Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

КСДП абактагы партиялаштары үчүн кабатыр


Фарид Ниязов жана Сапар Исаков. 27-апрель, 2018-жыл.
Фарид Ниязов жана Сапар Исаков. 27-апрель, 2018-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) анын абактагы саясий кеңешинин мүчөлөрү Сапар Исаковдун, Кубанычбек Кулматовдун жана Албек Ибраимовдун кылмыш иштери сотко өтпөй, кечеңдегенин далилдин жоктугу менен байланыштырды.

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору боюнча козголгон кылмыш иштеринин экөө сотко өтүп, калгандарынын экспертиза корутундулары чыгары менен сотко жибериле турганын жарыялады.

Саясий чөйрөдө коррупцияга байланыштуу шек саналган мурдагы жогорку кызмат адамдарынын ишин сотко өткөрүү кечеңдеген сайын тергөөнүн объективдүүлүгүнө ишеним азайып жатканы сөз болууда.

Создуккан иштерге ташталган собол

КСДПнын катчылыгы партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү - мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовду жана Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакта кармоо жана тергөө мөөнөттөрү улам узартылып жатканына кабатыр экенин жарыялады.

Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов мындан беш ай мурда - 5-июнда кармалып, камакка алынган. Аларга коррупция, кызматынан кыянат пайдалануу жана кызматтык жасалмалоо боюнча кылмыш иштери ачылган эле. Ошондой эле 19-июлда Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов да кармалып, ага "Дастан" заводун жетектеген учурдагы коррупциялык иштерине байланыштуу кылмыш иши козголгон.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “тергөө кечеңдеп, алардын кылмыш ишин сотко өткөрүү атайын создуктурулуп жатат” деп билдирди:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Биз тергөө абагында отурган партиялаштарыбыздын абалы менен алардын адвокаттары аркылуу таанышып турабыз. Адвокаттардын айтымында, азыркы учурда С. Исаковго, К. Кулматовго жана А. Ибраимовго карата эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөй жатыптыр. Тергөө органдарынын кандайдыр конкреттүү далилдери, тиешелүү тергөө амалдары болбогондуктан алар тергөө абагында жөн эле отурушат. Мыйзамда белгиленген тергөө мөөнөттөрү да сакталбай жатат. Баягыда эле Коргоо кеңешинде бул иштердин баары сентябрь айында сотко өтө турганы жарыяланган. Азыр ноябрь айы ортолоп баратат. Бирок аталган кылмыш иштери дагы эле сотко жөнөтүлө элек. Бул эмнеден кабар берет? Мунун баары саясий өңүттө козголгон, эч кандай далилдери жок кылмыш иштери экенин тастыктап жатат.

Экспертизалардын жыйынтыгын күткөн тергөө

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мурдагы он бештей жогорку кызмат адамы коррупцияга шектүү катары, фигурант катары өтүп жаткан Бишкек ЖЭБин оңдоого кеткен каражаттын туура эмес чыгымдалышына жана өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин арасынан экөө сотко өткөн.

Бул иштер негизинен “Улуттук энергохолдингдин” жана "Электр станциялары" ишканасынын топ-менежерлерине байланыштуу кылмыш иштери.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев тиешелүү экспертизалардын корутундусу чыгары менен жакында калган кылмыш иши дагы сотко өткөрүлөрүн билдирди:

- “Бишкек ЖЭБин оңдоого жумшалды” деген 386 миллион доллар каражаттын мыйзамсыз чыгымдалышын карап чыгып, бул боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон. Учурда алардын арасынан эки кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилди. Ал иштер азыр сотто карала баштады. Калган кылмыш иштери учурда тергелип жатат. Бул иштер боюнча шектүү деп саналган мурдагы жогорку кызмат адамдарына айыптары угузулган. Кылмыш иштеринин алкагында Эсеп палатасына аудит жүргүзүү жагы тапшырылган. Мындан сырткары соттук-курулуш, соттук-техникалык экспертизалар дайындалган. Ошолордун жыйынтыгы чыккандан укуктук баа берилип, кылмыш иштери сотко өткөрүлөт.

​Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев тергөө экспертизалардын жыйынтыгын күтүп, эки-үч айга үзгүлтүккө учурап жатканы кечиримсиз экенин айтты.

Бул чуулгандуу кылмыш иштеринин жыйынтыгын коомчулук күтүп жатканын айткан депутат Камчыбек Жолдошбаев кеткен чыгымдардын изин табууда тергөө органдары чабалдык кылып жатканын сынга алды:

Камчыбек Жолдошбаев.
Камчыбек Жолдошбаев.

- Силер эми ушунча убакыттан бери экспертизалардын жыйынтыгы деп эле эмнени күтүп жатасыңар? Тергөө иштеринин башталганына жарым жылдан ашып калды. Ушунча убактан бери бир жыйынтык чыгарышыңар керек эле го. Бул боюнча салыштырып, талдасаңар эле баары ачыкка чыкканы турбайбы. Мисалы үчүн Тажикстанда Жылуулук электр борбору биздегиге караганда 120- 150 миллион долларга арзан курулганы боюнча маалыматттар бар. Ошол жакка барып келип, эки долбоорду салыштырып эле жыйынтык чыгарсаңар болбойт беле? Анан дагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Кытайга барып ушул эле долбоорду ишке ашырууну 150 миллион долларга эле баалашып, макулдашканы боюнча да парламентте сөз болгон. Силер ошол багыттагы изилдөөлөрдү жүргүзбөй, убакытты атайын создуктуруп коюп эле, тигилердин чайын ичип коюп жүрөт окшойсуңар....

Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан иштер

Жакында камакка алынган мурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев анын коргоосундагы адамдардын иштери боюнча тергөө токтоп калганын билдирген.

Ага чейин УКМКнын өкүлү абакта Кубанычбек Кулматов тергөөгө көрсөтмө бербей жатканын айткан. Саясатчы Азимбек Бекназаров мындай иштер боюнча коомчулукка так маалымат берип туруш керек экенин белгиледи:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

- Абакта отурган ошол адамдарды камакта кармоо, тергөөнүн мөөнөттөрү бүткөнү жана алардын негизсиз узартылганы боюнча алардын адвокаттары укуктук негиздемелер менен жүйө келтирип, коомчулукка айтып турушу зарыл. Ошондой эле прокуратура жана тергөө органдары да бул кылмыш иштери коомчулуктун бүйүрүн кызыткан иштер болгондуктан тергөөнүн жүрүшү, жыйынтыктары боюнча так, ачык маалымат берип турушса болмок. Азыркы учурда коомчулуктун кайсы бир катмары бул иштерди саясий мүнөздөгү иштер катары кабыл албайт. Анткени былтыркы кыштагы Бишкек ЖЭБиндеги аварияны калкыбыз унута элек. Бирок ошол эле кезде тергөө ошол коомчулуктун көңүл борборундагы маселени так иликтеп чыгып, убакытты созо бербей, иштерди сотко өткөрүшү керек. Убакыт канча чоюлган сайын тергөөнүн объективдүүлүгүнөн күмөн саноо күчөшү мүмкүн.

Абакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары болуп эсептелчү.

Былтыр Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыктан кийин анын себептерин иликтөө боюнча парламентте убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, анын чыгарган тыянагында Кытайдан мамлекеттик кепилдик менен насыя алынган 386 миллион доллардын ыксыз колдонулганы аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG