Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Коалиция түзүү мандаты КСДПга берилди


Президент Атамбаев КСДП фракциясынын лидери Турсунбековго башкаруучу коалиция түзүү мандатын тапшырууда. 8-декабрь.
Президент Атамбаев КСДП фракциясынын лидери Турсунбековго башкаруучу коалиция түзүү мандатын тапшырууда. 8-декабрь.

Президент Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалицияны түзүү мандатын КСДП фракциясына тапшырды.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго башкаруучу коалицияны түзүү мандатын тапшырды.

Мандатты тапшыруу учурунда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев буларга токтолду:

- Жаңы коалициянын курамына кирген депутаттар элдин кызыкчылыгын өздөрүнүкүнөн өйдө коюшу абзел. Эптеп бийликке келиш үчүн келишимге кол коюп, анан өткөндөгүдөй күнүгө интрига, чатак чыгарышса, анда ишиңизден эч кандай майнап чыкпайт. Элдин акчасын, бюджетти үнөмдөп, парламенттик комитеттердин саны азыркыдай 16 эмес, ашып кетсе 10-11 болуш керек. Министрликтердин санын 15-16дан ашырбай тургандай мүмкүнчүлүк пайда болду. Биздин эң негизги милдетибиз - ыймандуу бийликти түптөө. Кудай өзү жардам берсин.

Былтыр парламенттик шайлоодон кийин коалицияны түзүү укугу алгач социал-демократтарга берилген. Бирок алар түзө албай, "Республика" фракциясына мандат берилгенден кийин гана түзүлгөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG