Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Түрмө кызматында чарбалык чатак чыкты


Бишкектин четиндеги №3 түрмө. "Азаттыктын" архиви.
Бишкектин четиндеги №3 түрмө. "Азаттыктын" архиви.

Кыргызстандагы абактарда нан жапкандар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу "Келечек" мамлекеттик ишканасынын жетекчисин "коррупцияга аралашкан" деп айыптап чыгышты.

Аталган ишкананын директору бул айтылгандарды куру доомат катары баалады.

Жаза аткаруу кызматына караштуу "Келечек" ишканасынын алдында тогуз филиал бар. Алар негизинен нан бышырган цехтерди иштетип, жаза өтөө жайларына киргизет. Ошондой эле нанды Кыргызстандын базарларына да чыгарат. Андан тапкан кирешесинин теңинен көбүн "Келечекке" берет.

Булардын ичинен №8, №31, №47, №21 абактардагы цехтерди иштеткен төрт филиалдын директорлору "Келечек" мамлекеттик ишканасынын жетекчисине нааразылык билдирип чыгышты. №31 филиалдын директору Салтанат Жунушева жетекчиси Жээнбай Темиркановду "тендер өткөрүүдө мыйзам бузган, бир катар коррупцияга жол берген" деп айыптады:

- Устав боюнча "Келечек" мамлекеттик ишканасы абактагыларды иштетип, колонияларга жардам берип, инвестор тартып, иш орундарын көбөйтүп, пайда түшө турган мекеме болушу керек эле. Жетекчи Жээнбай Темиркановдун бул кызматка келгенине бир жумадан кийин бир жыл болот. Тилекке каршы, ал ишкананы менчикке айландырып алды. Эч кимге отчет бербейт. Уставга ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна, Жазаларды аткаруу кызматына, байкоочу кеңешке отчет берилиши керек. Бирок байкоочу кеңеш жок, устав бузулуп отурат. Эгер байкоочу кеңеш болсо ушундай коррупциялык система болбойт эле. Жетекчибиз эң маанилүү документтерге кол койбойт. Эч жакка кетпеген күндө деле орун басарына кол коюуга ишеним кат берип койгон. Ошону менен өзү кол койбой, четте иш бөлмөсүндө отура берет. Документтерге орун басары же биз кол коебуз.

"Келечек" ишканасынын №47 филиалынын директору Абжалбек Сопубеков болсо жетекчилик тарабынан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам бузулганын, ун алуу үчүн "Грин групп" жоопкерчилиги чектелген коому менен кымбат баадагы келишим түзүлгөнүн айтууда:

- 2017-жылы Темирканов бүт колонияларды картөшкө менен камсыздоо боюнча келишим түзгөн. УКМКнын өкүлдөрү 47-колонияга 28 тонна картошка кирбей калганын таап чыгышты. Ал иш азыр сотто. Жетекчилик картөшкөнү быйыл 4-майда киргизип, ишти калыбына келтирип койгон. Бул коррупция эмеспи? Май айында бизге 19 сом 95 тыйындан "унга келишим түзгүлө" деген көрсөтмө берди. Биз ага каршы чыктык. "Бул жакта арзан ун болуп атса, аны эмнеге 19 сом 95 тыйындан алып, нандын баасын көтөрөбүз" десек, "мен силердин жетекчиңермин, өзүм жооп берем" деди. Ошону менен 1 миллион 200 миң сом мамлекетке зыян алып келип атканда токтотуп калганбыз. Андан кийин ошол эле унду мамлекеттик сатып алуулар порталына 17 сом 23 тыйындан коюп, 17 сомдон ун тапты. Аны 17 сомдон койбой кайра 17 сом 23 тыйындан койду. Мунун 23 тыйынында да өз кызыкчылыгы барбы деп ойлоп атабыз. Жазгы картошка алуу боюнча Жаза аткаруу кызматынын өндүрүштүк бөлүмүнө келишимдерин алып барды. Картөшкөнүн баасы 26 сом 65 тыйындан деп көрсөтүшөт. Порталда картөшкө сатчулар анын баасын 16 сомдон деп киргизишсе, Темирканов "Араванда соттолгондорду тартып картошка 26 сом 65 тыйындан өстүрүп атканын" билдирет. Бул тууралуу да текшерүү болуп атат. Буга биз ишенбейбиз. 16 сомдон картошка чыгып атса, 26 сом 65 тыйындан алам дегени эмне деген шумдук? Бизде бүт кагаз, документтер бар.

