Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Саясатчылардын кимиси убадага бек?


“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук фонду кыргыз саясатчыларынын элге берген убадаларын чогултуп жатат.

Аталган фонддун кызматкери Наргиза Нанакеева “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бийлик адамдарынын убадаларына көз салуу идеясы кандайча пайда болду жана ал кандай максатты көздөйт?

Наргиза Нанакеева: Биздин бул долбоор 26-сентябрда ишке кирген. Ишибизди президенттик шайлоонун алдында баштаган элек. Анткени шайлоо алдындагы компанияларда биздин саясатчылар көптөгөн убадаларды бере баштайт эмеспи. Ошол убактан баштап, берилген убадаларды чогултуп, иликтеп жатабыз. Азыркы учурда бизде 31 саясатчы бар. Алардын ичинде президент, премьер-министр, алардын аппаратында иштегендер, ошондой эле кызматы жок саясатчылар бар. Мисалы, Адахан Мадумаров жана башка кызматта отурбаган саясатчылар.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Кайсы убадаларынын аткарылышын талдап чыктыңыздар?

Наргиза Нанакеева: Эгерде биздин интернет сайтыбызды ачсак, биринчи бетинде эле убадалар чыгат. Мисалы, кандай убадалар бар? Президент Алмазбек Атамбаевдин “мен президент болсом Назарбаевдин алдына барып, Каркырабызды кайра артка кайрып алабыз” деп ишендиргени бар. Өмүрбек Бабановдун көп убадалары бар. Анткени азыр экономикалык маселелер аткаруу бийлигине тийиштүү да.

“Азаттык”: Сиздердин тизмеде оппозициянын өкүлдөрүнүн айткандары да барбы?

Наргиза Нанакеева: Ооба, оппозициянын да убадалары бар. Мисалы, Камчыбек Ташиевдин деле көп убадалары бар. Тилекке каршы азыр популисттик убадаларды көп беришет.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG