Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Жамашеванын аты аталган батир чыры


Оштогу үйлөрдүн бири
Оштогу үйлөрдүн бири

Төрт бөлмөлүү үйүн алдырып жиберген үй-бүлө аларды алдап кеткендерди Жогорку Соттун төрайымы Жамашева коргоп жатканын айтып даттанууда.

Ал эми үйдү өткөрүп алган тараптар бул айыптоолорду четке кагууда. Жогорку Соттун төрайымы да аталган иш тууралуу кабарсыз экенин жана ага тиешеси жоктугун билдирүүдө. Буга чейин да Жамашеванын кайниси Ошто эки батирди алдап кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.

Күрөөканага коюлган үйдүн таржымалы

Талаш болуп жаткан батир Оштун Манас-Ата кичирайонундагы Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу 44-а үйүндө орун алган. Төрт бөлмөлүү батирде 63 жаштагы Санабар Шаюсупова неберелери менен жашачу.

Санабар Шаюсупова талма оорулуу болгондуктан дарыланууга каражат издейт. Ага өзүнүн алысыраак таанышы Нургүл Каракожонова аттуу айым кол сунат. Ошентип Санабар Шаюсупованын үйү күрөөгө коюлуп, 4 миң доллар акча табылат. Бирок андан эки ай өтпөй эле күрөөканадагылар келип, үйдү сатып алганын айтып, Шаюсупованын чыгып кетүүсүн талап кылат. Санабар апанын кызы Дилорам Закирова мындай деди:

- Апам экинчи топтогу майып. Эпилепсиянын айынан колдору калтырап, көзү таптакыр көрбөйт. Документтерди түшүнбөгөндүктөн Каракожонова аны алып барып, алдап “күрөөгө коюлду” деген документке эмес, “үй сатылды” деген документке кол койдуруп алган. Муну Ош шаардык мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу бүтүргөн. Нургүл Каракожонова акчаны Алманбетова деген аялдан алып, апама берген да, калган 26 миң доллар акчаны өзү жеп кеткен. Эми Алманбетова келип, бизди көчөгө чыгарганы жатышат. Булар экөө чогуу дайым ушундай алдамчылык кылып жүрүшчү экен. Эми алардын торуна менин апам да түшүп калды. Негизи биздин үй азыр базар баасында 45 миң доллар турат.

"Силер баары бир утуласыңар..."

Бул окуялар мындан эки жыл мурда, 2013-жылдын сентябрында болгон эле. Андан бери Шаюсупова менен Закирова соттон сотко чуркап, өзүнүн үйүн кайта алалбай келет. Дилорам Закирова муну Жогорку Соттун төрайымы Жамашева менен байланыштырууда:

- Ошто 10 жолу сот болду. Ош шаардык соту Каракожонованы күнөөлүү деп таап чечим чыгарып, бирок үйдү тиги Алманбетовага калтырып коюп жатат. Ушундай кантип болсун? Аны күнөөлүү деп тапкандан кийин, үйдү бизге кайтарып бериши керек да. Жогорку Сотко апелляция жазсак, кабыл албай коюшкан. Эки-үч жолу жазгандан кийин гана кабыл алышып, “арызыңарды кайтарып алгыла” дешти. Биз “эмне үчүн кайтарып алабыз? Бүт далилдерибиз турбайбы?” десек, бир судья келип, “бул иштин артында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева турат, биз анын буйругун аткарууга аргасызбыз, силер миң туура болгонуңар менен, баары бир утуласыңар” деди. Каракожонова менен Алманбетова Жамашеванын тууганы, тааныштары болот. Же акча менен аны сатып алып коюшканбы, билбейбиз. Эми биз көчөдө калат окшойбуз.

Үйдү өткөрүп алган тараптар болсо, батир күрөөгө коюлбай эле, документтери “алып-сатуу” катары жасалганын, анын баарын үй ээси Санабар Шаюсупова башында эле билгенин айтышууда.

“Кализа” кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Эркайым Алманбетова буларга токтолду:

- Биз кадимкидей эле үй алып, ремонттоп, кайра саткан мекемебиз. Шаюсупова 2013-жылы бизге чалып “акча керек, үйүмдү тез арада сатам” деген. Себебин сурасам, “жанымда бир коңшу менен чырдашып жатам, бул үйдү сатып, башка жактан жер үй алам” деген. Барып карап көрүп, тез арада дегени үчүн 30 миң долларга сатып алганбыз. Биз аны болгону 33 миң долларга сатмакпыз. Ал эч кандай оорулуу эмес эле баарын жакшынакай эле билет. Мамкаттоодогу кыздар кайра-кайра “чындап сатып жатасызбы?” деп такып атып, анан документке кол коюп беришкен. Нургүл Каракожонова дегенин мен таптакыр тааныбайм. Шаюсупова менен Каракожонова эже-сиңди болушат экен. Санабар эже бизден 30 миң долларды алып, анын 26 миңин Нургүлгө берген экен, аны ала албай эле ортодо бизди айыптап жатат. Биздин кандай тиешебиз бар? Биз азыр же акчадан жок, же үйдөн жок ортодо калдык. Жамашеваны мен таптакыр тааныбайм, эгер ал эжем болгондо сотту эки жылга созбой эле чечип алмакмын. Жамашева балким ошо Каракожонованын эжесидир...

"Төрайымдын тиешеси жок..."

Эки тарап тең айыптап аткан Нургүл Каракожонова менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Жабырлануучулар аны Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен тууган болгону үчүн Ош шаардык соту Каракожонованы бошотуп жиберди деп шектенишүүдө. Бирок мындай маалыматтарды Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева четке какты:

- Бул иш боюнча Феруза Жамашеванын эч кандай тааныштыгы жок. Ал жабырлануучу тарапты да, күнөөлөнүп жаткан тарапты да тааныбайт. Анын үстүнө “Жогорку Сот жана жергиликтүү соттор жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде бардык соттор инстанциясына карабай, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийип иш кылышат. Ошондуктан бул ишке “Жамашева кийлигишип атат, антип атат, тигинтип атат” деген сөздөрдүн баары жүйөсүз жана чындыкка дал келбейт.

Санабар Шаюсупованын үйүн алдоо жолу менен Эркайым Алманбетовага сатып жиберген Нургүл Каракожонова учурда бул кылмышка шектелүүдө. Ал З.Абдыкеримова аттуу жаранды 157 миң сомго, Т.Нышанова аттуу аялды 40 миң сомго, Ж.Мамасейитова деген айымды 100 миң сомго, З.Шамшиеваны 160 миң сомго жана Санабар Шаюсупованы 26 миң долларга алдап кеткени аныкталган. Бирок ошого карабай Каракожонованы Ош шаардык соту эркиндикке чыгарып жиберген.

Буга чейин да Ош шаарында эки батирди алдамчылык жол менен сатып жиберген Нурсултан Акимбаев аттуу жаран жоопкерчиликке тартылбай жатканына үй ээлери нааразы болушуп, алар муну Акимбаевдин жеңеси Феруза Жамашева Жогорку Соттун төрайымы болуп иштегендиги менен байланыштырып чыгышкан эле. Жамашеванын таасири менен Акимбаев үй камагына чыгып кеткенин, бул иш боюнча такыр тергөө жүрбөй жатканын жабырлануучулар даттанып чыгышкан. Жамашева болсо мунун баары жалган жалаа экенин жана бул иштер аны кызматтан кетирүүнүн аракети деп баалаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG