Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Өкмөттүн структурасы өзгөрдү


21-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы структурасы бекитилди. Ага ылайык жаңы түзүмдө чек ара жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри кызматы болот. Ошондой эле үч министрликте өзгөрүүлөр болду.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн жаңы структурасын өткөн жылдын соңунда сунуштаган. Ал сунушту Жогорку Кеңеш 21-февралда карап, бекитип берди.

Бекитилген структура боюнча эми өкмөттө Чек ара жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр кызматы болот. Бул кызмат кошуна мамлекеттер менен чек ара боюнча тең ата сүйлөшүү зарылдыгынан келип чыкканын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Андан сырткары Экономика жана антимонополдук саясат министрлиги өзгөрүп, ал мындан ары Экономика министрлиги деп атала турган болду. Ал эми Монополияга каршы саясат боюнча агенттик кайрадан түзүлөт. Маданият жана туризм министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги болуп түзүлөт. Жаштар жана эмгек министрлигине болсо миграция боюнча ыйгарым укуктар берилди.

Өзгөрүүлөр облустук бийлик башчыларында да боло турган болду. Алар азыркыдай өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү деп аталбай, мурункудай эле губернатор деп аталышат жана ыйгарым укуктары кеңейтилди. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев буларды айтты:

- Губернаторлордун эч кандай ыйгарым укуктары калбай калды эле, тартип коргоо органдарын координациялоо, кышка даярдык, жазгы талаа жумуштары, мамлекеттин эсебинен каржыланган бардык объекттерди көзөмөлгө алууну өткөрүп бергем. Мына марттын башында акимдерди жазалоону да губернаторго өткөрүп беребиз.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган комиссия өкмөт жана министрлик, агенттиктердин функцияларын иликтеп, аларды оптималдаштыруу боюнча сунуштарын берди. Эми бийликтин орто жана төмөнкү бөлүгү боюнча да ушундай эле иштер жүргүзүлөт.

Оппозициялык “Ата Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков Эмгек жана жаштар министрлиги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуп түзүлгөнүн колдоого алып, бирок текшерүүчү органдарды бир калыпка салмайын ишкерлик өспөйт деген оюн билдирди:

- Каржы полициясы Салык кызматынын алдына өтүп, ишкерлер Салык кодекси менен текшерилгенде, бюджеттик мекемелерди Эсеп палатасы текшергенде гана биз ишкерликке кичине шарт түзөбүз.

Келдибековдун айтымында, Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоонун үстүнөн гана иштеп, экономикага аралашпаш керек.

Мына ушундай мүнөздөгү айрым сунуштар айтылып, андан кийин жаңы структура бекитилди. Бирок жаңы вице-премьерлик кызматка ким келээри азырынча белгисиз.

Өкмөт мүчөлөрүнүн ишине болсо өкмөттүн өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарыла турган жыйында баа берилип, мына ошондо кээ бир министрлер кызматынан кол жууп калышы мүмкүн. Аны өкмөт башчы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG