчулуктун талкуусуна коюуга аракет жасашты. Бирок талкуу өткөрүүгө бийлик тараптан жасалган тоскоолдуктан улам мүмкүнчүлүк берилбегени маалым.

Бийлик системасын өзгөртүү үчүн Конституция өзгөртүлүш керек. Конституцияны өзгөртүүгө барууну президент Алмазбек Атамбаев да узап бараткан жумада жактады. Бирок ал бийлик системасын өзгөртүү үчүн эмес, сот системасын реформалоо үчүн Конституцияны өзгөртүүгө барууну колдоду.

“Республика Ата Журттун” лидерлеринин мамлекет башчыга карата лоялдуу позициясы президенттин тандоо мүмкүнчүлүгүн арттырат. Ал бир эле азыркы парламентте коалиция түзүүдө эле эмес, келечектеги парламенттик шайлоодо да ким менен бирге болуу, кимге мүмкүнчүлүк берүүдө да тандоону кеңейтет. Алдыда дагы бир катар таасирлүү партиялардын биригүүсү күтүлүп жатат. Бирок алардын бири дагы президентке оппозиция болууга даабай турушат. Алар келечектеги шайлоодо бийликтин таасири баары бир күчтүү болорун сезип, президенттин колтугунда болууга кызыкдар. Ал эми президенттин кемчилигин айткан саясатчыларды саясий майдандан обочолонтуу жана алардын саясий ишмердүүлүктөрүн тушап салуу аракеттери көрүлүп жатат. Азырынча бийликтин мындай тактикасы ишке ашууда. Бирок мамлекеттеги кризистик жагдайлар бийликке оптимисттик маанай тартуулай албайт.

Туташ каптаган кризистер

Саясий жактан президенттин тандоосу кеңири болуп жаткан менен мамлекетте криминалдын төбөгө чыгышы, сомдун курсунун тынымсыз төмөндөөсү, Кумтөр боюнча чатактын ого бетер ырбоосу, энергетикалык кризистин тереңдөөсү бийлик башчыларынын айласын кетирип турат.

Криминал бир эле Ош жергесинде эмес, Ысык-Көлдө, Чүйдө, Нарында ачыктан-ачык бийлигин жүргүзүп, таасирин күчөтүп турган чагы. Маселен, Нарында көмүр кендери каралардын колунда экени эң жогорку деңгээлдерде моюнга алынып, бирок бийликтин аны тазалоого кудурети келбей калды. Ал эми Ысык-Көлдө айрым акимдердин криминалдан таяк эле жеп калбай, өзүнө көр каздырган үрөй учурган фактысы айтылып келатат. Ал эми Ошто прокурор Канжар Кадыралиевдин кыңыр иштери боюнча жергиликтүү тургундардын “Азаттык” аркылуу ачык айтуусу гана бийликти бир аз кыймылга алып келди. Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага бул ишти иликтөөнү, иликтөө учурунда Канжар Кадыралиевди кызматтан четтетип турууну тапшырды. Ага чейин Кадыралиев тарабынан куугунтукка алынганын, сабалганын айтып чыккан ишкер Сактан Келдибаев жана анын жакындарынын арыздары Башкы прокуратураны да, башка тартип коргоо органдарын да кыймылдата алган эмес эле.

Мына ушундай чуулгандуу криминалдык окуялардын каармандарынын артында көбүнесе КСДПнын депутаттары турганы маалым болууда. Маселен, Канжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү. КСДПнын дагы бир мүчөсү ушундай жаңжалдуу окуяга туш болду: ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун агасы Абдыкадыр Асанов маңзат төбөлүн абактан тойго жөнөтүп, кылтакка илинип олтурат. Абдыкадыр Асанов Ошто тергөө абагынын башчысы болуп турган.

Мына ушинтип криминалы төбөгө чыккан Кыргызстанда экономика элдир-селдир болуп, улуттук валюта сомдун курсу кескин төмөндөөдө. Сомдун курсун кармоо үчүн Улуттук банк жыл башынан бери 300 млн. доллардан ашуун интервенция жасаган. Бирок сом ага карабай салмагын жоготуп, азыркы кезде 1 доллар 56 сомдон ашып кетти. 24-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, анда банк системасынын абалы менен катар макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо талкууланган. Бирок тогуз айда импорту 4 млрд. долларга жакындап, ал эми экспорту 1 млрд. доллардын тегерегинде болгон мамлекет үчүн улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу жеңил болбойт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG