Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Убактылуу өкмөттүн компроматтар чабуулу


Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси үзөңгүлөш жана атаандаш саясатчылардын, партиялардын ыркын кетирди. Соңку компроматтар согушу эмне менен бүтүшү мүмкүн?Саясий тирештен улам тагдыры арсар турган көпчүлүк коалиция акыры тарайбы?Алты жылдан бери катылып жаткан Кадыржан Батыровдун ишин көтөрүү менен бийлик акыйкаттыкты издейби же убактылуу өкмөт мүчөлөрүн куугунтуктайбы? Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышындаушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутат Узарбек Жылкыбаев менен 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев катышты.

"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев менен 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев катышты.

“Азаттык”: Эмил мырза, Өмүрбек Текебаев Батукаев президенттин көрсөтмөсү менен чыгып кеткенин айтып, ушул өңдүү соңку билдирүүлөрдөн кийин эми анын артынан атайын кызматтын өкүлдөрү күнү-түнү беш машине менен аңдып жүрүшкөнүн айтып чыкты. Бийликтин аны камакка алуу ыктымалдыгы жогору экенин, ага даярданып жүргөнүн кыйытты. Бирок Конституциянын 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердүүлүгүндө айткан сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт эмеспи, же аны аттап өтүү мүмкүнбү?

Алты жыл мурда башка иштерди кылып, бүгүн башканы айткандары кандай? Жаш депутаттар аксакалдарды түшүнбөй жатабыз.

Эмил Каптагаев: Менин жеке пикиримде Текебаевди камап коюш оңой иш эмес. Анткени Текебаевди камайбыз деп Акаев да, Бакиев да аракет кылган. Ал Кыргызстандагы белдүү саясатчылардын бири, дүйнөгө таанымал саясий ишмер. Ошондуктан жөн эле көчөдөн кармап кетиши мүмкүн эмес. Эгерде камоого аракет болсо анда далилдер, жүйөлөр, фактылар так болушу керек.

Бирок аңдып, артынан жүрүп жатат дегенине ишенсе болот. Анткени биздин атайын кызматтар, Ички иштер министрлиги негизинен өзгөргөн жок да. Бакиевдин убагында лейтенант болгондор азыр майор болуп отурат. Ошол кездеги майорлор азыр полковник болду. Иш стили негизинен өзгөргөн жок. Алардын аңдыганы президенттин буйругуна байланыштуу болуп жатат.

Убактылуу өкмөттүн компроматтар чабуулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:52 0:00

“Азаттык”: Узарбек мырза, Текебаевдин билдирүүсүнө жооп кылдыбы, айтор бийлик да Батыровдун качканын эстеди. Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровдун чет өлкөгө качуусу иликтениши керектигин айтты. Конституция боюнча тиреш чыкпаса, бул ишти эч ким деле эстемек эмес беле?

Узарбек Жылкыбаев: Мүмкүн. Мисалы, кечээ парламентте Кадыржан Батыров боюнча ал биздин жаран болгондон кийин чет өлкөгө чыкканга укугу бар, ал кайсы убакты чыкканын билбегенден кийин эмнеге антип айтып жатасыңар дегендер да болду. Ал жерде так айтылды: Батыровго 14-майда иш козголгон экен, 19-майда Ипподромдогу окуя боюнча дагы бир иш козголгон экен.

Аңдып, артынан жүрүп жатат дегенине ишенсе болот. Анткени биздин атайын кызматтар, Ички иштер министрлиги негизинен өзгөргөн жок.

Коогалаңда Батыров ошол жерде жүргөн. Демек иш козголгон киши чыгып кеткенден кийин ошого жардам берилди деген маселе ошондон чыгып жатат.

Ал эми "Батыров курал болгон жокпу?" деген суроо эки жакка тең бирдей берилчүдөй. Өмүрбек мырза азыр айыптап жатат. Анда алты жыл бою айтпай эмне кылып жүргөн?

Кечээ "Референдум жөнүндө" мыйзамды 28инде Чыныбай Акунович менден суранганы үчүн гана киргизе койгонбуз дейт. Анан убагында жең ичинен сүйлөшүп алышып, үч жыл мурун башка сөз сүйлөп, алты жыл мурда башка иштерди кылып, бүгүн башканы айткандары кандай? Жаш депутаттар аксакалдарды түшүнбөй жатабыз.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG