Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Атамбаев: Кооганы уюштургандарды табабыз


Президент Алмазбек Атамбаев жаңы бүткөн үйлөрдүн ачылыш аземинде. Ош, 16-февраль, 2012.
Президент Алмазбек Атамбаев жаңы бүткөн үйлөрдүн ачылыш аземинде. Ош, 16-февраль, 2012.

Президент Оштогу жолугушууда июнь окуясын уюштургандарды жыл соңуна чейин таап, жазалоону убада кылды.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 16-февралда эки күндүк иш сапар менен Ошко келди. Ал жергиликтүү калк менен кездешүүлөрүндө коопсуздук, улут аралык мамилелер тууралуу сөз кылды.

Президент Атамбаев иш сапарын алгач эле Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан бүткөрүлгөн көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышынан баштады. Үй алып жаткандар менен жолугушууда президент 2010-жылкы июнь окуясына күнөөлүүлөрдү жыл аягына чейин таап, жазалай турганын билдирди:

Президент Атамбаев Ошто, 16-февраль.
Президент Атамбаев Ошто, 16-февраль.
- Кыргызстанда 2-3 өтө коркунучтуу нерсе бар. Биринчиси – коррупция. Буюрса муну акырындан башын чабабыз, мага ишенип койгула. Экинчиси, албетте эң негизги маселе – ынтымак. Анткени мына 50 жылдын ичинде эле этникалык кагылыш 3 жолу кайталанып отурат. Өзбек-кыргыз 1967-жылы да, 1990-жылы да жана кечээки 2010-жылкы окуяда да өзү согушкан жок. Аларды провокаторлор уюштурду. Мунун алдын албасак буга дагы аракеттер болот. Бирок баары жазасыз калбайт. Мен жаңы буйрук менен кандуу капсалаң боюнча ишти кайрадан козготуп жатам. Ким күнөөлүү болсо аягына чейин чукуп чыгам.

Жаңы курулган 3 көп кабаттуу үйдүн 120 батири күч органдарына, анын ичинде ички иштер кызматына 74, түштүк аймактык аскер бөлүгүнө 12, улуттук коопсуздук кызматына 14, өзгөчө кырдаалдар министрлигине 12 жана прокуратура кызматкерлерине 8 батир берилээри айтылды. Калган 75 батир кандуу капсалаңдан жабыр тарткандарга тапшырылат.

Президент андан ары коогалаңда жабыр тарткандардын «Ош шейиттери», «Өчпөс от» жана «Дайынсыз жоголгондор» коомунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бирок жолугушууга журналисттерди киргизишкен жок.

«Ош шейиттери» уюмунун жетекчиси Тургунайым Айтиева бул жолугушууда президент бир топ убадаларды бергенин айтты:

- Мамлекет башчысы катары аябай чечкиндүү сүйлөдү. Эгер ал сөзүн аткара албайт деп ишенбей турган болсок, анда Кыргызстан өлдү дегендик болуп калбайбы? Азыр ишенип турабыз. Анан бул иштердин аягына чекит коёр. Ушунча кишинин алдында жалган айтпаса керек. Убактылуу өкмөттүн ичинен кимиси аралашкан болсо да алып чыгам деди. Ал эмес космонавт Салижан Шарипов да тиешеси болушу мүмкүн экендигин өзү айтты бизге.

Июнь окуясында жабыргандардын бири Гүлбурак Акунова болсо президентке жолуктурбай коюшканына нааразы:

- Биз азыр «Жаштык» лагеринде ит жашоодо жашап атабыз. Коогалаңда үй-жайдан ажырап, ошол жерде бир канча үй-бүлө баш калкалап жатабыз. Эми ошонун баарын айталы деп келсек, президентке жолуктурбай коюшту. Милициялар түрткүлөп, тепкилеп чыгарып салышты. Чыгаар деп күтүп турсак администрациянын аркасынан акырын чыгып кетиптир. Адамдардын көйгөйүн чечкени келбесе, Атамбаев анан шайлоо үчүн келдиби эмне?

Президент Атамбаев Ош мамлекеттик университетинде студенттер жана окутуучулар менен да жолугушту. Анда негизинен коррупция, билим берүү реформалары тууралуу сөз кылды:

- Жакын арадан баштап курамы жакшы бир комиссия түзөлү деп жатабыз. Бул комиссия билим берүү тармагын реформалоо боюнча катуу иштерди алып бармакчы. Коркпой туруп эле түп тамырынан чоң өзгөрүүлөргө алып келебиз. Анткени, азыр билим берүү жааты жакшы эмес, коррупция чырмалышып калган. Азыркы 50 жогорку окуу жайынан союз мезгилиндеги 5 жогорку окуу жайы артык болуп турат.

Жаштардын өкүлү Кайрат Жапаров аймактагы кырдаал жөнүндө сөз козгоп, өлкө жетекчисине анын иш сапарынын максаты тууралуу суроо узатты:

- Алмаз Шаршенович, сиздин президент болгонуңузга үчүнчү ай кетип жатат. Бул убак ичинде бир топ чет өлкөлөрдү кыдырып келдиңиз. Бирок ушу 2-3 ай ичи бир да жолу аймактардан кабар албадыңыз. Өзгөчө кооптуу кырдаал түзүлүп турган Ош шаарына да келген жоксуз. Бул жолку келишиңиз шаардык кеңештин шайлоосуна, же башка нерселерге байланыштуу эмеспи?

Өлкө башчысы Атамбаев бул соболго мындайча жооп берди:

- Президент болгон 2 ай убакытта Ош эмес, өз айылыма да бара элекмин. Жалган айткандай болбоюн, балдарымды да жакышлап көрө элекмин. «Жөн эле жыргап жатат» деп ушак чыгарсаңар деле жараша берет. Анткени көп нерсе көзгө көрүнбөйт. Менин билишимче, Ошко саясатчылар тынбай келип жатат. Мен да албетте кабатыр алып келдим. Жакында шаардык кеңешке шайлоо болот, дагы бир балээ болуп, кайрадан дагы бир кыргын чыгып кетпесин деп келдим. Бул ачык сөз.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Оштогу иш сапары 2-3 күнгө созулаары айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG