Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

“ВБ”: Соттошуудан саясий күрөшкө


Александр Ким
Александр Ким

“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатак өзүнүн логикалык жыйынтыгына чыгып бараткандай.

Александр Ким эмгек жамааты менен жолугушууда гезиттин кожоюну катары акыркы ирет жолугушуп жатышы мүмкүндүгүн билдирген. Ал эми гезиттин жарым үлүшүнө ээлик кылууга умтулуп жаткан Александр Рябушкин “Александр Ким жана гезиттин редакторлору эмгек жамааты менен коштошуп, сыртка кетүүгө камданып калды” деп жарыя салды.

Александр Ким Рябушкиндин сөзүн төгүнгө чыгарып, Кыргызстандан эч кайда кетпей турганын билдирди. Ал “гезиттин уюштуруучусу катары эмгек жамааты менен акыркы жолугушуу” тууралуу сөзү соттордун күтүүсүз жана мыйзамсыз чечимдери чыгып жатышына байланыштуу айтылганын белгиледи.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө “Вечерний Бишкектин” айланасында бир нече соттук териштирүү жүрүп жатат. Маселен, бир иш Жогорку Сотто, экинчиси Бишкек шаардык сотунда, үчүнчүсү Биринчи май райондук сотунда турат. Жогорку Сотто Александр Рябушкиндин арызы каралат. Рябушкиндин айтымында, ал Жогорку Соттон “Рубикондун” 50% үлүшүнө ээлигин тастыктап, иштөөгө жол беришин талап кылууда.

Ал эми Бишкек шаардык сотуна Александр Ким апелляциялык арыз менен кайрылган. Алар Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Биринчи май райондук соту Рябушкиндин пайдасына 388 млн. сомду Александр Кимден өндүрүү чечимин чыгарган.

Биринчи май райондук сотунда ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин арызы да каралууда. Ал “Вечерний Бишкек” гезити беделиме доо кетирди деп, 50 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Александр Кимдин айтымында, ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. “Вечерний Бишкекти” тартып алган күндө да күрөшүн токтотпойт:

- Эгерде өлтүрөбүз деп, ич кийимиме чейин бардык мүлкүмдү тартып алышса, анда мен сырт жакта күрөштү улантуу үчүн саясий башпаанек сурап кайрылам. Мен аларды жөн-жай калтырбайм. Бүгүнкү күндө каттоодон өткөрүлгөн бир нече сайтыбыз бар. Ал эми интернеттин мүмкүнчүлүгү белгилүү. Интернетти жаап коё албайсың.

Александр Ким 2000-жылы Адиль Тойгонбаев “Вечерний Бишкекти” тартып алгандан кийин күрөш жүргөндөй эле күрөш токтобой турганын кошумчалады.

Александр Рябушкин өз кезегинде соттун чечимдери аркылуу өзүнүн үлүшүнө ээ болууга умтулуп жактанын билдирди:

- Ал менин ээлик кылышыма каршылык көрсөтүп жатат. Дагы соттук териштирүүлөр болот. Жогорку Сотко арыз жолдодум. Ошондо баары чечилет. Ал эми Александр Ким чогулушта кетерин өзү айткан. Өзү менен кошо башкы редактор Геннадий Кузьмин жана интернет редактор Дина Маслованы алып кетем деген. Бул чогулушта айтылган сөз.

"Вечерний Бишкек": тараза ташы кайда оойт? (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:59 0:00

“Вечерний Бишкектин” жетекчилигинин маалыматы боюнча, алар Москвадан адвокат Василий Сайкинди чакырышкан. Ал учурда гезиттин айланасындагы соттук иштер, документтер менен таанышууда. Кимдин айтымында, Сайкинди чакыруунун максаты “Кыргызстан сотторундагы мыйзамсыздык тууралуу Москвадагы адвокаттардын коллегиясын кабардар кылуу” болгон.

“Вечерний Бишкектин” баяндамачысы Нарын Айып соттор “Вечерний Бишкек” боюнча мыйзамсыз чечимдерди кабыл алып жатат деп, буларга токтолду:

- 2000-жылы гезитти ээлеп кетишкен. Ошондо Рябушкин өзү сатып, редакцияга келип, "100 миң долларга саттым" деп мактанган экен. Азыр эми сотко барып алып, менден тартып алган деп атпайбы. Тартып алган болсо, ошол адамга каршы доо арыз менен кайрылуусу керек да. Гезит бул жерде эмнеге талашка түшүшү керек экен? Рябушкин өзү нөл. Ак үйдөгүлөр муну түртүп, “бар, сен жетекчисиң, баарын колуңа ал” деп жатат. Ал байкуш бул жерге келип сүйлөй албай кетип калууда.

“Вечерний Бишкектин” айланасындагы маселе боюнча КСДП жана “Ата Мекен” фракциялары да чатакташууда. Парламенттеги Адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрайымы, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко “Вечерний Бишкектин” кайрылуусун комитетте, парламентте кароону сунуштаса, КСДП мүчөлөрү Нурбек Касымбеков “Вечерний Бишкектин” маселеси сотто каралып жаткандыгын, соттун ишине парламенттин аралашуусу туура болбой турганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG