Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Өмүралиев: Чырдын башы чырмалышкан коррупция


Айбек Өмүралиев.
Айбек Өмүралиев.

Бишкек шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы баш калаадагы эң эле коррупциялашкан мекемелердин бири катары сыпатталып келет.

Жакында аталган башкармалыктын айрым кызматкерлери жетекчиликтин өзүмбилемдигин айыптап, жамааттын атынан нааразылык катын жарыялаган. Бирок жетекчилик мекемедеги коррупциялык иштерге бөгөт коюу аракеттери мына ушундай карама-каршылыкты жаратып жатат деп жүйө келтирүүдө.

Бул нааразылыктын себептери эмнеде жана мекемедеги тазалануу аракеттери туурасында Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Айбек Өмүралиев “Азаттыкка” маек курду.

Нааразылыктын башаты

"Азаттык": Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын айрым кызматкерлери жетекчиликтин өзүмбилемдик аракеттери тууралуу сизге карата нааразылыгын жарыялады эле. Мындай нааразылык эмнеден улам чыкты?

Өмүралиев: Мына ошол арызга кол койгон кызматкерлердин арасында эки адам бар. Бирөө биздин башкармалыктын муниципалдык жерлерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болсо, экинчиси шаардагы соода күркөлөрүн тартипке келтирүү бөлүмүнүн башчысы.

Мына ошол эки жетекчи жамааттын айрым кызматкерлеринин колун арызга койдуруп, коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып жатышат. Анткени биз мындан эки жума мурун каржылык текшерүү жүргүзүп, мына ошол эки бөлүмдөн ири мыйзам бузууларды таап чыкканбыз. Бул материалдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына бердик.

Бул материалдар текшерилип, андан ары кылмыш иши козголушу мүмкүн. Мисалы, муниципалдык жерди пайдаланып келген бир эле компаниядан 8 миллион сом казынага түшпөй калган. Анан быйылкы узартылган келишимдер боюнча жүзгө чукул соода күркөлөрүнөн түшчү 2 миллион сомдон ашуун каражат жетишпей жатат. Мына ошол бөлүмдөрдүн ишинин натыйжасында 10 миллиондой сом шаар бюджетине түшпөй калган. Биз мына ушунун бардыгын аныктап чыккандан кийин бул иштерге жооптуу бөлүм башчылар жамаат ичинде ар кандай оюн баштаганга өтүштү. Анын бири жетекчиликти өзүмбилемдикке айыптап, каралаган кайрылуу.

“Көркүнө чыккан” көмүскө схемалар

"Азаттык": Мекемедеги кайсы бир кызмат адамдарынын калыптанган коррупциялык схемалар менен иштегени кайсы жагдайлардан улам байкалууда?

Өмүралиев: Бизде эң көп акча жердин ижарасынан түшөт. Өзүңүздөр билесиздер, баш калаада жердин баасы кымбат. Анын ижара акысы дагы. Бирок мына ошол ижарага алуу жол-жоболорун түзүүдө да бир топ коррупциялык схемалар катылган экен. Мына ошонун натыйжасында шаар казынасына олчойгон каражат түшпөй, анын бардыгы өз ара келишип алуунун негизинде башка жакка кетип жаткан учурлар бар. Бул боюнча тиешелүү иликтөө иштери жыйынтыкталып бүткөн соң кенен айтып беребиз.

Бишкекте эки жарым миңден ашуун соода күркөлөрү бар. Бирок мына ошол көрсөткүчкө ылайык каражат түшпөйт. Биз мына ушул жагдайларды иликтей баштасак, негедир бирөөлөргө жакпай жатат окшойт.

Көк-Жар районунун тургундарынын нааразылык акциясы, 5-июнь, 2012-жыл
Көк-Жар районунун тургундарынын нааразылык акциясы, 5-июнь, 2012-жыл

"Азаттык": Мына сиз кызматка дайындалгандан бери 18 кызматкер жумуштан кетиптир. Алардын бардыгы кандайдыр бир көмүскө схемаларга аралашкандыгы аныкталганы үчүн жумуштан кетиштиби же башка себептери барбы?

Өмүралиев: Алардын көпчүлүгү өз арызынын негизинде жумуштан кеткен. Бирок алардын арасында дагы терс иш-аракеттер менен кеткендер бар. Бизде иштеген бир айым өзүнөн өзү эле арыз жазып, жумушунан кетип калган. Кийин териштирсек, жөн кетпей, бир компанияга байланыштуу документтерди өзү менен кошо ала кетиптир. Ал компания болсо биздин башкармалыкка 5 миллион сом карыз болчу. Биз буга байланыштуу милицияга кайрылууга аргасыз болдук.

Өмүралиев: Чырдын башы чырмалышкан коррупция
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Башка адамдардын кызматынан кетүүсү бул мен келгенден бери жумуш көбөйүп, бирок жетиштүү айлык болбогондон улам го деп ойлойм. Анткени бизде орточо айлык 5 миң сом. Мен башкармалыктын башчысы катары 18 миң сом айлык алам.

Айкындуулукту камсыздоонун жолу

"Азаттык": Маяна демекчи. Бирок сиздердин башкармалыкка кайрылган карапайым жарандардын көпчүлүгү андагы адистер жең ичинен чоң акча сунуштагандардын жумушун гана бүтүрүп берип, башкалардын суроо-талабына көңүл бурбай койгон учурларды көп айтышат. Мына ушундай терс көрүнүштөрдү жоюуга аракет барбы?

Өмүралиев: Бул багытта эки чоң долбоорду ишке киргизгени турабыз. Биринчиси - кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгын автоматташтырылган системага өткөрөбүз. Мына ошондо адам фактору бир топ азаят. Анткени электрондук кезек аркылуу жарандардын суроо-талаптарын канааттандырып, ачык-айкындуулукту камсыздоого өбөлгө түзүлөт. Бул долбоорду ишке киргизүү жети жарым миллион сомду түзөт. Аны АРИС каржылайт. Буюрса, жаңы жылга чейин тендер өтсө, долбоор ишке кирип, жең ичинен акчага иш бүтүрмөй деген адаттан арылабыз.

Экинчи долбоор бул – инвентаризациялоо. Биз шаардагы жердин бардыгын каттоого алып, анын канчасы мамлекетте, канчасы жеке колдо жана канча бөлүгү муниципалдык менчикте экенин аныктап чыгабыз. Мына ошондо көп маселенин башы ачылат. Мына ушул эки долбоор башталса, башкармалык таза иштеп, пара талап кылуу жоюлат.

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бири
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бири

"Азаттык": Буга чейин шаарда бир миң алты жүздөн ашуун мыйзамсыз курулган объекттер бар экени жарыяланган болчу. Анын ичинде мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөр да бүткөрүлүп, сатылып кеткени айтылган. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?

Өмүралиев: Бул чынында эле өтө чоң көйгөй. Мына ошол мыйзамсыз курулуштарды бүтүрүп, анан сатып жиберип, анан куйрук түйгөн компаниялар боюнча териштирүү иштери өтө катаал болот. Аны сатып алган жарандар дагы оор абалда турат. Биз бул боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сурап жатабыз. Мына ошондо маселени чечүүгө жеңил болот деген ойдомун. Биз бул маселени Шаардык кеңеш менен биргеликте алып барып жатабыз.

XS
SM
MD
LG