Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Саясий оппоненттер ынтымакка келеби?


Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.
Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев башкы саясий оппоненти, президент Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосундагы саясий чыңалууну басаңдатууга мүмкүн экенин, бирок мунаса табылбай турган маселелер бардыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 11-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, 2010-жылы апрель окуясынан кийинки маркум иниси Асылбек Текебаев, Кадыржан Батыров жана Алмазбек Атамбаевге байланышкан айрым окуялардын жаңы жагдайларын айтып берди. Президенттик аппарат Текебаевдин соңку дооматтары боюнча азырынча үн ката элек.

Өмүрбек Текебаев ​иниси маркум ​Асылбек Текебаевдин 2010-жылы апрель айында Жалал-Абад шаарында ошол кездеги өзбек маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыров өткөргөн митингдеги сүрөтүнүн таржымалын, 2010-жылы 19-апрелде “Азаттык” жазган макаланын негизинде айрым жаңы жагдайларды айтып берди. Текебаев сүрөт 18-апрелде тартылганын жана Батыров өткөргөн митингге ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары Алмазбек Атамбаев Ош шаарында эл менен жолугушкандан кийин бармак болгонун айтты. Текебаев иниси Атамбаевдин коопсуздугун сактоо максатында ошол жерде болгонун белгиледи. Ушул тушта жана буга чейин дагы ошол сүрөттү айрым бийликчил жалпыга маалымдоо каражаттары каралоо максатында колдонгонун айыптады:

- Иним мага чалып “Атамбаев түштүккө келиптир, Жалал-Абадга да келет экен" деп айтып калды. Мен анын түштүккө учуп кеткенин, Жалал-Абадга барарын билген эмесмин. Роза Отунбаева да, башкалар да билбейт экен. Мен кайра иниме чалып, Атамбаевдин ал жакка барарын эч ким билбей турганын, ал кайдан билгенин сурадым. Ал болсо “Атамбаев Кадыржан Батыровго сенден башка ишене турган реалдуу күч жок, элиңди жыйна” деп айтыптыр деди. Батыров өзүнүн университетинин алдында элди жыйнап, Атамбаев келет экен деп күтүп турган экен. Мен иниме эми Атамбаев барса жаңжал чыгып кетпесин, аны барымтага алышпасын, эгер жаңжал чыгып кетсе, жардам бергидей болгула, бир топ балдарды алып баргыла, ошол жерде тур, ар бир болгон нерсени айтып тур деп жөнөткөм. Бул сүрөт Кадыржан Батыров Атамбаев келет деп элди жыйнап күтүп турган учурда тартылган. Батыров ошол жерде тарапташтарына Атамбаев деп атын атаган эмес, бирок жетекчилердин бири келет деп сүйлөгөн.

Текебаевдин сүрөт боюнча түшүндүрмөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

​Текебаев “Дастан” ишканасын ушул тушта да Алмазбек Атамбаевге жакын адамдар башкарып жатканын, ишкананы Бишкек шаарынын учурдагы мэри Албек Ибраимов жетектеп турганда мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев түзгөн коррупциялык айла-амалдар уланганын кайталады. Албек Ибраимовдун, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун соңку билдирүүлөрү, маектери боюнча жооп кайтарды жана өзүнүн тушундүрмөсүн берди.

Курултай Баш мыйзамды коргоду

Курултай Баш мыйзамды коргоду

Бишкекте “Референдумга - жок” кыймылынын курултайы өттү. Анда оппозиция бийликти Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин токтотууга чакырды.

Президенттик аппарат Текебаев айткан соңку дооматтар боюнча азырынча үн ката элек. 11-октябрда президент Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде кечиримдүү, кең пейил болууга чакырып, бири-бирин чукулоонун кесепети боюнча сөз кылды. Бул Атамбаев менен Текебаев жарашышы мүмкүнбү деген талкууларды жандантты. Текебаев бул тууралуу “Азаттыкка” мындайча комментарий берди:

- Ар ким өзүнүн чындыгынан баш тартпайт. Айтыла турган сөздөр айтылды, жыйнала турган материалдар жыйналды. Аны жок деп айта албайбыз. Экинчиден, эмоционалдык-саясий жагы бар. Бул жагы туруктуу болбойт, ал кырдаалга жараша күчөп-басаңдап турат. Мына ушул экинчи жагын басаңдатса болот. Бирок мен мисалы, конституциялык реформага каршымын. Атамбаевдин Убактылуу өкмөттүн тарыхый миссиясына берген баасына каршымын. Анын Роза Отунбаеванын тарыхый ролуна, ордуна берген баасына каршымын. Бул жагынан мунаса болушу мүмкүн эмес. Азыркы айрым бир теракт өңдүү коркунучтарды эске алуу менен эмоционалдык-саясий жагын, саясий чыңалууну азайтса болот. Бийлик тарап аны азайткандын ордуна Фарид Ниязов, Сапар Исаков, Албек Ибраимовдор бийликчил маалымат каражаттары аркылуу отко май чачып жатат.

Атамбаев Текебаев менен жарашабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Кыргызстанда конституциялык реформадан улам тутанган саясий тиреш эмне менен бүтөрү белгисиз. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошева соңку окуялар боюнча мындайча пикирин билдирди:

- Атамбаев элдин нааразылыгынан коркушу керек. Ал эми Текебаевдин нааразылыгы чымын чаккандай да болбошу керек. Азыр элдин кыжырын кайнаткан үч маселе турат. Биринчиси, Атамбаев 31-августта айткан сөздөрүнүн аягына чыкпаса, экинчиси, Кадыржан Батыровду тез арада алып келип камабаса, үчүнчүсү, Азимжан Аскаровду кое бер турган болсо, эл толкушу мүмкүн. Ош окуясын Атамбаев менен Текебаев жеке саясий максатында, компромат катары колдонбостон, Атамбаев айткандарынын аягына чыгышы керек.

Жалал-Абад шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Каныбек Айтакалов Текебаевдин кандай бийлик болбосун ага каршы чыгып келгенин айыптады:

- Жогорку Кеңеш, өкмөт, президенттин аппараты өз ара талашып-тартышпай ынтымакта болгону жакшы. Мен Текебаев туура кылып жатат же туура эмес кылды деп айтып, баа бере албайм. Бирок соңку беш-он жылдан бери маал-маалы менен эле талаш-тартыштарда, түшүнбөстүктөрдө, жаңжалдарда бир тарап, бир жагы болуп келгени мага жага бербейт. Акаевдин дагы, Бакиевдин маалында дагы, кийин Убактылуу өкмөт менен келип, убакыт-сааты чыгып дагы талаш-тартыштарда бир жагы ушул киши болуп жатат. Азыр биз - КСДП партиясы толук бийликке келдик. Алар менен убагында чогуу болгон, эми ошондой болуп кете бербей дагы баштап жатат.

Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү

Атамбаевдин үйү: прокуратуранын жүйөсү

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин үй салынып жаткан жеринин айланасындагы Өмүрбек Текебаевдин айткандарын президенттин тапшырмасы менен текшерген.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикиринде, бул саясий жаңжалдын айрым бир жагдайларды ачыкка чыгарганы коомчулукка жакшы болду. Бирок эки топтун кайым айтышынан улам Конституцияны өзгөртүү өңдүү маанилүү маселе дээрлик көз жаздымда калып калганын белгиледи. Мунаса тууралуу бийлик демилге көтөрүшү керектигин айтты:

- Бул жаңжал, бири-бирин каралоо биз буга чейин билбеген, же күмөн санап жүргөн, кооптонуп жүргөн айрым бир жагдайларды бышыктады. Бирок конституциялык реформадан улам башталган окуя такыр башка нукка бурулуп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланышкан маселелер көз жаздымда калып, каршылашкан саясий топтордун талашына эле айланып калды. Конституцияны өзгөртүүнү каалаган, демилге көтөргөн тарап бул учурду өз пайдасына колдонуп, каалагандай өзгөртүп жатат. Эгер президент кечиримдүүлүк темасын көтөрүп, мүмкүнчүлүк издей баштаса, ага ишара кылса, аны оппозиция деле четке какмак эмес. Бул демилге бийлик тараптан чыгышы керек.

Өмүрбек Текебаев соңку маалымат жыйынында колунда Алмазбек Атамбаев жана анын айланасындагылар боюнча дагы башка чуулгандуу маалыматтар бар экенин кыйытты. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов буга чейин анын жубайына катталган жери, анын Атамбаевге сатылышы боюнча айткандарынан улам Текебаевди сотко берерин айткан. Шаар башчы азырынча сотко кайрыла элек.

XS
SM
MD
LG