Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Курултайлар парады, акчанын күчү


"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын лидерлери Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров.
"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын лидерлери Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров.

18-августа Бишкекте төрт партия курултайын өткөрүп, шайлоого бара турган талапкерлеринин тизмесин бекитти. Борбордук шайлоо комиссиясына тизмелерди тапшыруу күнү дагы эки партия курултайын өткөрүүгө камданышууда. Ошону менен 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катыша турган партиялар аныкталмакчы.

18-августта Бишкекте “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Өнүгүү”, “Кыргызстан” партиялары курултайын өткөрүп, тизмелерин бекитти.

“Кыргызстан” партиясынын тизмесин күтүлгөндөй эле партиянын лидери, Чүй облусунун мурунку губернатору Канатбек Исаев жетектейт. Биринчи бештикке Азиз Турсунбаев, Чолпон Султанбекова, Нурбек Алимбеков киришкен.

“Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясынын тизмесин Аскар Салымбеков баштайт. Биринчи бештиктин курамында Адахан Мадумаров, Олег Подобедов, Дамира Дөөлөталиева жана Бахтияр Фаттахов бар.

“Өнүгүү” партиясынын тизмесин партия лидери Бакыт Төрөбаев жетектейт. Биринчи бештикте Алтынбек Жунус уулу, Исхак Масалиев, Назира Абирова жана Тынчтыкбек Шайназаров турат.

“Мекен ынтымагы” партиясы бүгүн кечке жуук курултайын өткөрдү. Бул партиянын лидери Темирбек Асанбеков. Партия тизмесине Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбеков киргени тууралуу маалыматтар айтылууда.

Курултайларын өткөргөн саясий партиялар 20-августка чейин талапкерлердин бектилген тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек. Ошондуктан шайлоого катышууну чечкен партияларга өтө эле кыска убакыт - бир гана күн калууда. Андан кечиксе, шайлоо атаандаштыгынан четтетилет. Акыркы күндөн кечикпеш үчүн шаршембиде “Эгемен Кыргызстан”, “Азаттык” демократиялык партиялары курултайын белгилеп жатышат.

18-августка чейин КСДП, “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт”, “Бир бол” жана “Ар-намыс” партиялары курултайларын өткөрүп, тизмелерин такташты. Ошону менен жалпысынан сегиз партия күзгү парламенттик шайлоого даяр экендигин ырастай алышты. Шаршембиде алардын катарына жогоруда айтылган үч партия кошулса, жалпысынан 11 партия аламан жарышка түшүүсү күтүлүүдө.

Саясат таануучу Марс Сариев күрөш беш-алты партиянын ортосунда жүрөт деген пикирде:

-Таза шайлоо болсо беш-алты партия бири-бири менен алышат. Өкүнүчтүү жагы, идеология боюнча бөлүнбөй жатат. Маселен, улутчул партия же орусиячыл, батышчыл, америкачыл болуп бөлүнбөй эле баары бирдей, окшош болуп атат.

Марс Сариев буга мисал катары “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” партияларынын тизмесинде түрдүү көз караштагы талапкерлердин бирге турушун атады.

Оштогу “Адам укугу жана демократия" борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков күзгү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу мындай оюн билдирди:

- Буга чейин шайлоолордо административдик ресурс, шайлоо комиссиялары негизги ролду ойноп келген болсо, биометрикалык маалыматтар аркылуу шайлоо тартибинин кириши менен шайлоочулар өздөрү чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Демек, бул жерде акчанын күчү менен жеңишке жетишет.

Шайлоо учурундагы коопсуздук маселесине токтолгон Кубатбеков Ошто Мелис Мырзакматовдун кесилиши туруксуздуктун булагы болуп кала берерин кошумчалады.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын 18-августта болгон курултайы, анын саясый программасы жана өлкөдөгү саясий партиялардын окшоштуктары жана айырмасы жөнүндө публицист Олжобой Токтосунов “Азаттыкка” маек берди. Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:39 0:00

4-октябрдагы шайлоону өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө максатында Башкы прокуратурада атайын штаб түзүлгөн. Ал эми өкмөттө шайлоону уюштуруу жана жардам берүү боюнча өзүнчө штаб бар.

XS
SM
MD
LG