Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

"Ээнбаш" судьяны кызматтан алуу "түйшүгү"


Иллюстрация
Иллюстрация

Соттор кеңеши Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматынан алууну сунуштады.

Мындай чечимди Соттор кеңеши "судья Сооронкулова биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин кароодон четтетилгенден кийин маалымат каражаттарына берген комментарийлери соттун макамына туура келбейт" деген парламент өкүлүнүн жүйөсүнө негиздеп чыгарды. Бул отурумга байкоо салган укук коргоочулар Соттор кеңеши ал судьянын укугун басмырлап, бийликтин кызыкчылыгы үчүн мыйзам бузууга барды деп тынчсызданышууда.

Парламент өкүлү даттанганда

Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын ишин Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы адаттан тышкары тездик менен карады. Эки күн мурун эле парламенттин тиешелүү комитети Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованын айткандарына баа берүү чечимин кабыл алган.

Буга чейин парламенттин тиешелүү комитети Сооронкулованын маалымат каражаттарына айткан комментарийлерин топтоп, Соттор кеңешине берген. Соттор кеңешинде даттануучу тараптын арызы окулуп, анын негизги жүйөлөрү угулду. Парламент өкүлү Света Болжурова кайрылуунун мазмунуна кыскача токтолду:

- Бул жерде Конституциялык палатанын судьясы Сооронкулованын мыйзам бузуулары тууралуу сөз болуп жатат. Ал Конституциялык палатанын каралып жаткан иши боюнча чечими чыга электе эле комментарий берип, соттордун макамы тууралуу мыйзамдын талаптарын одоно бузду. 27-майда бул иш боюнча соттук угуу жүрүп жаткан учурда судья Сооронкулова маалымат каражаттарына интервью берген. Бул мыйзамга туура келбейт.

Сооронкулова биометрикалык каттоо тууралуу мыйзамдын Конституцияга шайкештигин кароо боюнча баяндама даярдап, бирок иш карала турган күнү андан четтетилген болчу. Ошондон кийин судья Сооронкулова Конституциялык палатанын төрагасынын басымына баш бербей койгон үчүн аны ишти кароодон алып салуу аракети болгонун айтып чыккан эле. Анда добушка сала келгенде сегиз судьянын жарымы аны колдоп чыккан. Сооронкулова анын ишти кароодон четтетүүнүн түпкү себептери тууралуу маалымат каражаттарына комментарий берген.

Догурунган дооматтын доосу күч

Анан азыр ага эми мына ошол комментарийлердин мыйзамга ылайык келбестиги боюнча доомат коюлду. Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова бул айыптоонун укуктук негизи жок экенине мындайча токтолду:

- Эми бул нерсенин мына ушинтип эмнеге өнүгүп жатканы мага түшүнүктүү эле болуп жатат. Мага эмне үчүн бул судья маалымат каражаттарына мына ошондой комментарий берет деген айыптоо менен доомат коюлуп жатат. Бул соттордун макамы тууралуу мыйзамга каршы келет экен. Бирок мен бул мыйзамдын ар бир беренесин билген адам катары анда эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айта алам. Анан эми булардын ою боюнча мен унчукпай калышым керек экен. Анан сот этикасы боюнча жободо ишти карап жактан судья ал тууралуу маалымат берүүгө же пикирин айтууга болбойт деп турат. Бирок мен ал ишти кароодон четтегенден кийин анын кандай мааниси болмок эле.

Басымдан башы чыкпаган сот бийлиги

Бирок парламенттин өкүлү Болжурова Клара Сооронкулова мыйзамдын талабы боюнча ишти карабай калган күндө деле ал тууралуу пикирин айтууга укугу жок болчу деген жүйө келтирди. Бирок ал мыйзамдын кайсы жеринде ошондой талап бар экенин так көргөзө алган жок. Ошол эле кезде Света Болжурова бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Адвокат Нурбек Токтакунов бул иште парламенттен мурун Президенттик аппараттын кыйыр басымы көрүнүп турганын айтууда:

- Бул жерде эми президенттин өзүнүн эле жеке көрсөтмөсү. Ага бул судья жакпай калган үчүн “аны жоготкула” деген команда кеткени байкалып турат. Болбосо мындай иштер мынчалык тездик менен каралмак эмес. Биз Соттор кеңешине судьялардын үстүнөн көп эле даттанып жүрөбүз. Адатта мындай арыздарды териштирип чыгып, анан эрте дегенде бир айда карашат. Бул жерде тараптардын жүйөлөрүн териштирбестен, далил көрсөтмөлөрдү талап кылбастан эле эки күнү мурун парламенттин комитетинин сунушу келсе, бүгүн эле карай коёбуз дегени шек жаратууда.

Соттор кеңеши дисциплинардык комиссиянын ишти ар тараптуу иликтеп чыгышына убакыт берген жок. Тездик менен иштелген текшерүүнүн негизинде Соттор кеңеши Сооронкулованы судьялыктан алууну сунуштаган чечим чыгарды. Бирок жобого ылайык, дисциплинардык комиссия ишти текшерип чыккандан кийин гана аны Соттор кеңешинин кароосуна коюш керек болчу. Укук коргоочу Рита Карасартова Сооронкулованын иши Соттор кеңешинин жобосун жана соттор тууралуу мыйзамды одоно бузуу менен жүргөнүн билдирди:

- Бул иш боюнча башында Конституциялык палатанын төрагасы мыйзамды бузду деген доомат менен укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Соттор кеңешине арыз жазган болчу. Анан мына ошол 28-майда берилген ошол арыз карала электе эле, судья Сооронкулова боюнча парламент комитетинин кечээги сунушу мына ушундай ылдамдык менен каралып жатканы таң калтырды. Соттор кеңешинде Конституциялык палатадагы президенттин өкүлү Укушевдин ачык эле отурганы эмнени каңкуулайт? Бул деген сот бийлигине соттордун колу менен жасалган басым. Соттор кеңеши өздөрү билип туруп, өздөрүнүн тамырына балта чаап жатышат.

Мыйзам боюнча, Клара Сооронкулованы судьялыктан алуу боюнча Соттор кеңешинин чечими эми президент Атамбаевдин кароосуна жөнөтүлөт. Президент өз кезегинде Сооронкулованы кызматтан алуу тууралуу сунуштаманы парламент кароосуна жөнөтөт.

XS
SM
MD
LG