№8 абактагы нан цехин иштеткен филиалдын директору Искак Бейшеналиев болсо ишканага жетекчи дайындоодо жердешчилик роль ойногон деп эсептейт.

- Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Таалай Жапаров менен Жээнбай Темирканов экөө бир айылдан. Бир мектепте окуган экен.

"Азаттык" бул айтылгандар тууралуу "Келечек" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жээнбай Темиркановдун да пикирин укту. Ал маалымат жыйындагы билдирүүлөрдү толугу менен четке кагып, күнөөнү кайра кол алдында иштегендерге оодарды.

- Маселе "Келечек" ишканасын оптималдаштыруу аракетинен кийин жаралды. Биздин филиалдардын директорлору буга чейин да көп инстанцияга, УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Акыркы алты айда ишканада үстү-үстүнө текшерүү болуп жатат. Атайын түзүлгөн мекеме аралык комиссия да текшерүүдө. Мен ишканага жетекчи болуп келгенден кийин ишкананы оптималдаштыруу аракетин баштаганбыз. Анын негизги максаты - бухгалтерияны толук электрондук форматка өткөрүү. Эгер бухгалтерияны электрондук форматка өткөрсөк, филиалдар жоюлуп, өндүрүштүк участкалар гана иштеп калмак. Булар ошого каршы чыгып, филиалдарды кармап калууга умтулуп жатышат. Бухгалтерияны электрондук системага өткөрбөсөк, филиалдарда каржылык-чарбалык мыйзам бузуулар өтө көп болуп атат. Андан тышкары өкмөттүн токтому боюнча өндүрүштүк ишканаларда сырттан иштегендер 15 пайыз гана болуп, калганын соттолгондор түзүшү керек. Ал эми маалымат жыйын өткөргөндөрдүн филиалдарында бул талап сакталган эмес, алардын жакындары, туугандары иштешет. Мындан тышкары биз даярдаган нандын баасы сырткы рынокко чыгарганга абдан кымбат болуп жатат. Себеби, булар көп чыгым коротуп, нандын баасын кымбат коюшат. Негизи, соттолгондордун эмгеги менен алып караганда, биздин нан Кыргызстандагы эң арзан нан болушу керек. Бир килограмм нандын баасы 24-27 сомго чейин болуп атат, эгер чыгымдар кыскартылса анын баасы 20 сом эле болуп калат. Бул боюнча Эсеп палатасы текшерип, жакында 1 миллион сомдук ундун көп пайдаланганы боюнча мыйзам бузуу таап чыгышты. Алты айлык текшерүүдө бизден эч нерсе тапкан жок. Булар менин дарегиме карата болбогон кептерди айтып тажабай келишет. №8 филиалдын директору Искак Бейшеналиевдин жасалма диплом менен иштеп келгени аныкталып, прокуратура иш козгоду.

Устав боюнча "Келечек" мамлекеттик ишканасына камактагыларды иш менен камсыздоо милдети жүктөлгөн. Ишкана 2012-жылы 20-ноябрда өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. Бирок учурда абактагыларды жумуш менен камсыздоо маселеси чечиле элек. Соттолгондордун 25 пайызга чукулу гана иш менен камсыз болгон. Калганы мамлекеттин эсебинен кармалат. Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Советбек Арбаев Кыргызстандын колонияларын өзүн-өзү камсыздоого өткөрсө болот деген пикирде:

- Мыйзамда абакта кармалгандар эмгектенүүгө акылуу экени жазылган. Аларды мажбурлап иштеткенге болбойт. Өз эрки менен иштеши керек. Ошого карабай, камакта отургандардын көбү же 90 пайызы иштеп, каражат тапканга макул. Убакыт да өткөрөт, каражат да табат. Бирок бизде бул маселе жакын арада чечиле тургандай көрүнбөйт. Бул нерсе мамлекеттин каражаты менен байланыштуу. Анткен менен аны чечүүнүн жолдору бар. Инвестиция тартса болот. Жаза аткаруу кызматынын жетекчилерин да кыска мөөнөттө алмаштыра бербеш керек. Эми ишти баштаганда алмаштырып коюшат, анан кийинкиси келип дагы өз ишин баштайт. Ошентип иш алдыга жылбай калууда.

Расмий маалыматтарга караганда, ушул тушта Кыргызстандын жабык жайларында 10 миңден ашык киши жазасын өтөп жатат. Алардын 8 миңден көбү жумушка жарамдуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG