Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Абактан чыккандар кодулоодон жүдөйт


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматы былтыр абактан бошогондордун беш пайызы кылмыш жасап, кайра кесилип кеткенин жарыялады.

25 жаштагы Акылбек коңшусу менен мушташа кетип, аны сабаганы үчүн соттолуп, эки жыл түрмөдө жаткан. Ал темир торго түшкөндөн кийин тууган-туушкандарынын өзүнө болгон мамилеси өзгөрүп, элден оолактап калганын айтып берди.

- Түрмөгө отуруп келгендерге кургак учук жугузат дегендей карашат. Дос-туугандар алыстайт экен. Байдын балдары оор кылмыш кылса деле эркиндикте жүрөт. Карапайым адамдар тоок уурдап, темир торго камалып жатпайбы.

Бошогонуна бир жылдай убакыт өтсө да, Акылбек ишке орношууда дале кыйынчылыкка кабылып келет.

- Жумушка кирүү кыйын. Өткөнүңдү уккандан кийин мамлекеттик эле эмес, менчик ишканалар да албайт. Эгер ата-энең бардар жашаса, акчанын күчү менен мурда соттолду деген маалыматты өчүртүп, диплом сатып берип, ишке орноштурат.

Түрмөдөгү аялдар
Түрмөдөгү аялдар

Түрмөдөн бошонгон эркектерге караганда аялдардын элге аралашып кетүүсү кыйла оор. Алмагүл төрт жыл мурда жер саткан шылуундардын тузагына илинип, алгач тергөө абагында бир айга чукул, кийинчерээк үч айга жакын жатып, сотто акталган. Үй-бүлөсү аны жакшы эле кабыл алганы менен, жек-жаат, тааныштарынын арасында азырга чейин “отуруп чыкканы” унутула электигин, абакта отурганда стресс болуп, саламаттыгына доо кеткенин көзүнө жаш алып эскерди:

- Эми ал жердеги шартты мен айтуу оор. Сайынып алган баңги болобу, аракеч менен чогуу бир камерага тыгып салышат. Кийинки тагдырым эмне болорун, балдарымдын келечегин ойлонуп, ыйлай берип көзүм жакшы көрбөй калды. Камалып чыкканымды эч ким унутпайт окшойт. Ачык да, тымызын да айтып калгандарын укканда ичтен сызып жаман болом. Эски жараатты козгодуң.

"Алар башка планетадан келген эмес"

Ошентип коом кабыл албагандыктан, эркиндикке чыккандардын элге аралашуусу оңой эмес. “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы абак айрыкча аялдардын аң-сезимин бузат деген ойдо. Анын билдирүүсүндө, өнүккөн өлкөлөрдө камактагыларга керектүү психикалык жардам берилет:

Жамал Фронтбек кызы
Жамал Фронтбек кызы

- Коом түшүнбөй, башкача көз караш менен карап жаткандыктан, кайра эле түрмөгө кайтып жатат. Албетте оор кылмыш жасагандар кылганын моюну менен тартышы керек. Бирок жеңил кылмыштар менен камалып чыккандар деле айласыздан ал жакка кайра барууда. Аларга түрмөдөгү жашоо оңой сезилет. Анан жакындарын, мамлекетти, атүгүл бүтүндөй ааламды жек көрө баштайт. Ал жактагы аялдар менен биз тынымсыз иштешип, кеп-кеңеш берип турабыз. Ким экенин сурасаң, баары “зечкамын” деп жооп кайтарышат. Аял, эне экенин түшүндүрүүгө бир саат, кээде үч саат убакыт кетет.

Психолог Асел Тентигенова да жогоркудай пикирге кошулат.

- Башка мамлекеттерде социалдык кызматкерлер абактагылар менен да, андан чыккандар менен да тыгыз иш алып барышат. Мунун натыйжасында эркиндикке чыккандар кыйналбастан тирилик кылып кетет.

Кыргызстанда мамлекеттик реабилитация борборлору түзүлө элек. Абактагыларга кеп-кеңеш берүү менен алектенген бир катар бейөкмөт уюмдардын иши каражат жоктугунан токтоп турат. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтуусунда, мындай борборлорду ачуу аракети жүзөгө аша элек:

- Абактан чыккандарды коомго адаптациялоо боюнча борборлордун жоктугу чоң көйгөй. Бир нече жылдан бери бул багытта иш жүрүп жатат. Бирок азырынча натыйжа жок.

Жаза аткаруу мекемесинин байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова маселени чечүүгө өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулушу керектигин белгилейт. Ошол эле маалда камалып чыккандар өздөрү да аракеттенүүгө тийиш:

- Алар башка планетадан учуп келгендер эмес. Өзүбүздүн эле жарандар. Мындайларды кайра жардан ары түртпөй, адам болушуна көмөктөшсөк жакшы болмок.

Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, өткөн жылы түзөтүү мекемелеринен 1939 адам бошотулса, анын 5% кайрадан кылмыш жасап, соттолуп кеткен. Түрмөдөн чыккандардын арасында мунапыс алгандар да, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөр да бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG