Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:20

Батыш басма сөзү: “Демократияга сокку урулду”


Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы коопсуздук маселеси, Казакстандагы саясий абалга да көңүл бурушууда.

Eurasia View интернет барагында жарыяланган макалада күйүүчү майларга акциздик салык киргизүү маселеси талдоого алынган. Анда америкалык дипломаттар акциздик салыктан улам келип чыгышы ыктымал маселе АКШнын Ооганстандагы аскердик операциясын чабалдатышы мүмкүн экенине тынчсызданып жатканы белгиленип, президент Роза Отунбаева менен биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Мегаойл” аттуу ортомчул фирма аркылуу учак үчүн күйүүчү май сатуудан пайда тапканы тууралуу орусиялык гезиттерде жарыяланган макалаларга шилтеме жасалган.

Аталган баракчада чыккан дагы бир макала Кыргызстандагы коопсуздук абалына арналган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов менен ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин сөздөрүнөн үзүндү берилген макалада “коопсуздук кызматынын жетекчилери сентябрда синагогага жасалган чабуулду, ноябрда Бишкектеги Спорт сарайынын жанындагы жардырууну жана 5-январда 4 милиция кызматкеринин өлтүрүлүшүн “салафи” диний агымына тиешелүү экстремисттик топко байланыштырууда” деп айтылат. Макалада бул агым тууралуу чакан маалымат берилип, Кыргызстанда камакка алынгандарды кыйноолор көбөйүп жатканы тууралуу Бишкектеги америкалык элчилик жасаган билдирүүгө көңүл бурулат.

Лондондо чыгуучу Independent гезити “Казакстандын парламенти Нурсултан Назарбаевдин президенттигин дагы 10 жылга узартуу сунушун жактырды” деп кабарлайт. Макалада казак парламенти өткөн жылы Назарбаевди “эл башы” деп атаганы, парламенттин эки палатасы референдум өткөрүү боюнча кабыл алган чечими менен “70 жаштагы Назарбаевдин мураскери ким болот” деген суроону биротоло жокко чыгаруу максатын көздөгөнү белгиленет.

Financial Times да бул темага арналган макала жарыялады. “Парламент кабыл алган чечим менен Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев дагы он жылга мунайга бай өлкөнүн президенти болуп кала бермей болду” деп жазылат. Макалада “кабыл алынган чечим президентибиздин иш мөөнөтүн узартуу үчүн республикалык референдум өткөргөнгө конституциялык негиз берет” деген казак парламентинин спикери Орал Мухамеджановдун сөздөрү келтирилген. Макалада АКШ казак парламентинин чечимин “демократияга урулган сокку” катары баалаганы айтылат.
XS
SM
MD
LG