Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Жогорку Кеңеш бир белес ашты


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин ишин жыйынтыктап жатып, ал эффективдүү иштеп жатканын белгиледи. Чындыгында эле парламент натыйжалуу иштеп, парламенттик бийлик системасы Кыргызстанда жемишин бере баштадыбы?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов, парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев жана “Прогресс” коомдук уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов катышты.

"Азаттык": Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жазгы сессиянын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, парламент натыйжалуу иштеп жатат деп билдирди. Асия айым, жалпы депутаттарда ушундай пикирби?

Асия Сасыкбаева: Натыйжалуу иштеди деп спикердин айтканына мен кошулам, депутаттардын көпчүлүгү кошулат. Ошол эле кезде өнүккөнгө мүмкүнчүлүк дагы эле бар. Депутаттар жакшы эле жумуштарды жасап, жакшы мыйзамдарды кабыл алып каникулга чыгып кетишти.

“Азаттык”: Мыйзам чыгаруу жагынан парламент милдетин аткарып жатат дейли. Ал эми бийлик системасын парламенттик табиятка өткөрүү жагы кандай жүрүп жатат? Мына дагы төрт айдан кийин жаңы Конституция менен парламенттик башкаруу системасынын түптөлүүсүнө эки жыл болот.

Кубатбек Байболов: Эки анжы баа берилип жатпайбы, депутаттар ийгиликтүү иштедик деп айткандан башка эч нерсе айтпайт. Бирок критерий кайда? Маселен, мыйзамдардын саныбы, же жыйында болгон чатак мененби, же депутаттардын сессияга келгени менен өлчөнөбү?

Ал эми менин оюмда, өлкөдөгү болуп жаткан экономикалык өзгөрүүлөр, укуктук, сот тарабындагы, мамлекеттик башкаруу системасында, жергиликтүү абалдар негизги критерий болуш керек. Көпчүлүк жарандардын айтымына караганда, кайсы тармакты албайлы чоң-чоң проблемалар орун алган. Демек азыркы иштеп жаткан парламенттин ишинин эффективдүүлүгү ойдогудай эмес деген баа менимче туура болмок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Парламент бийлигин жүргүзө алдыбы же алалабы?

Мукар Чолпонбаев: Парламенттик башкаруу болгондон кийин системасына чындап өткөн болсок мыйзам долбоорлордун бардыгы, ички, тышкы саясат өкмөт аркылуу аныкталып, ошонун баары Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамдар аркылуу ишке ашыш керек. Ошондуктан парламентти азыр аткаруу бийлигинин юридикалык бөлүмү деп айтыштын өзү натура сөз болуп калат.

Мен критерий менен аныктайт элем, Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө. Мыйзамдуулуктун абалын биринчи көзөмөлгө ала тургандар - башкы прокурор жана сот системасы. Бүгүнкү сот системасынын система болбой бузулуп калышына азыркы Жогорку Кеңеш түздөн-түз күнөөлүү. Себеби биздин сотторубуз жаманбы, жакшыбы иштеп аткан эле.

Ушул парламент келгенден кийин биз сот системасындагы бир дагы судьяга ишенбейбиз, баары коррупцияга баткан, ошондуктан жакын аранын ичинде бүт судьялардын баарын алмаштырабыз деп койду, аягы эмне болду? Судьялардын бардыгы адилеттүүлүктөн кетти.

Бизди парламент өзү шайлайт экен, эптеп сатып алсак да иште калышыбыз мүмкүн, ордубузда калбасак да эптеп кийинки бала-бакыраны бакканга бир нерсе жыйнап алалы деген аракетке түшүп калды. Ошондой судьялардан биз эмне жакшылыкты күтөбүз?

“Азаттык”: Жаштар арасында да парламенттик система боюнча ой-пикирлер бар. Адил мырза, парламенттик система калыптанды деп ойлойсузбу?

Адил Турдукулов: Азыркы Конституция боюнча парламентке чоң-чоң укуктар берген болчу. Азыркы парламент эң жоопкерчиликсиз парламент болду деп эсептейм. Анткени алар мыйзам чыгаруу саясатынан тышкары карга карганын көзүн чукубайт деген саясат эң башкы саясат болуп келди деген ойдомун. Ошондуктан бул парламенттин ичинде партиялык конкуренция болбой, клан-клан менен бөлүшүү, согушуу, ошол аркылуу ресурстарды бөлүштүрүү жана жакшы сөздөрдү айтып, бирок фактылар боюнча иш жүзүндө башка саясат болуп жүргөнү даана көрүнүп турат.

Ошондуктан парламенттик система такыр урап калбашы үчүн азыркы парламентти таратыш керек деген ойдомун. Анткени азыркы парламент сапаты, жөндөмү, ыйманы жагынан туруксуз жана биздин Кыргызстанды туура эмес жолго алып келген парламент болду деп эсептейм.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG