Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Жураев: Парламентте оппозиция чабал болчудай


Эмил Жураев
Эмил Жураев

Бүгүн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы ишин баштайт жана жаңы депутаттарга мандат берилет.

Жаңы чакырылыштын алдында кандай милдеттер турат, элдин күткөнү эмне? Саясат таануучу Эмил Жураев “Азаттыкка” маек берди.

“Азаттык”: Ошентип бүгүн Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын колуна мандат тиет. Мунун алдында бир топ талаш-тартыштар болду, айрымдарына мандат оңой тийген жок десек болот, талаштар дагы деле уланууда. Жаңы парламент мурдагылардан эмнеси менен айырмаланганы турат? Кандай маанайдагы депутаттар келатат?

Эмил Жураев: Биринчиден, буга чейин депутат болгондор, же саясатка аралашып жүргөндөр көп келди. Ошондуктан басымдуу бөлүгү буга чейин элге таанылып калган адамдар.

Экинчиден, беш фракция менен беш жыл жашадык эле, эми алты фракция болгону турат. Мурда бешөө жакшы уюшулбай, бир тартипте иш жүргүзө албай келсе, эми алтоо ого бетер чачылып кетеби, талаш-тартыштар көп болобу деген кооптонуу бар.

Бирок башка жагынан алып караганда, 2010-жылкы шайлоого караганда, азыр шайлоодо жеңип чыккан партиялар өз ара тил табыша аларын, шайлоого чейин эле бир топ макулдашуулар болгонун көрдүк. Ошондуктан мурдагы чакырылышка караганда, азыркы парламентте түзүлө турган коалиция туруктуу болот деген үмүт бар.

“Азаттык”: Тил табышканы жакшы деңизчи. Бирок парламенттеги оппозициялык маанай кандай болот?

Эмил Жураев: Туура, ушул жагынан чабалдыгын көрсөтөбү деп ойлойм. Анткени Социал-демократтар фракциясы менен кеминде эки-үч партия тил табышып иштешкенге аракет кылчудай болуп турат. Оппозициялык милдетти ким өзүнө алат деген суроого азырынча жооп жок.

“Азаттык”: Жаңы парламентке келаткан күчтөрдүн алдында кандай милдеттер турат? Өткөн чакырылыш бир топ орчундуу маселелерди чечпей кетпедиби.

Эмил Жураев: Кумтөр маселеси кылым карытчу маселеге айланды. Ушул маселени азыркы парламент чечүүгө тийиш. Экинчиден, бир топ мыйзам долбоорлору калып кеткен. Алардын ичинде, чет элдик агент жөнүндө, кумсалар тууралуу мыйзамдар бар. Дагы бир чоң маселе – Конституцияга байланыштуу. Шайлоо өнөктүгү маалында жеңип чыккан партиялардын айрымдары Конституцияны өзгөртүүгө аракет жасай турганын айткан. Эгерде ошондой маселе көтөрүлчү болсо, анда бул узакка созулуп, акыры жакшы жакка алып барбайт.

“Азаттык”: Жарандык коом бул жолу парламенттин ишине өтө кылдат көз салары кресло чуусунан кийин белгилүү болду. Ошондой эле бүгүн депутаттар артыкчылыктардан баш тартуу маселесин карап, добуш берери айтылып жатат. Бул дагы жарандык активдүүлүктүн таасириби?

Эмил Жураев: Туура, жарандык коом бул жолу жакшы көрсөткүчтөргө жетти. Бир жагынан 5-чакырылыштагы депутаттарга баа берип, эмнелерге жетип-жетпегенин баалай алды. Жаңы келаткан партияларга биринчи күндөн баштап эле жаңы талаптар коюлуп жатат.

Экинчи жагынан бул парламентке келген партиялардын ортосунда атаандаштык да чоң болду. Ошонун негизинде жарандык активдүүлүк ого бетер күчтүү болуп, натыйжа жакшы болду деп ойлойм. Мындан ары да азыркы парламентке жарандык көзөмөл күчтүү болуп, калың элдин үнү көбүрөөк угулушу мүмкүн деген үмүт бар.

XS
SM
MD
LG