Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Митингди ээрчиген митингдер


Жаз келгени Кыргызстанда түрдүү жана бири-бирине каршы саясий акциялар көбөйдү.

12-мартта Жалал-Абад шаарында “Ата Журт” партиясынын камактагы лидерлерин колдогон акция уланды. Бишкекте миңге чукул студент "Жаштар достук жана тынчтык үчүн" ураанын көтөрүп, жалпы саясий күчтөрдү ынтымакка чакырышты.

Ал эми Бишкек милициясы элдик кошуундар менен бирге 13-мартта борбор калаада өтчү митингде башаламандыкка жол бербөөнү талкуулады.

13-мартта “Кыргызстанды сактоо кыймылы” башында турган күчтөр Бишкекте митинг өткөрөрүн билдиришкен. Президент Алмазбек Атамбаев бакиевчилер төңкөрүш жасоого аракет кыларын айтты.

Ташиевдин тарапкерлери, Жалал-Абад
Ташиевдин тарапкерлери, Жалал-Абад
Жалал-Абад шаарында “Ата Журт” партиясынын камактагы депутаттарын колдогон акция бүгүн да уланып, бирок аны мындан ары убактылуу токтото туруу чечими кабыл алынды. 150дөй киши катышкан бүл күнкү митингде мурдагыдай эле камактагы “Ата Журттун” депутаттарын бошотуу, Кумтөр келишимин жокко чыгаруу талаптары айтылды.

Депутаттарды коргоо комитетинин мүчөсү Камбар Тургунбаев бийлик элдин талабына кулак салбай жатат деген пикирде.

- Менин оюмча, ушул жерде турган Камчыбек Ташиевдин тарапкерлеринин чыдамы кете баштады. Ушуну жогору жактарга жеткире турган адам болбой жатат. Бул жердеги биздин бийлик жетекчилери жеткирбей жатса, ал эми тиги жакта болсо биздин сөздү эч ким укпай жатат.


Жаштар митингдерге каршы

Ушул эле күнү Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган миңге чукул студент "Жаштар достук жана тынчтык үчүн" ураанын көтөрүп, жалпы саясий күчтөрдү ынтымакка чакырды.

Митингде сүйлөгөн жаш лидерлердин көпчүлүгү өлкөдө тынчтык, бейпилдик, стабилдүүлүк болуш үчүн саясий лидерлер бир пикирге келиши зарылдыгын белгилешти. Жаштардын “Ариет” демилгечи тобунун жетекчиси Атай Бейшенбек уулу жеке максаттарды көздөгөн митингдерге каршы.

- Жаз келгени “кетсин, келсин” деген гана ураандар пайда болуп, ар тараптуу митингдер жана акциялар өткөрүлө баштаганын биз түшүнүп жатабыз. Бирок биз, жаштардын өкүлдөрү буга байланыштуу так бир түшүндүрмө бергибиз келет. Мисалы, ким эмне үчүн кетиш керек, же ким эмне үчүн келиш керек? 20-22 жылдан бери “кетсин, келсин” деп, жеке адамдардын максаттары ойноп келген. Мындан ары эч убакта андай ойнолбойт.

13-мартта болсо, Бишкектин Ала-Тоо аянтында “Кыргызстанды сактоо кыймылы” курултай уюштурганы жатат. Кыймылдын лидери Мукар Чолпонбаевдин айтымында, курултайга 5 миң киши чакырылган.

- 5 миң адам чакырганбыз. Ошон үчүн борбордук аянтта өткөргөнгө аргасыз болуп жатабыз. Митингди өткөрүүгө уруксат алынган, милиция кайтарып, башаламандык болбойт. Биздин идея менен жүргөндөр кааласа келе берсин, каршылык жок. Ал эми бизге каршыларды курултайга киргизбейбиз. Кимдер бизге каршы экенин билебиз.

“Кыргызстанды сактоо” саясий кыймылы да камакка алынган депутаттарды бошотуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн аткаминерлерди жоопко тартууну талап кылууда. 13-марттагы бул митинг учурунда коомдук коопсуздукту Бишкек милициясы элдик кошуундар менен бирге камсыздамай болду. Бул тууралуу 12-мартта Бишкек шаардык милициясында борбор калаа мэри Иса Өмүркулов жана элдик кошуундардын лидерлери менен болгон жолугушууда айтылды.

Шаардык милициянын башчысы Мелис Турганбаев:
Бизге каршыларды курултайга киргизбейбиз. Кимдер бизге каршы экенин билебиз.

- Эч кандай коомдук тартипти бузбай, өзүнүн оюн билдире турган болсо, биз тескерисинче, байкоо салып, чагымчылыктан же башаламандыктан аларды коргоп берүүгө даярбыз. Эгерде жол тосуп, же тоноп, мыйзамсыз иштерге барышса, анда биз албетте аларды кармап, мыйзам чегинде жоопко тартууга милдеттүүбүз.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 11-мартта Коомдук биринчи каналга курган маегинде өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал токтолуп, бакиевчилердин бийликти кайтарып алуу аракеттери болорун билдирди.

- Пикирлер гана эмес, албетте, аракеттер болот. Анткени Жаныш Бакиевдин, Максим Бакиевдин артында тургандардын мындай акыркы бир үмүттөрү – ушул жыл. Эптеп, кайрадан бийликке келсек деген ойлору ошол. Мына, Кыргызстандагы ар бир чатакты карасак, чындыгында артында ошолордун кулагы чыгып турат. Анткени чатак маселенин ар биринин артын карасаң себеп жок да. Түпкү себеби жок. Шылтоо да чындыгында.

Жакындан тарта өлкөдө бийлик бутактарына каршы ар кандай нааразылык акциялары жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG