Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Референдум мыйзамынын "дүрбөлөңү"


Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны “Референдум жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун биринчи окууда жактырып, кийинки добуш берүүгө жөнөттү.

Аталган мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгы эмнеде? Конституцияга шайкеш келтирүүбү же азыркы бийликтин саясий долбоорун ишке ашыруу аракетиби? "Референдум жөнүндө" мыйзам демократиялык принциптерди бекем орнотууга негиз түзө алабы же башка максаттар барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Алмамбет Шыкмаматов жана Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков катышты.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, “Референдум жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бирисиз. Ал мыйзамга кошумча-алымчаларды киргизүүгө эмне себеп болууда, ага кандай саясий зарылчылык болууда?

Азыркы Конституция боюнча президент референдум жарыялай албайт. Ошентсе да азыркы бийлик мурдагыдай эле акимдерди, айыл өкмөттөргө, башкаларына команда берет да 300 миң колду топтоп, референдум өткөрүүнүн механизмдерин иштеп чыгабыз деген пландары бар деген пикирлер көп.
Равшан Жээнбеков

Алмамбет Шыкмаматов: Саясий зарылчылык тиги же бул дегендер бизде көнүмүш адатка айланып калган дүрбөлөң. Сиз, биз, баарыбыз макул болобуз, мыйзамдар Конституцияга шайкеш келиши керек дейбиз. Өзгөчө конституциялык мыйзамдар шайкеш келиши керек, алардын кабыл алынышы, коомдогу мамилелери башкача.

“Референдум жөнүндө” мыйзам да конституциялык мыйзам деп аталат. Калган конституциялык мыйзамдар Баш мыйзамга шайкеш келтирилген. Бул мыйзам долбоору өткөн бешинчи чакырылышта эле каралган, бир добуш жетпей калып өтпөй калган. “Кокуй бул мыйзамды кабыл алсак Конституция өзгөрөт, биз таркап кетебиз” деп коркушкан. Мына бүгүнкү парламенттеги депутаттар талкуулап жатканда көрдүңөр, баарынын бир эле суроосу бар: “эгер кабыл алсак, таркап кетпейбизби?” деп жатышат. Эгер ушинтип отурсак бул мыйзамга эзели өзгөртүү киргизе албайбыз, улам кийинки парламенттер корко берет. Же эмне бул мыйзамды указ менен бекитилеби?

“Азаттык”: Кайсы пункттары шайкеш эмес деп жатасыздар?

Алмамбет Шыкмаматов: Биринчиден, бул мыйзам мурдагы Конституциянын убагында кабыл алынып калган. Анда бир топ авторитардык механизмдер кирип калган. Референдумду мурда Акаев, Бакиев да өздөрү эле жарыялап койчу. Азыркыда биз президентти чыгарып жатабыз. Эми референдум жарыялоо демилгеси Жогорку Кенеште, өкмөттө жана элдик демилгеге берилүүдө.

Эгер Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум кыла турган болсок 300 миң шайлоочунун колу, колдоосу керек. Эгер мыйзамдарды референдум аркылуу өзгөртө турган болсок 10 миң адамдын колдоосу керек деп жазып жатабыз.

Атамбаев бийлигин узартып алат, авторитардык бийлик болот деген болбогон кеп. Ошону айтып жаткандар дүрбөлөңчүлөр, мыйзамды окубагандар.
Алмамбет Шыкмаматов

“Азаттык”: Равшан мырза, бир катар талдоочулар мыйзам долбоор кабыл алынса, дароо эле Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу референдум өтөт деп болжошууда. Анткени Кыргызстандын 25 жылдык тарыхында референдум өткөрүү бийликти бекемдөө максатында эле өткөрүлчү деген ойлор көп. Бул жолку өзгөртүүнүн артында кайсы бир саясий себептер бар десек болобу?

Равшан Жээнбеков: Мен Алмамбет мырзанын конституциялык мыйзамды Конституцияга шайкеш келтиришибиз керек дегенине ишенем, аны жасашыбыз керек. Акыркы жылдары президенттин оозунан да “Конституцияны өзгөртүшүбүз керек” деген сөздөр чыгып келатат. Коомдо бул маселенин актуалдуу болушу да ушундан чыгууда.

Эгер "Референдум жөнүндө" мыйзам кабыл алынса, Конституцияны өзгөртүүгө жол ачат. Бийлик өзү өзгөртүүгө алып барат деген сөздөр чыгууда. Азыркы Конституция боюнча президент референдум жарыялай албайт. Ошентсе да азыркы бийлик мурдагыдай эле акимдерди, айыл өкмөттөргө, башкаларына команда берет да 300 миң колду топтоп, референдум өткөрүүнүн механизмдерин иштеп чыгабыз деген пландары бар деген пикирлер көп.

Алмамбет Шыкмаматов: Биз “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” болуп жатабыз. Кыргыз коомунда референдум коркунучтуу нерсе катары кабыл алынып калган. Акаев, Бакиевдин убагында референдумду эмнеге өткөрүшчү эле? Бийлигин бекемдеп, узартуу үчүн өткөрүшчү.

Бүгүнкү парламенттеги депутаттар талкуулап жатканда көрдүңөр, баарынын бир эле суроосу бар: “эгер кабыл алсак, таркап кетпейбизби?” деп жатышат. Эгер ушинтип отурсак бул мыйзамга эзели өзгөртүү киргизе албайбыз, улам кийинки парламенттер корко берет. Же эмне бул мыйзамды указ менен бекитилеби?
Алмамбет Шыкмаматов

Азыркы мыйзам боюнча референдумга президенттин ыйгарым укуктары жөнүндө же парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу сыяктуу маселелер коюлбайт деп турат. Ошондуктан Атамбаев бийлигин узартып алат, авторитардык бийлик болот деген болбогон кеп. Ошону айтып жаткандар дүрбөлөңчүлөр, мыйзамды окубагандар.

Равшан Жээнбеков: Референдум дегенде элде башкача ойлор пайда болуп жатат, бийлик элди алдайт деген көнүмүш пикир көбүрөөк болууда. Референдум өткөрүү менен маселе чечүү жакшы нерсе мен колдойм. Бирок азыркы бийликтин акыркы аракеттери башка ойлорго түртөт. Ага далилимди келтирейин, президенттин оозунан Конституцияны өзгөртүү боюнча эки аргумент чыкты.

Биринчиси - Жогорку Соттун президиумун түзө албай жатабыз, ал үчүн Конституцияга өзгөртүү керек деди. Экинчиси - парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек, ал үчүн да Конституцияны өзгөртүшүбүз керек дейт. Көрдүңүзбү, ал туруктуу ойду айта албай жатат. Андай болбогондон кийин мунун артында кандайдыр бир бекитилген ой, сыр жатат. Ошондуктан бул мыйзам кабыл алынып калса, мурдагыдай эле азыркы бийлик командасы менен өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн аракет кылат деген коркунучтар бар.

XS
SM
MD
LG