Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Акаев: Бакиевди бийликке алып келгениме өкүнөм


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды, 23-март, 2010-жыл
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды, 23-март, 2010-жыл

Март ыңкылабында кулатылган биринчи президент Аскар Акаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктап, кетирген каталары үчүн кечирим сурады.

"Азаттык": Аскар мырза, “Кыргызстан – демократиянын аралчасы” деген ураан алдыга ташталып, бир топ алгылыктуу иштер сиздин учурда жасалды. Ошол принципти аягына чейин карманып, демократ президент бойдон калыш мүмкүнчүлүгү сизде бар болчу. Ошол атты бекемдеш үчүн эки мөөнөт иштеп эле кетип калсаңыз кандай болмок?

Аскар Акаев: Эми тарыхта, карындашым, шарттуу ыңгай болбойт экен. Балким ошол сиз айткандай болсо жакшы эле болмок деп ойлойм.

"Азаттык": Азыркы Кыргызстандын күчтүү жана өксүк жактары кайсы деп ойлойсуз?

Аскар Акаев: Кыргызстандын эң күчтүү жагы – элибиз. Байыркы тарыхы, түптөлгөн терең маданияты бар. Өзүңөр билесиңер, кыргыз калкы кыйынчылыкка кабылган, бирок ошонун баарынан татыктуу чыгып кеткен.

Бишкек, 5-ноябрь, 1991-жыл
Бишкек, 5-ноябрь, 1991-жыл
Мен бүгүнкү кыйынчылыктардан деле чыгат деп ишенем. Үч шарт керек: стабилдүүлүк, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк. Элибиздин биримдиги болсо бүгүнкү кыйынчылыктарды деле жеңип, демократиялык күчтүү мамлекет болууга шарты, мүмкүнчүлүгү бар.

"Азаттык": Аскар мырза, азыр иштеп жүргөн активдүү саясатчылардын көбү сиз менен кошо иштешкендер. Булардын күнү бүттү деген кептер да төгүн эмес. Кечээ саясатчы Азимбек Бекназаров да маалымат жыйынында дагы эле Акаевдин кадрлары иштеп жатат деп айтты. Негизи сиз Кыргызстандагы өзгөрүү, өнүгүүлөргө байкоо жүргүзүп жатсаңыз керек, сиздин баамыңызда бүгүнкү күндө жаңы саясатчылар барбы?

Аскар Акаев: Жаңы саясатчылар... Азыр эми көпчүлүгү Акаевдин учурунда өскөн саясатчылар эмес. Жаңы кадрлар деле пайда болду. Илгери оппозицияда жүргөн саясатчылар 2005-жылдан кийин өздөрүн көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүк алышты. Уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Кыргызстанды алдыга тартат эле да. Бирок ага жетише алышкан жок. Эми жаңы күчтөр саясатка келиш үчүн да шарт керек. Асмандан түшө калбайт да.

Маектин аудио вариантын бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Сиз кандай дейсиз, азыр шарт барбы, же жокпу?

Аскар Акаев: Мен сырттан туруп айта албайм. Менимче кыргыз жаралат, кыргыз калкы ар дайым күчтүү лидерлерди жаратып келген. Мисалы, Чыңгыз агабызды (Айтматов) айталы.

Кумтөр: кызыкчылыктар тиреши

"Азаттык":
Негизи тарых жана тагдыр сизге чоң эле озуйпаны берген экен. Доор алмашкан учурда мамлекетти башкаруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү дегендей. Ага жараша иштебеген адам гана ката кетирбейт деп койот эмеспи. Эң чоң катаңыз кайсы болду деп ойлойсуз?

Аскар Акаев: Туура айттыңыз, жаңы доордо, жаңы мамлекеттүүлүктү түптөгөн кезде сөзсүз каталыктар кетти. Ошонун ичинде экономикалык, саясий чөйрөдө, кадрлардан ката кеткендир. Санап келе жаткан көп катачылыктардын бири - Курманбек Бакиевди кичинекей заводдун директорлугунан эки облуска губернатор, кийин премьер-министр кылып бийликке алып келгеним. 2005, 2010-жылдар көрсөткөндөй бул эң чоң катамдын бири болуптур. Элге, мамлекетибизге эң чоң зыян келтирип кетти.

Кумтөр кени
Кумтөр кени
"Азаттык": Аскар мырза, дагы бир суроону бербей койо албайм. Сиз алыста жүрөм деп атасыз. Кыргыз коомчулугунда сизге айтылган дооматтардын дагы бири Кумтөргө байланыштуу. Кумтөр боюнча элге каршы келишим түзүп, Кыргызстанды байлыгынан ажыраткан Акаев болчу деп сиздин дарегиңизге сын айтылып жүрөт. Негизи ошол кезде Кумтөр боюнча жеке кызыкчылыктар күчтүүлүк кылды беле?

Аскар Акаев: Эми, карындашым, мен президент болуп иштегенден кийин Кыргызстандагы 90-жылдардан 2005-жылга чейинки окуяларга президенттин тиешеси сөзсүз бар.

Кумтөр боюнча эч кимдин жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Карындашым, эсеп-кыйсап жүргүзгөн экономисттерге кайрылсаӊар, ошол 90-жылдарда алтындын бир унциясы 300 доллар болчу. Муну текшерип көрсөӊөр болот. Дүйнөлүк биржада: Нью-Йоркто, Лондондо 300 доллар болчу. Ал эми 4 чакырым бийиктиктеги [Кумтөрдөгү] өзүнүн баасы бир унциясын 260 же 270 доллар деп баасын эсептеп чыккан. Ошол жерге компанияны алып келиш үчүн чоӊ аракет болгон.

Эл аралык уюмдардын жардамы менен инвесторду алып келгенбиз. Себеби "биз кайсы пайда үчүн келип ошол 4 чакырым бийиктиктеги алтынды казабыз?" деген. Ал эми бүгүн алтындын баасы 2000 доллар болду, бир унциясы. Ошондуктан ал алтындын бүгүнкү күндөгү баасын, 90-жылдагы баасы, бүгүнкү шарт менен 90-жылдагы шарт менен салыштырууга болбойт.

Өзүӊүздөр билесиздер, ошол убакытта легендардуу парламенте алтын маселеси боюнча чоӊ дебат жүрүп, текшерилип, ошол кездеги премьер-министр Чыңгышев кызматынан кетип, ал толук тазаланган болчу. Туура, достор да кээде жаман атты кылат. Мына Сарыгулов деген бирге окуган, жакшы мүнөздөгү кишини коюп, ишеним көрсөтөм деп, мага ошондон баштап мага кара жабуу жабылды.

Артка бир кылчайып...

"Азаттык": Ушундан улам дагы суроо: кийин кайра "Центерра голд" болуп түзүлдү го. Ошол келишимге ушунча убакыт өткөндөн кийин кандай карап жатасыз, катачылык катары эсептейсизби? Эмне үчүн Кыргызстандын үлүшү акцияга айландырылды?

Аскар Акаев: Ал дүйнөлүк практика, себеби аны акчага айлындырбасаӊыз пайда болбойт да, көрбөйт элек да. Ошол биржада айлантпаганда республика баа көтөрүлгөндөн эч качан пайда көрбөйт эле.

Үлүш мурунку 90-жылдагы баалар менен келе бермек. Ошондуктан 2006-жылдан тарта алтындын баасы көтөрүлө баштаганда Кыргызстан да биржага катышып, өлкөнүн кирешеси көбөйүш керек деген маселе койдук. Биз аны жалаң алтын үчүн эмес, инвесторлор келет деген үмүт менен алып келгенбиз.
Санап келе жаткан көп катачылыктардын бири - Курманбек Бакиевди кичинекей заводдун директорлугунан эки облуска губернатор, кийин премьер-министр кылып бийликке алып келгеним.

Туура, бүгүн да баа көтөрүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү талап кылыш керек. Ошол кездеги конъюнктураны унутпаш керек. Баары бир иштешибиз, иштетишибиз керек болчу. Ошолордун артынан көп инвестор келбедиби. Эми акыркы чыр-чатактардан кийин Кыргызстандан инвесторлор качып атпайбы.

"Азаттык": Ошол 2004-жылкы келишим боюнча дагы бир суроо. Келишимде акциялардын 9 пайызы жеке колго деп, бөлүнүп көрсөтүлгөнүн айтып жүрүшөт. Бул эмне келишим эле?

Аскар Акаев: Эч качан Кыргызстандын үлүшү жеке адамга бөлүнгөн эмес. Чет өлкөлүк инвесторлордуку болбосо, Кыргызстандыкы жеке адамга эч качан, эч кандай үлүш берилген эмес. Анын баарын өкмөт караган. Өзүӊөр билесиӊер көптөн бери мурунку премьер-министр Николай Тимофеевич (Танаев) толук түшүндүрмөсүн берип келатат.

"Азаттык": Аттуу-баштуулар Аскар Акаев элдин алдында кемчиликтери үчүн кечирим сураш керек деп көп айтышат. Сиз кандай дейсиз, ушул сунуш-талапты аткарат белеӊиз?

Аскар Акаев: Эми, карындашым, 2005-жылы 3-4-апрелде мен өзүм парламентке кайрылып, өз ыктыярым менен президенттик бийликти тапшырып жатканда Москвада, ошондо сөз айткам. Ошол жерде Текебаев башында турган парламенттик делегация болгон. Ошолордун алдында мен парламентке кайрылуу жасагам. Ошол сөзүмдө мен жалпы кыргыз калкынын алдында кечирим сурагам. "Эгер менден кемчилик, ката кетсе кечиргиле" деп расмий түрдө кайрылгам.

Урматтуу мекендештер, кыргыз калкыбыз, кыргызстандыктар! Эгемендүүлүктүн 21 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ошонун алдында сиздерге кайрылам: 14 жыл мамлекет түптөлгөн жылдарда сиздердин ишенимиӊер менен президент болуп иштедим. Болгон күчүмдү, билимимди жумшап, жакшы ой-тилек менен иштеп бердим.

Туура, кемчиликтер да болду, чоӊ кемчиликтер да кетти. Ошондуктан ушул учурдан пайдаланып, жалпы кыргыз калкынан Кыргызстанга терс таасир тийгизген менден кеткен кемчиликтер, ошол мезгилде болобу, кийинки мезгилде болобу, кечирим сураганга уруксат бериӊиздер.

Жалпы Кыргызстандын калкына тынчтык, биримдик каалайм. Эгер биримдик болсо, кыйынчылыктардын баарын элибиз жеӊип чыгып, Кыргызстанды демократиялык, күчтүү мамлекетке айлантууга жетишебиз деп тереӊ ишенем. Майрамыӊыздар куттуу болсун, көп-көп жакшылыктарды алып келсин!
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG