Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Бул жолку шайлоо таза өтөр бекен?


Кыргызстанда кайталап добуш берүүнү токтотуу максатында шайлоочунун бармагына белги салуу ыкмасы киргизилгенине бир топ болду.
Кыргызстанда кайталап добуш берүүнү токтотуу максатында шайлоочунун бармагына белги салуу ыкмасы киргизилгенине бир топ болду.

Быйылкы президенттик шайлоо кыйла таза өтөт деген ишеним бар. Ошентсе да талдоочулар добуш сатып алуу, каралоо сыяктуу технологиялар кеңири колдонулат деп божомолдошууда

Демейде шайлоо маалындагы эң эле чоң бурмалоолор административдик ресурстарды колдонуудан улам болот. Мурдагы президенттер Акаев, Бакиев тушунда бул кеңири колдонулуп, кандай гана шайлоо болбосун бийликти колунда кармап тургандар жеңе беришчү. Бийлик бир колго топтолгон авторитардык системада бул кадыресе көрүнүшкө айланган.

Былтыр жалпы элдик референдумда баш мыйзам өзгөртүлүп, парламенттик башкарууга өткөндөн кийинки парламенттик шайлоо алда канча таза өттү. Муну эл аралык уюмдар баш болуп тастыктап беришти. Азыр болсо оппозиция кыйла күчтүү, бийлик бутактары кайсы бир деңгээлде тең салмакталган. Ушундай шартта күздө өтчү президенттик шайлоодо административдик ресурстарды ачык колдонуу кыйын. Андыктан салыштырмалуу таза шайлоо өтөрү болжонууда.

Ошентсе да боло жүргөндөй шайлоочуларды сатып алуу, уруучулук, аймакчылык сыяктуу бөлүп-жарган факторлор шайлоодо кеңири колдонулушу ыктымал.

Шайлоодо кандай технологиялар колдонулат?

Күздө өтчү шайлоодо жеңип чыгууну арзыган талапкерлер кандай технологияларды колдонуп, эмне айла-амалдарга баруулары мүмкүн? Бул суроого келгенде талдоочулар айрым кооптуу жагдайлар бар экенин эскертишет.
Былтыркы апрель ыңкылабы таза, көз карандысыз шайлоолорду өткөрүп алууга жол ачып берди. Эми шайлоолорду ошондой өткөрүп алуу саясий элитадан, анан жарандык коомдун активдүүлүгүнөн көз каранды...
Марат Жаанбаев


Прага шаарындагы Карлов университетинде саясий илимдер боюнча доктурлугун жактап бүтүп аткан адис Марат Жаанбаевдин пикиринде, былтыркы шайлоодо болгон сыяктуу эле Орусия бул жолу өзүнө ыктаган, авторитаризмге жакын саясатчыларды колдоого алмакчы. Батыш өлкөлөрү болсо президент катары либералдарды, демократтарды көргүлөрү келгени менен Орусия сыяктуу ачык колдобойт. Колдосо моралдык жактан дем бериши гана мүмкүн. Бул факторду эске алсак, парламентаризмдин кыйратылышы, президенттик башкарууга кайтуу коркунучу бар.

Ошондой эле Марат Жаанбаевдин айтымында, жакында эле Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо процесси - бийликтегилердин шайлоодо административдик ресурстарды колдонуу ниети бар экенин көрсөттү:

- Өткөндө БШК мүчөлөрүн кандайча шайлоо боюнча тирешүүнүн негизинде президент өзүнүн оюнда калды, парламенттин депутаттары да өзүнүн пикиринде калышты. Бирдиктүү позиция болгон жок. Менин оюмча, күздөгү шайлоо учурунда ушул чырдын чыгышына себеп болуусу мүмкүн. “Булар легитимдүүбү же жокпу” депчи. Мисал келтирейин, парламенттин фракцияларынан сунушталган БШК мүчөлөрү жалпы тизме менен эле өтүп кетишти, ар бир фракциядан төрт киши. Ал эми президент сунуштаган талапкерлерди жиликтеп, тизгиндеп, бирден карап туруп экөөнү кулатып салышты. Президент башка эки талапкер сунуштоого мажбур болду. Бул жерде менин оюмча, калыстык болбой калды. Себеби БШК мүчөлөрүнүн ар биринин укуктары бирдей. Андыктан тандоо системасы да бирдей болсо жакшы болмок. Менин оюмча, былтыркы апрель ыңкылабы бизге жакшы, таза, көз карандысыз шайлоолорду өткөрүп алууга жол ачып берди. Эми шайлоолорду ошондой өткөрүп алуу саясий элитадан, анан жарандык коомдун активдүүлүгүнөн көз каранды...
Ар бир жаран сатылган, сүйлөшүлгөн добуш – акыры келип өзү үчүн жаман болорун түшүнүшү керек
Элмира Ногойбаева


Саясат талдоочу Элмира Ногойбаеванын ырастоосунда, талапкерлер ар кандай көз боёмочулуктарга баруусу ыктымал. Бул жолку шайлоодо негизинен бюллетендерди будамайлоо эмес, тышкы күчтөргө таянуу, күчтүү президенттик башкарууну алып келүү, добуштарды сатып алуу сыяктуу аракеттер басымдуу болмокчу. Жөнөкөй шайлоочу болсо ар кандай көз боёмочулуктарга ишенбей, өз добушу маанилүү экенин түшүнүшү керек:

- Азыркы талапкерлердин баарын эле биз жакшы билебиз. Шайлоодо биз эң негизгиси рационалдуу түрдө салмактап, добуш берүүбүз керек. Шайлоочу үчүн эң маанилүү нерсе – ар бир шайлоочу өз добушу абдан маанилүү экенин түшүнүшү керек. Ошондо гана натыйжа чыгат. Ар кандай көз боёмочулуктарга алдырбасак жакшы болот. Мисалы, мен кээ бир адамдар топ-тобу менен келип добуш беришерин билем. Адатта этникалык топтор ушундай кылышат. Алардын лидери кимге добуш берүүнү көрсөтүп турат. Ошолордун ар бири жанагыдай сатылган, сүйлөшүлгөн добуш – акыры келип өздөрү үчүн жаман болорун түшүнүшү керек.

Атаандаштар катары арбууда

Ушул тапта БШКга өзүн-өзү президенттикке көрсөткөн 10 чакты талапкер арызын жазды. Өзүн-өзү көрсөткөндөр арасында айтылуу Нурлан Мотуев, журналист Улугбек Бабакулов, парламент депутаты Курманбек Осмонов сыяктуулар бар. Андан тышкары беш саясий партия өз талапкерлерин чыгарды. Коммунисттер Исхак Масалиевди, “Ата-Журт” Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” Адахан Мадумаровду, “Жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди, “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди чыгарды. Талдоочулардын баамында, жалпы 30 чакты талапкер президенттик шайлоого аттанышы мүмкүн. Бирок алардын эң эле негизгилери азыр да бийликте отурган ири жетекчилер.

Ар кыл сурамжылоолордо президенттикке барат делгендерден премьер-министр Алмазбек Атамбаев алдыда баратат. Андан тышкары биринчи бештикте Марат Султанов, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров өндүү саясатчылардын ысымдары бар.

XS
SM
MD
LG