Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

«Кудайбергендин» чыры басыла элек


“Кудайбергенде" кайрадан тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

“Кудайберген" базарындагы нааразылык, 30-июль, 2014.

Бишкектеги “Кудайберген” тетик базарынын соодагерлери убактылуу кармоочу жайда жаткан базардын кесиптик кошуунунун төрагасы Нурлан Данияровду бошотууну талап кылышууда.

4-августта Башкы прокуратуранын алдында, кийин Бишкек шаардык прокуратурасынын алдында нааразылык акциясын өткөргөн 100гө чукул ишкерлер Данияровду жалган жалаа менен камалганын айтышууда. Ал буга чейин соодагерлердин таламын талашып келген. Базар ээси Элвира Сурабалдиева болсо бул айыптоолордлу четке кагып жатат.

Карама-каршы айыптоолор

“Кудайберген” базарынын 100дөй соодагери Башкы прокуратуранын имаратынын алдында, Нурлан Данияровдун иши боюнча прокурорлордун түшүндүрмө берүүсүн талап кылып атышты.

“Ишкерлерди коргоп жаткан профсоюз жетекчисин камоо, бул соодагерлерди алсыздандыруу үчүн болгон аракет” дейт тетик базардын сатуучусу Каныбек Мамбетов:

- Профсоюздун жетекчисин мыйзамсыз түрдө камап салышты. Эптеп бир болбогон шылтоону таап, кайдагы бир жалган жалааны ойлоп табышыптыр. Биз ошону үчүн Башкы прокуратурадан жардам сурайлы деп келип олтурабыз. Данияров кош кат аялды урган деп атышат, ал акылга сыйгыс нерсе. Окуя болгон жерде биз да болгонбуз. Ал эч кимди сабаган эмес. Бул жерде башкысы - биздин укугубузду коргоп жаткан кишини бизден алыстатып, эптеп бизди күчсүздөндүрүштүн амалы болуп жатат.

Бирок ошого карабай Башкы прокуратурадан сыртка эч ким чыккан жок. Соодагерлердин 2-3 өкүлүн чакырып, аларды Бишкек шаардык прокуратурага баруусун айтты. Ишкерлер ал жерден деле керектүү жооп ала алган жок.

“Кудайберген” базарынын кесиптик кошуунунун төрагасы Нурлан Данияров 1-августта кармалган. Ал мындан бир айча мурдараак базардагы чырда боюнда бар аялды уруп жиберген деп шектелүүдө. “Бейбаштык” беренеси менен айыпталып жаткан Данияровдун үстүнөн ошол келин өзү арыз жазганы айтылат. Ал буга чейин “Кудайберген” базарынын ишкерлерин коргоп, алардын таламын талашып келген.

Кесиптик кошуундун жетекчисинин орун басары Иван Дробитько да бул ишти атайын буйрутма деп белгилейт:

- Нурлан Данияровдун үстүнөн жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоп жатышат. Ошол окуяда биз жүздөй киши чогуу болгонбуз. Ал эч кандай, эч кимди урган эмес. Бул ишти тергөөчүлөр атайын буйрутма менен козгошкон. Биринчи май райондук прокуратурасы деле ишти такыр караган эмес. Бул иштин баарын “Кудайберген” базарынын жетекчилиги акчасы менен жасап жатат. Ал буга чейин эле мен Данияровду каматып салууга акчам жетет деп келген, мына эми өзүнүн пайдасы үчүн каматып тынды. Демек бийликтер, күч органдары баары Сурабалдиевага баш ийет экен.

Ал эми “Кудайберген” базарынын ээси Элвира Сурабалдиева болсо бул айыптоолорду четке какты:

- 1-июлда Данияров өзүнүн 20-30дай баласы менен келип алып, соодагерлерди “иштебегиле, иштесеңер контейнериңерди өрттөйбүз” дешкен. Анан ишкерлердин арасындагы орус, түрк, башка улуттарды коркутушуптур да. Ошол жерде чыр-чатак болуп кетип, бир эркек менен урушуп кетиптир. Анан ошондо жанында турган боюнда бар аялды атайылап уруп жибергенби, же колу тийип кеткенби кыскасы ошондой болгон. Ал кыздын ата-энеси, тууган уруктары келип арыз жазышыптыр. Менин бул ишке эч кандай тиешем жок. А түгүл алардын ата-энелери мени да айыптап жүрүшөт. Анан негизи бул иштерге төрт айдан бери эле мени айыптап келатышат.

Чыры басылбаган базар

Автоунаа тетиктерин саткан "Кудайберген" базарында 4 айдан бери нааразылыктар токтобой келет. Башында базар жетекчилиги бир контейнер үчүн ижара акыны 7 миң сомго көтөрмөкчү болгон. Бирок соода кылган чакан ишкерлер ижара акынын кымбатташына нааразылыгын билдирип, бир нече жолу акция өткөргөн. Азыр орто суммага макулдаштык дейт Сурабалдиева:

- Кичине азайтып бергиле деп сурангандыктан, эл менен кошулуп чечкенбиз. Жалпы катарлардан эки контейнерлердин катарына 5 миң сомдон ижара акыга макул болгом. Берки жактын баары болсо айына бир контейнерге 6 миң сомдон деп чечилди. Анан карыздарыбызды 6 миңден эмес, 5 миңден кылып берсеңиз, убакыт таап төгүп беребиз деген сөздөр болду. Азыр негизи көбү эле менин шарттарыма макул болуп келатышат. Бирок нааразылар да бар.

Соодагерлер болсо 6 миң сомго макул болушпагандыгын айтышууда. Базар ээси коюлуп жаткан талаптарга маани бербей, тескерисинче каршылык билдиргендерди куугунтуктап жатат дейт соодагер Каныбек Мамбетов:

-Негизи мыйзамдуу баа, салык кызматынан бекитилген ижара акы 2500 сомдон. Бирок биз 2002-жылдан бери 3500 мин сомдон төлөп келгенбиз. Эми болсо быйыл апрель айынан баштап 7 миң сомго көтөрүп салды. Анан ары тартып, бери тартып атып 6 мин сомго түштү. Биз ага да макул болгон жокбуз. Анткени биз аны көтөрө албайбыз. Ал ижара акыны көтөрсө, биз тетиктердин баасын көтөрүп салсак, анан эл кантет? Айыл чарба деген бар, карапайым эл деген бар, баарыбызга кыйын болот.

Базардын ижара акысын кароо боюнча вице-премьер Валерий Диль баш болгон атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия учурда маселени карап жатканы айтылууда.

"Кудайберген" базары Бишкекте автоунаа тетиктерин сатуучу ири базарлардын бири. Анда жалпысынан эки миңден ашык адам соода кылат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG