Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 20:24

КСДПдагы ажырымдын жышааны


КСДПнын жыйындарынын бири.

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы депутат Кожобек Рыспаев фракциядан чыгарылбай тургандыгын жарыялады. Ага чейин депутатты фракциядан чыгарууну КСДПнын саясий кеңеши сунуш кылган. 26 депутат "каршы", төртөө “макул” деп добуш берген.

КСДПнын саясий кеңешинин депутат Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу сунушунун четке кагылышы - партиянын ыдырашыбы? Экс-президенттин партия лидери катары таасири азайып жатабы? “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын артында кимдир бирөө турабы же чындап эле тазалануу процесси жүрүп жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жана саясий илимдердин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев катышты.

“Азаттык”: Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши депутат Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарганы белгилүү. Бирок аны КСДП фракциясынан чыгаруу жөнүндө сунуш 8-октябрда четке кагылды. Мындай чечимдин чыгышына эмне түрткү болду деп ойлойсуз? Партиялык принцип, уставдык эрежелер сакталдыбы?

Бекбосун Бөрүбашев: Азыр Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 236 саясий партия бар.

Ошолордун көрүнүктүүсү - 25 жылдык тарыхы бар Кыргызстан социал-демократиялык партиясы.

Акыркы жыйырма жылдан бери социал-демократтардын өкүлдөрү бийликтин ар кандай бутактарын ээлеп келет. Акыркы тогуз жылдан бери бул партиядан эки президент бийликке келди, үчүнчүсү бийликте отурат.

Бир жагынан КСДП Кыргызстандын көп партиялык системасын куруудагы күзгү деп да айтсак болот. Бирок ал күзгүдөн жарака кетти. Бир ай мурда партиянын саясий кеңешинин чечимин фракция эмне үчүн колдобой койду? Мен атайын партиянын уставын карап чыктым. Анда "партиянын эң жогорку органы - жыйын (съезд), андан кийин эле саясий кеңеш" деп жүрөт. Уставда "саясий кеңештин чечимин партиянын бардык өкүлчүлүктөрү аткарышы керек" деп жазылып жүрөт, бирок фракция жөнүндө сөз жок.

Ал эми “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамда "партия өкүлчүлүктүү органдарда (парламентте) фракцияларды түзө алат" деп жүрөт. Ага негиздей турган болсок, логика боюнча саясий кеңештин чечимин фракция аткарышы керек болчу. Бизде партиянын тагдырын акча, анан бийлик чечип калган. Партиянын лидери бийликтен кеткенден кийин биримдик жоголууда. Булар “биз классикалык партиябыз” деп мактанып келишкен. Иш жүзүндө акчанын жана бийлик кызыкчылыгы үчүн түзүлүп келгени көрүнүп калды.

“Азаттык”: КСДПнын саясий кеңешинин айрым мүчөлөрү фракциянын жетекчилери, мүчөлөрү болуп туруп депутатты партиядан чыгарууга макулдук берсе, ошол эле адамдар фракциядан чыгарууга каршы добуш берип жатканын кандай түшүнсөк болот? Же саясий кырдаал өзгөрдүбү?

Чолпонбек Сыдыкбаев.
Чолпонбек Сыдыкбаев.

Чолпонбек Сыдыкбаев: Партия - бир идеянын, идеологиянын тегерегинде баш кошкон санаалаштардын коомдук-саясий бирикмеси. Партиянын негизги максаты – бийликке жетүү. Кыргызда “ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма” деген жакшы сөз бар. Кыргызстандын эгемендиги менен жашташ келе жаткан, "монолит саясий уюм" деп мактаган партиядагы бүгүнкү кырдаалды көргөндө эл, коом кайда карап түздөнүшү керек?

Бул саясий тажрыйбадагы терс көрүнүш болуп жатат. Партиянын негизги башкаруу органы – жыйын (съезд), андан кийинки органы саясий кеңештин чечими эки ача болууда. Абдрахманов баштаган топтор “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен чыгып жатышат.

Ага парламенттеги КСДП фракциясы же лидери үн катпайт. Ушундай кызык көрүнүштөр уланууда. Мына ушунун баары Кыргызстандагы партиялар келечектүү идеялар, максаттар менен эмес, убактылуу кызыкчылыктар менен биригип жатканын далилдеп турат. Партия өкүлдөрүндө “бийликке жетип алалы, калганын көрө жатарбыз” деген принцип басымдуулук кылып жаткандай сезилет.

Эми партиянын лидеринен оомат кеткенде четинен качып жаткандары да партия үчүн терс көрүнүш. Кыскасы, акыркы убактагы саясий кырдаалдарды эске алганда КСДП "эки баштуу" партияга айланып баратат.

“Азаттык”: Экс-президент, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев партиянын катарын тазалап, реформа жүргүзүүнүн зарылчылыгын белгилеп жатат. Андан майнап чыгып жатабы? Атамбаевдин партиядагы таасири күчөдүбү же начарлап жатабы?

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Бекбосун Бөрүбашев: Атамбаевдин колунда тыйыны бар экен, убагында бул партияны түптөдү. Ага кыргыздын мен-мен деген инсандары мүчө болуп, депутат же дагы башка ар кандай кызматтарды ээлеп келишти. Акчалуу адам бийликтен кетип калгандан кийин “эми сенин керегиң жок” дегендей мамиле болуп жатат. Бирок ал үчүн Сагынбек Абдрахмановду ж.б. күнөөлөштүн кереги жок. Анткени акчага байланган системаны өздөрү түзүп алышкан. Бийлик орундары, депутаттык мандат кадимкидей эле базардагы соодага айланбадыбы.

"Эмне үчүн 25 жылдан бери саясий башкаруубузду, партиялык системабызды демократиялык негизде калыптандыра албай жатабыз?" деген чоң суроо бар. Эки президент качып кетти, үчүнчүсү үйүндө отурат. Анткени алардын баары колундагы акчасына чиренип өздөрүнө ылайык системаны куруп алышкан.

“Азаттык”: КСДПнын мурдагы мүчөсү Абдрахманов “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен райондук конференцияларды уюштуруп келет. Партиянын штабы болсо "ал конференциялар легитимсиз" деп жатат. Бул көрүнүш эмнеден кабар берет? Чындап эле партияны жаңылоо аракетиби же кайсы бир саясий күчтөрдүн айгагы болуудабы?

Чолпонбек Сыдыкбаев: Эгер Абдрахманов Атамбаев бийликте турганда “партияны тазалайлы” деген демилге менен чыкса, коомчулук аябай жакшы кабыл алмак, колдоо тапмак. Ал киши партияны тазалоо боюнча жакшы ойлору болгону менен ич күптүсү да бар экени билинип жатпайбы. Партия тууралуу анын мүчөлөрү ар кандай пикирлерди айтканы менен чечим кабыл алуу саясий кеңеште жатпайбы. Ошондуктан Абдрахмановдун аракетин "легитимсиз" деп жатышат. Ушул көрүнүштөрдүн өзү биздин коомдун көп партиялуу системага терс пикирлерин жаратууда. Партия деген идеологиялар бышкан, ишке ашкан саясий мектеп болуш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

КСДПдагы ажырымдын жышааны (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:29 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG