Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

КСДП: Көз ирмемде алмашкан мандат


Cоциал-демократтар партиясынын желеги
Cоциал-демократтар партиясынын желеги

БШК Жогорку Кеңештеги Cоциал-демократтар фракциясынын депутаты Тилектеш Исаевдин жазган арызынын негизинде ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын ордуна Канат Керезбековго мандат берилди. Мындан кийинки эле депутат болчу киши президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов. Азыр Жогорку Кенеште социал-демократтардын дагы бир депутаты Музаффар Искаковго кылмыш иши козголгонун эске алганда Илмияновдун депутат болуусуна аз эле калды окшойт.

БШК 3-мартта Тилектеш Исаевдин арызы караларын абдан жашыруун кармады жана күн тартибин так жыйындын алдында гана жарыялады. Арызда анын жазылган мөөнөтү 24-февраль деп көрсөтүлгөн жана Исаев эмнеге мандатын чукул тапшырып жаткан себеби айтылган эмес.

Депутат Исаковго кылмыш иши козголду

Депутат Исаковго кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бирок Боршайкомдогу ишенимдүү булактардын билдиришинче, 3-мартта арыз Жалпы бөлүмдө түшкө чейин болгон эмес. "Азаттык" Тилектеш Исаев менен байланышып, эмнеге мандатын чукул тапшырганын сурап-билүү аракетибизден майнап чыккан жок. Андан соң бир катар КСДПчы депутаттар жана катчылыктын өкүлдөрү менен байланыштык. Баары тең кабары жоктугун айтышты.

Сайдолимжон Жураев Тилектеш Исаев мындан бир күн мурда эле парламенттин жалпы жыйынына катышканын, кетүү тууралуу ою да жок болгонун айтып берди:

- Мен мындай маалыматты азыр сизден угуп жатам. Ал мандатын качан тапшырам деп качан арыз жазыптыр? Ал бүгүн келген жок. Кечээ келген, жакшынакай эле иштеп жаткан. Кетери тууралуу буга чейин сөз болгон эмес. Мен азыр өзүнө чалып билейинчи. Парламентте анын кетери тууралуу эч ким билбейт. Эч кандай сөз жок. Сиз мага жакшы айттыңыз.

Тилектеш Исаев 2010-2011-жылдары "Манас май куюучу комплекс" мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылы, Жогорку Кеңешке КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келгенге чейин "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" ишканасынын башкы директору болуп турган.

Исаевди жакындан билгендердин айтышынча, ал президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен жакын мамиледе жүрөт жана депутаттыктан кеткенден кийин кайра эле күйүүчү май бизнесине кайтат.

Илмиянов ар кандай кландар менен сүйлөшө билет, бул жааттагы ар кандай технологияларды билет. Мунун баары президенттик шайлоого даярдык.
Марс Сариев

БШК Тилектеш Исаевдин ордуна кезек боюнча Канат Керезбековго мандат берүү тууралуу чечим чыгарды. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова жыйында Канат Керезбеков бул тууралуу маалыматы бардыгын кабарлады. Бирок Керезбеков ага мандат берилгени жатканын бизден гана укту:

- Мен азыр шаарда эмесмин. Нарында болчумун. Азыр жолдо келе жатам. Эч нерсе уга элекмин. Уксам сизге биринчи кабарлайм. Жолдон аман-эсен келейин. Эми мунун ырымы да бар. Кудай деп туралы. Мен келгенден кийин сүйлөшөлү.

Талдоочу Марс Сариев Тилектеш Исаевдин мандатын күтүүсүз тапшырганын Икрамжан Илмияновду парламентке мүмкүн болушунча эртерээк алып келүү аракети катары сыпаттады. Сапар Исаковдун Фарид Ниязовдун ордуна президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалышы өңдүү окуялардын баарын күздөгү президенттик шайлоого даярдык деп баалады:

- Фарид Ниязов президенттик шайлоого карата штабды башкарат. Азыр эми Икрамжан Илмияновду депутат кылып алып келүүгө болгон аракет көрүлүп жатат. Эгер депутат болсо, бир жерде орун-очок алып алса анда ал көмүскө Ниязов менен кошо штабда иштетиши мүмкүн. Себеби булар күчтүү фигуралар. Ниязов күчтүү уюштуруучу. Ал эми Илмиянов болсо ар кандай кландар менен сүйлөшө билет, бул жааттагы ар кандай технологияларды билет. Түштүк жактан дагы колдоо тапканга аракет кылат, байланыштары да бар. Мунун баары президенттик шайлоого даярдык. Президент Алмазбек Атамбаев дагы саясаттан кетпей турганын бекер айткан жок. Ал өзү премьерликке барат, азыр КСДП президенттикке кадрларды даярдап жатат.

Өткөн айдын ортосунда Башкы прокуратура КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Искаковго "коррупция" беренеси менен кылмыш иш козголгон. Ага 2010-2015-жылдары Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүн башкарып турганда мыйзамсыз 300дөн ашык токтом чыгарган,15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген деп айып тагылган. Депутат мындай дооматтардын баарын жокко чыгарган. Анда дагы жогорку бийлик Икрамжан Илмияновдун парламентке келишин тездетүү жолдорун издеп жатат деген өңдүү сөздөр айтылган. Искаков өз эрки менен мандат тапшырбай, парламенттен кеткенге көнбөгөнү үчүн кылмыш иш козголду деген божомолдор да болгон.

"Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кадр саясатындагы алешемдиктерди иликтөөгө алды.

Кадыры жок кадрлар
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:28:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG