Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Келдибековдун тарапкерлеринин талабы


"Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 28-ноябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, бийликке шарт койду.

Келдибековдун жактоочулары белгилешкендей, алар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу учурунда шарт коюшуп, эгер депутат абактан тил кат менен чыгарылбаса, түштүк облустарда бийликти басып алышарын эскертишкен.

"Камактан чыгарбаса, баарына даярбыз"

Келдибековду коргоо комитетинин өкүлү Абдимухамбет Кутбидиновдун айтымында, депутат эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен камактан чыгарылбаса, эл жол тосууларды, административдик имараттарды басып алууну баштоого даяр.

- Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен чыгарып бербесе, булардын өздөрүнүн шору. Эгер эл көтөрүлсө, кармап кала алышпайт. Эл жол тосот жана башка айтылган бардык кадамдарга барат. Административдик имараттар, райондук, облустук акимчиликтер басып алынат. Бул кадамдарга барбаш үчүн президентке, премьер-министрге жана башкаларга жолугуп, биздин талаптарды билдирип келгиле деп, эл бизди жөнөттү.

Келдибековдун тарапкерлеринин айтымында, алар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен жолугушуп, өз талаптарын айтышкан. Эми президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу ниеттери бар.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова эл өкүлүнүн тарапкерлери Келдибековго карата кылмыш иши туура эмес козголгондуктан нааразы болууда деген ойдо.

- Келдибековдун иши мыйзамсыз болгону үчүн ушундай болуп жатат. Чындык жок. Жогорку деңгээлдеги саясатчыларга карата мыйзамдар туура колдонулбай жаткандан кийин карапайым калк жөнүндө эмне деп айтабыз?

Буга чейин 23-25-ноябрь күндөрү Ош-Эркеч-Там жолун Алай районунан эки күн бууган Келдибековдун тарапкерлери жолду бийликке үч күн убакыт берип ачышкан.

"Чакырыктар Конституцияга каршы"

Анткен менен Келдибековдун тарапкерлеринин башаламандык баштоо боюнча билдирүүлөрү Конституцияга каршы деп бааланууда. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев бүгүнкү күндө мыйзамдуу жолдор аркылуу адилеттүүлүккө жетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт.

- Мурда мыйзамдуу жолдор менен маселе чечүүгө, бийликти алмаштырууга мүмкүн болбой калганда эки ыңкылап болду. Бирок бүгүн кырдаал башка да, биз азыр башка жолго түштүк. Ошондуктан эл тарабынан жасалган аракеттер да өзгөрүшү керек. Баягы эле баскынчылык, талкаламайдан биринчи кезекте элдин өзүнө зыян тиет.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдирасулова депутаттын тарапкерлеринин чакырыктарын мыйзамсыз деп баалап, бирок алардын талаптарын аткарса болорун айтат.

- Конституциялык түзүлүшкө коркунуч келген чакырыктар боюнча мыйзамдарда жоопкерчиликтер каралган. Бул жерде ошол мыйзамдардагы жоопкерчиликке такалып калат. Бирок кармалган адамдын туруктуу жашаган жери болуп туруп, коомго коркунучу болбосо, тергөөгө тоскоолдук келтирбесе, качып кетпесе, камакка алуудан башка дагы жолдор бар. Же туугандарынын, белгилүү инсандардын кепилдиги менен үй камагына жана эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен чыгарса болот. Эгер ушул чаралар элди тынчтыкка алып келсе, аларды радикал кадамдардан кайтарса, бийлик бул жолдорду да ойлонуп көрүшү керек.

Саясат таануучу Марс Сариев бийликке карата коомдо оппозициялык маанай бар, бирок коррупцияга каршы күрөштү да колдогондор көп деп эсептейт. Сариев бул күрөш бир гана оппозицияга багытталып жатабы, же бийликтин тегерегиндеги жемкорлукка шектүү адамдар да тузакка түшөбү деп эл күтүп жатканын кошумчалады.

- Менимче, кыргызстандыктар коррупцияга каршы. Алар мыйзамдуулуктун сакталышын жактайт. Келдибековдун тарапкерлеринин чыкканы, азырынча жалпы Кыргызстан боюнча чоң бир чатакка деле алып келбейт.

Ал эми коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов айрым маалымат каражаттарына курган маегинде тынчсызданууга негиз жок экенин жана кырдаал туруктуу болгонун билдирген. Ошону менен бирге Келдибековдун тарапкерлеринин билдирүүлөрүндө мыйзамга каршы чакырыктар болсо, тартип коргоо органдары териштирип көрүшү мүмкүн экенин кошумчалаган.

“Ата-Журт” фракциянын депутат Акматбек Келдибековго Башкы прокуратура иш козгоп, ал 20-ноябрда камакка алынган. Ага спикер, Соцфонддун жана Салык кызматынын төрагасы болуп турган кезде мамлекеттин каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып коюлууда. Депутат учурда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG