Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Ош: митингчилер президент өтчү жолду тороду


Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов нааразылыкка чыккандар менен сүйлөшүүдө. Ош, 17-февраль.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов нааразылыкка чыккандар менен сүйлөшүүдө. Ош, 17-февраль.

Ош шаарында нааразылыкка чыккан 200дөй адам иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы өтчү жолду кыска убакытка буушту.

Алар эки жумадай мурда киши колдуу болгон Эрнис Машраповдун өлүмүнө тиешелүүлөр жазасын албай жатканына нааразылык билдирип, президентке арыз-армандарын айтканы чыккан экен. Жергиликтүү бийликтердин кийлигишүүсү менен алар жол бууганды токтотту. Бирок кечке чейин президент менен жолугушунуу талап кылып турушту.

Шаардын борбордук аянтында чогулган 200дөн ашык адам киши колдуу болгон 23 жаштагы Эрнис Машраповдун өлүмүнө айыптууларды катуу жазалоо талабын коюп чыккан. Көкүрөгү ыйга толгон маркумдун энеси Бегимжан Токтосунова өз арманын минтип айтып жатты:

- Балам өлөөрү өлдү. Эгер балам бир шок болуп, же өзү жөн жүрбөгөндөрдөн болсо да унчукпайт элем. Жакшына жүргөн немени ушундай мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Канча тилектер, канча максаттары ойрон болду. Мындай мыкаачыларда ата-эне тууганбы, же айбан тууганбы? Эгер ошол кылмышкерлерди өлүм жазасына тартпаса, өмүр бою эне катары чоңдорду да, ошо депуттарды да каргап жүрүп өтүп кетем.

Киши колдуу болгон жигиттин агасы Мээримбек Төрөбеков бул кылмыш иши улуттук маанай менен байланыштуу деп эсептейт:

- Ошо 5-февраль күнү эртең менен чыгып кеткен. Кечирээк саат 10дордо телефондон сүйлөшкөнбүз. «Азыр барам» деген. Бирок ошол боюнча үйгө кайткан жок. Милиция калп эле бири тажик, бири кыргыз, булар жөн эле урушуп кетишкен деп атат. Биз ишенбейбиз.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында, окуя 5-февраль күнү жүз берген. Шаарда таксист болуп иштеп жүргөн Алай районунун тургуну Эрнис Машраповду белгисиз бирөөлөр мыкаачылык менен өлтүрүп, Араван районундагы дарыяга ыргытып жиберишкен. Сөөгү 4 күндөн кийин табылган.

Чогулгандардын бири Өсөрбай Түкүев да мындай окуяларды чагымчылар атайын уюштурушу мүмкүндүгүн белгилейт:

- Жаш кырчындай жигитти өлтүрүү кимдин кызыкчылыгында болушу мүмкүн. Бир эле бул дейсиңерби? 2-3 айдын ичинде 4-5 таксист киши колдуу болду. Мунун баарын атайын бирөөлөр уюштуруп жатат.

Ал эми күч органдары бул окуянын улуттук мүнөздө эместигин ачыктоодо. Окуяга шектүү 2 жаран кармалгандыгын жана бул иш толугу менен иликтенээрин ички иштер министринин аймактагы орун басары Курсан Асанов митингдегилер менен жолуккан учурда билдирди:

- Мындай кылмыштар азыр өтө башкача кабыл алынып жатат. Эми адам өлтүрүүлөр эмес, бирок мында кыргыз-өзбек бильярд ойноп атып урушуп кеткени, же жол талашып урушуп кеткени мурда-кийин боло келген нерсе. Коогалаңдан кийин гана мындай окуяларды улуттук маанайга байланыштырып жиберип атышат. Эрнис Машраповдун өлүмү деле улуттар маселесине байланыштуу эмес. Бирок айыптуулар өз жазасын алат.

Бирок буга ыраазы болбогон митингчилер президент Алмазбек Атамбаев студенттер менен жолугушуп жаткан тарапты көздөй жүрүш жасашты. Алар Курманжан датка кичирайонуна келип, өлкө башчысы өтө турган жолду буушту. Күч органдарынын кийлигишүүсү менен жол кыймылы кайра ачылды.

Митингчилерди шаар башчысы Мелис Мырзакматов өзү кабыл алаарын айтып таркатты:

- Кечирээк силерди мэриядан кабыл алайын. Көйгөйүңөрдү угайын. Азыр бирок минтип жол бууганды токтоткула.

Нааразылыкка чыккандар менен президент Алмазбек Атамбаевдин да жолугушуусу ыктымалдыгы айтылган. Бирок кечке жуук андай жолугушуу болбогону белгилүү болду. Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарына кечээ эки күндүк иш сапары менен келген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG