Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Мушкер Поветкиндин футболкасында сыр барбы?


Президент Атамбаев мушкер Александр Поветкинди кабыл алуу учурунда. Бишкек, 9-июль, 2013.
Президент Атамбаев мушкер Александр Поветкинди кабыл алуу учурунда. Бишкек, 9-июль, 2013.

Президент Алмазбек Атамбаевдин орусиялык спортчуларды кабыл алышы талкуу жаратты.

Интернетте социалдык тармактарда мушкер Александр Поветкин кыргыз президентинин кабыл алуусуна улутчул свастика тартылган футболка менен келиши катуу сынга кабылды.

Президенттин маалымат кызматы болсо орусиялык мушкерлердин келиши Кыргызстанда спортту жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болоорун, терс жактарын издебеш керектигин айтууда.

Президент Атамбаев орус спортчулары менен учурашууда. Бишкек, 9-июль, 2013.
Президент Атамбаев орус спортчулары менен учурашууда. Бишкек, 9-июль, 2013.
Орусиялык спортчулардын кыргыз мамлекет башчысынын кабылдоосунда болгону тууралу сюжет телеканалдар аркылуу чагылдыргандан кийин бат эле социалдык түйүндөр талкууга жык толду. Көпчүлүктү айтылуу орус мушкери Александр Поветкиндин улутчул свастика тартылган футболкасы иренжиткен сыягы бар.

Кыргыз либерал демократиялык партиясынын баш катчысы Манас Саматов орус спортчуларын кабыл алуу президенттин деңгээлиндеги иш эмес деп эсептеп, күдүк ойлорду жаратарын айтты:

- Ошондой свастикасы бар футболканы кийип, бир өлкөнүн президенти менен жолугушууга келгени бул жөн эле эмес, бул жерде чоң сыр, же өздөрүнүн принцибин таңуулоо аракети жатат. Экинчиден, бул башка жат мамлекеттин спортчуларын президент жөндөн жөн эле кабыл албашы керек болчу. Президенттин өзүнүн деңгээли, статусу бар. Ал президенттин артында бүтүндөй кыргыз эли турат. Свастикасы бар эмес, жөнөкөй футболка кийип келиштин өзү деле уят. Кыйыр түрдө да дагы маселелер туулуп жатат: бул президенттин партиясы орустардын ашынган улутчул партиялары менен байланышы барбы, Карамушкина демек кокустан келбеген экен, Батукаевди кимдер аркылуу чыгарып кетти, ушундай байланыштар бар бекен деген күмөн, терс ойлорду жаратууда.

Орусиянын илимдер академиясынын этнология жана антропология институтунун илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору Сергей Абашин Фейсбуктагы талкуулардын биринде муну “жаңжалдуу жагдай” деп атады. Поветкиндин футболкасында жөн гана “жазыксыз славян символикасы” түшүрүлгөн деген талкууларды жокко чыгарды жана ал свастиканы ашынган улутчулдар колдонорун белгиледи.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов бул талкууларга комментарий берип, президент Атамбаев орусиялык спорттук делегацияны, анын ичинде Александр Поветкинди бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону катары кабыл алганын билдирди:

-Азыр орусиялык ММКларда Поветкин Ысык-Көлдө машыгып жатат деп жазылып жатат. Муну көлүбүздүн атагын чыгаруу, реклама десек болот. Дүйнө жүзү биздин Ысык-Көлдү митингдер аркылуу эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулар машыгып жаткандыгы боюнча биле баштады десек болот. Ошондуктан бул жерде кандайдыр бир терс жактарды издебей, туура кабыл алганыбыз оң болот эле. Поветкинди мисалы кыргызстандык спорт сүйүүчүлөр бокс чемпиону катары кабыл алышат. Ал өз өлкөсүндөгү дагы спорттогу жетишкендиктери үчүн сый-урматка татыган спортчу. Ал эми анын жеке инсандык кызыгуулары президент менен болгон жолугушууларга тиешеси жок.

Алмаз Үсөнов президент менен жолугушууда кийим-кечеге байланыштуу талаптар сөзсүз коюларын, бирок орусиялык спортчулар кийимдерин алмаштырууга үлгүрбөй калышканын кошумчалады:

- Атамбаев Поветкин менен жолукканда Ысык-Көл Советтер Союзунун учурунан бери эле космонавттардын, спортчулардын сүйгөн жери, машыгуулары өтчү жер экенин дагы бир ирээт эске салып, спорт менен туризмди айкалыштырып өнүктүрүү жөнүндө кеңири пикир алышкан. Поветкин менен Лебедев аэропорттон түшөөрү менен эле жолугушууга келген. Кийимин которуп келгенге убактысы болгон эмес. Болбосо дресс-код албетте болот. Келип эле жолугуп, андан кийин дароо эле Көлгө кетишкен. Кырдаал ошондой болуп калды.

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Кыргызстандын Орусиядагы ошол кездеги элчиси Раимкул Аттокуров орус улутчулдарын Кыргызстанга чакырып келгени, алар менен футбол ойногону кызуу талкууга кабылган болчу.

XS
SM
MD
LG