Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Апта: Камбар-Ата тагдыры Ташкенде чечилеби?


Орусия президенти Владимир Путин менен Өзбекстан президенти Ислам Каримов Ташкент аэропортунда учурашууда. 4-июнь, 2012.
Орусия президенти Владимир Путин менен Өзбекстан президенти Ислам Каримов Ташкент аэропортунда учурашууда. 4-июнь, 2012.

Узап бараткан жумада Орусия менен Өзбекстан Кыргызстанда курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСин эл аралык эспертизадан өткөрүүнү сүйлөштү.

Президент Алмазбек Атамбаев таза парламенттик башкарууга багыт алууну жактады. Муфтий шайлоо жаңжал менен коштолду.

Бишкек таң калууда

13-декабрда Ташкенде орус-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болгон. Ал жыйында тараптар Кыргызстанда курула турган Камбар-Ата-1 ГЭСин эл аралык экспертизадан өткөрүү макулдашканын орус жана өзбек маалымат каражаттары жазып чыкты.

Кыргызстан инвестор катары Орусияны тартып, өз аймагына кура турган объектинин тагдырын Ташкен менен Москванын чечип жатканы Бишкекте таңданууларды жаратууда.

Кыргызстандын тышкы иштер министрилиги маселенин чоо-жайын тактоо үчүн Ташкендеги кыргыз элчилигине кайрылды.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эгерде Өзбекстан жана Орусия Кыргызстандын сыртынан тон бычып, курулушту эл аралык экспертизадан өткөрөбүз деп макулдашып алган болсо, анда ал туура эмес дейт. Бирок да Жекшенкулов биринчи кезекте эки өлкө кабыл алынган документти изилдеп көрүү керектигин белгилейт:

- Формулировканы карап көрүш керек. Эгер өзүбүз чечтик деп чыга турган болсо, албетте туура келбейт. А бирок эки тарап бизге (Кыргызстанга) сунуштайбыз деген болсо, анда бир жөн. Документти көрүш керек.

Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин эл аралык экспертизадан өткөрүү талабын көптөн бери коюп келатат. Өзбек өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Рустам Азимов Шанхай кызматташуу уюмунун өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынында да бул маселени козгогон.

Кыргызстан жалпысынан Камбар-Ата-1 ГЭСинин эл аралык экспертизадан өтүүсүнө каршы эмес дейт энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров:

- Биз сөзсүз түрдө өткөрүлүш керек деген жерибиз жок. Бирок эгер өткөрүлө турган болсо, ага каршы эмеспиз деп биздин жетекчилик айткан.

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча Казакстан жана Өзбекстандын тынчсыздануусун жайгаруу үчүн Кыргызстан аларды долбоорго катышууга чакырган. Бирок кошуналар тараптан азырынча жооп боло элек.

Эгерде Орусия Өзбекстандын талабына макул болуп, эл аралык экспертиза болгонго чейин курулушту баштабоону чечсе, анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин тагдыры татаалчылыкка туш болуп калат. Бери дегенде ГЭСтин курулушу бир нече жылга кечеңдеши күтүлөт. Анткени эл аралык экспертизадан өткөрүү жеңил-желпи иш эместигин Тажикстандын тажрыйбасы көрөтүп турат.

Кыргызстан парламентинин комитеттеринде болсо ГЭСтерди куруу боюнча орус өкмөтү менен жетишилген келишимдер ратификациядан өтүүдө. Анын жүрүшүндө келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбай калган деген кинелер да айтылды.

Маселен “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева мындай дейт:

- Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы каралбай калган. Ал жерде 4-беренеде жазылып турат 50% бөлүшөт деп. А чындыгында 10-беренеде каралгандай, Орусия ГЭСти насыя алып кура турган болгондуктан, 25% Москва алып, долбоор өзүн актаганга чейин 75% акция Орусияда болот экен.

Жылдыз Жолдошеванын айтымында, долбоордун толугу менен бардык салыктардан бошотулганы, директорлор кеңешинде да Москванын үстөмдүк кылганы туура эмес.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өз кезегинде келишимди коргоп, аны нормалдуу катары баалады. Сатыбалдиевдин айтымында, Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн эми гана тендер жарыялады.

Кылмыш дүйнөсүндөгү таасир талашпы?

Кыргызстанда дин мамлекеттен бөлүнгөн. Мамлекет муфтияттын ишине кийлигишпейт. Ал эми уюшкан кылмыштуулукка жана анын аталыктарына согуш жарыяланган. Бирок дал мына ушул эки чөйрөдө мамлекеттик органдарга атак-даңк алып келбеген окуялар бул жумада орун алып кетти.


Баары ирети менен болсун. Өткөн жумада Бишкекке криминалдык аталык Камчы Көлбаев кайтып келди. Улуттук коопсуздук кызматы “Дубайдан биз кармап келдик” деп жарыя салып жиберди. Бирок дүйшөмбү күнү Биринчи май райондук сотунда Көлбаев өз эрки менен келгени маалым болду. Мына ошол сотто Көлбаевди бир айга камоо чечими кабыл алынды.

Мыйзамы күчтүү жана мамлекеттүүлүгү бекем өлкөлөрдө криминалдык элементтердин ары-бери жүрүүсү анчалык ызы-чууну жарата бербейт. Ал эми саясатына кылмыштуу дүйнө аралашкан өлкөлөрдө криминалдык аталыктардын кыймыл-аракети көп нерседен кабар берет. Дал ошол себептен Камчы Көлбаевдин Кыргызстанга келиши өлкөдө түркүн түкшүмөлдөрдү жаратты. Милиция кызматкерлери, анын ичинде айрым генералдар Камчы Көлбаевдин бийлик менен жең ичинен келишип алып, ошон үчүн келгенин айтса, дагы башкасы кылмыш дүйнөсүндө кожоюндукту жүргүзүү үчүн келди деп боолголойт.

Генерал Өмүрбек Суваналиев Кыргызстанда жер-жерлерде саясатка байланыштуу чатак чыккан болсо, анда кылмыш дүйнөсүн саясатчылар мурункудай колдонуш ыктымалдыгын четке какпайт.

Көлбаевдин келиши менен кылмыш дүйнөсүндө кандуу таасир талашуулар башталат дегенге да негиз бар. Анткени учурда Кыргызстанда "мыйзамдагы ууру" статусу бар үч адам бар. Анын бири Азиз Батукаев Нарында абакта отурат. Экинчиси Камчы Көлбаев. Үчүнчү "мыйзамдагы ууру" Илья Самсония бир ай мурун Бишкекте кармалып, абакка отургузулган. Улуту грузин болгон Самсония Кыргызстан паспорту менен "Манас" аба майданында кармалган.

Көп жыл абакта отуруп чыккан саясатчы Топчубек Тургуналиев кылмыш дүйнөсүндө тынымсыз эле күрөш жүрүп турат, Көлбаевдин келиши менен ал күчөшү мүмкүн дейт:

- Азыркы заманда Камчы келбесе деле согуш болушу мүмкүн. Келсе ого бетер согуш болушу мүмкүн. Анткени кылмыш дүйнөсүндө дайым эле согуш болуп келет. Ал жакта да бийлик деген өтө чоң, анан кирешелүү дүнүйө. Өзгөчө наркотик үчүн катуу согуш жүрөт.




Муфтий шайлоо алдындагы жаңжал

Конституциянын 7-беренесинде дин мамлекеттен бөлүнгөн деп жазылган. Ошого жараша мамлекет да диндин ишине кийлигишпеш керек. Бирок Кыргызстан бийлигинин башындагылар өзүнө жаккан муфтийди шайлап алуу салтын калыптандырып алган. Бул салт өлкө эгемендүүлүк алгандан бери аткарылып келатат. Бирок аны аткарууда акыркы кезде кыйынчылыктар чыгып, мамлекеттик органдарды ири жаңжалдарга кириптер кыла баштады.

Ал жаңжалдардын бири жай айларында, ажылык сапарды уюштуруунун алдында Чубак ажы Жалиловду муфтийликтен алууда чыкканы маалым. Анда муфтияттын да, мамлекеттин да кадырына доо кетирген ызы-чуу менен Чубак ажы Жалилов кызматынан кетип, анын ордуна Рахматулла ажы Эгембердиев убактылуу шайланган.15-декабрга белгиленген Кыргызстан мусулмандарынын курултайынын алдында Рахматулла ажы Эгембердиевдин айланасында мурдагыдан да чоң жаңжал чыкты.

Маалыматка караганда, муфтияттын ишине кийлигишүүгө акысы жоктугуна карабай бийлик адамдары Эгембердиевдин муфтий болуп шайлануусуна тоскоолдуктарды уюштуруп, муфтий кызматына Кимсанбай ажы Абдырахмановду шайлоого бар аракетин жасады. Бул үчүн УКМКа Чубак ажы Жалилов жана Рахматулла ажы Эгембердиевге кылмыш ишин козгоп, суракка чакыра баштады.

Бул кысымдар тууралуу Рахматулла ажы Эгембердиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Азыр биздин курултайга келе жаткан делегаттарды УКМКнын кызматкерлери кысымга алып, Кимсанбай ажыны шайлайсыңар деп басым көрсөтүп жатат. Мындай басымдын дагы бир жолу катары эртең курултай болгону жатса, бүгүн бизге иш козгоп, ошондой жол менен бизге таасир этүүнү көздөшүүдө. Кечээ мени соттун санкциясы жок эле атайын кызматтын имаратына алып барышып, күч менен “шайлоого катышпайым” дедиртип кайрылуу жаздырышты. Мунун артында буга чейин мага телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн президенттик аппараттын эки өкүлү: Фарид Ниязов, Орозбек Молдалиев жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев турат.

Эгембердиев атын атаган мамлекеттик кызматкерлер болсо, айыптоолорду четке кагып, алардын бири сотко кайрыларын билдирди.

Мамлекеттик органдардын канчалык аракет жасаганына карабай 15-декабрда болгон курултайда мусулмандар Рахматулла ажы Эгембердиевди Кыргызстан муфтийлигине шайлап алды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдулатиф Жумабаев мамлекет шайланган муфтий менен мамлекет кызматташууга даярдыгын билдирди.

Бирок да муфтийлерге козголгон кылмыш иштин тагдыры кандай болоор экен суроо ачык бойдон калууда.

Таза парламенттик башкарууга барабызбы?


Президент Алмазбек Атамбаев Германияга сапары учурунда Кыргызстан таза парламенттик башкарууга багыт алыш керек деп билдирди. Президенттин сөзүнө караганда, жаңы бийлик системасына жакынкы беш жылда өтүү туура болот.

Мамлекет башчысынын бул сөзү коомчулуктун либералдык чөйрөсүндө кызуу кубаттоолорду жаратты. Ал эми азыркы системанын атасы катары саналган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиялары өнүгө элек Кыргызстан үчүн азыркы система ылайыктуу деп эсептейт:

- Бүгүн бизде күчтүү президент керек. Мынакей парламенттик шайлоонун жыйынтыктары көрсөттү. Майда, ит жыгылыш болгон партиялар келгенде президенттин ролу күчөйт. Ал өлкөнүн биримдигин сактап, партияларды ынтымакка чакырган реалдуу күч болуп каларын көрсөттү. Ошон үчүн Кыргызстандын шартында бүгүнкүдөй президент керек. Эгерде бул жакшы иштеп кетсе, балким кийинчерээк, 2020-жылдан кийин, зарыл болсо карап көрсө болот. Болбосо бүгүнкү Конституциянын алкагындагы да биздин маселелерди чечсе болорлугун убакыт көрсөттү.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, президент Атамбаевдин таза парламенттик башкаруу жөнүндөгү сөзү Германияга комплимент катары айтылып калды.

Президенттин парламенттеги толук ыйгарым-укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев таза парламенттик башкаруу жөнүндөгү президенттин сөзү олуттуу жана ал Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү аземинде эле айтылган деп билдирди.

Кыргыз саясатынын либералдык канаты Алмазбек Атамбаевдин таза парламенттик башкарууга өтүү боюнча сөзүн кызуу колдоп чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов муну демократияга карай багыт катары бааласа, дагы бир депутат Равшан Жээнбеков парламенттик башкарууга өтүү мамлекетте биримдүүлүктү бекемдейт деп эсептейт.

Ошол эле мезгилде эске ала турган дагы бир жагдай пайда болууда. Белгилүү болгондой, азыркы Конституция боюнча Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Экинчи жолу шайланууга анын укугу жок. Ошондуктан азыркы Конституция берген ыйгарым-укуктар менен президент Бакиев жана Акаевдин бийлигиндей эле бийлик жүргүзүүгө болорун Алмазбек Атамбаев билип, кийинки президентке андай мүмкүнчүлүк калтырбоону көздөшү да ыктымал.

Депутат Равшан Жээнбеков андайды четке какпайт:

- Мисалы Грузияда ошондой мүмкүнчүлүк болду. Башка дагы мамлекеттерде ошондой тажрыйба бар. Менин убагымда президенттик күчтүү бийлик тура берсин, мен кеткенден кийин толук парламенттик башкарууга өтөбүз деген ой да болушу мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да президент келечекте парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек деп, ошол багытта иш жүзүндө кадам таштаса, бул колдоого аларлык.

Кыргызстанда азыркы парламенттик-президенттик башкарууну тоталдык жоопкерчиликсиздик жараткан система катары сындагандар да бар. Алар өлкөдө жоопкерчиликти алган президент жана көзөмөлү күчтүү парламент болуш керек деген идеяны айтып келатышат. Мындай бийлик системасы Америкада ийгиликтүү иштеп келатканы белгилүү.

Кандай болгон күндө да президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруу системасын өзгөртүү боюнча сөзү жаңы талкууларды жаратчудай болуп калды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG