Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Абактагылар Келдибековду колдойбу?


Бишкектин четиндеги №3 түрмө, 2011-жылдын 12-июлу.
Бишкектин четиндеги №3 түрмө, 2011-жылдын 12-июлу.

Акыйкатчы Бишкектин четиндеги 31-абактагылар "Келдибеков спикерликке кайра келсин" деген талап менен ачкачылык баштаганын айтып чыкты.

Бирок Жаза өтөө кызматы мындай саясий талаптан кабары жок экенин, айыпкерлер түрмө шарттарын жакшыртуу жана тамак-аш менен жетиштүү камсыздоо талабын гана койгонун айтууда.


Түрмөгө тыштан буйрук түштүбү?


Бишкекте жана анын тегеринде жайгашкан 7 абактагы соттолуучулар 13-декабрда түшкү тамактан баш тартып, ачкачылык акциясы башталганын жар салышкан.

Жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкулов ачкачылык жарыялагандар абак шарттарын жакшыртууну талап кылып жатышканын билдирди:

- Алар үч талап коюп жатышат. Кармоо шарттары, азык-түлүк жана буюм-тайымдык камсыздоону жакшыртуу боюнча. Эми бул жагынан мындайга барууга мүмкүн эмес эле. Бул жерде кандайдыр-бир тыштан көрсөтмө, же буйрук күтүп жатышкандай. Жогорудагы үч маселе тең ачкачылык жарыялай турган маселелер эмес эле.

Бузурманкулов абактагыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, күч менен басуу чаралары колдонулбай турганын белгиледи.


Келдибеков кайра келсин деп жатышабы?


Ошол эле кезде өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбек Акун ачкачылык акциясы башталган №31 абакта саясий талаптар да коюлуп жатканын айтууда. Анын маалыматы боюнча, аталган абактагылар мурдагы спикер Келдибековду кайра кызматына кайтарууну талап кылып жатат:

- Абактын шарты начар деп айтууга болбойт. №31 абактагылар Акматбек Келдибеков төрагалыктан кетпеш керек деп чыгып жатат. Ал жерде кылмыштуу топтор кармалып жатат. Демек, кечээки депутаттык комиссиянын айткандары чындык экени айгинеленип жатат. Менин маалыматтарым боюнча, криминалдын түрткүсү абдан эле чоң болуп жатат. Ошентсе да, акыйкатчынын кызматкерлери абактарга барып, маселени териштирүүдө.

Бирок жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрага орун басары Калыбек Качкыналиевдин айтымында, мындай маалымат тастыктала элек:

- Менде андай маалымат жок. Эмнеге андай талапты коюп жатышканын Турсунбек Акундун өзүнөн сураш керек. Азырынча мен эч нерсе айта албаймын, баарын тактап жатабыз.

"Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз ыктыяры менен чегинген Акматбек Келдибековду кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен байланышы бар деп айыптап чыккан. Бирок Келдибеков мындай дооматтарды четке каккан. Ахматбек Келдибеков 12-декабрдын кечинде парламент төрагалыгынан өз ыктыяры менен кетүүгө арыз бергенин жарыялаган. Ал мындай чечимге парламенттиношол күнкү жыйынындагы кызуу талаш-тартыштардан кийин келген.

Кыргызстанда абак жайларда козголоңдор жыл сайын катталат. Бирок саясый окуялар болгон кезде мындай нааразылык акциялары күч алаары байкалат. Быйыл жазда бийлик кылмыштуу топторго согуш жарыялагандан кийин да өлкөдөгү көпчүлүк абактарда туташ нааразылык акциялары өткөн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG