Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Мухамбет пайгамбардын туулган күнү белгиленди


Ош шаарындагы мечиттердин бири.
Ош шаарындагы мечиттердин бири.

18-апрелде Бишкекте Мухамбет пайгамбардын туулган күнү белгиленип, анда исламга байланышкан көйгөйлөр да козголду.

Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, Мухамбет пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда 1996-жылдан бери белгиленип келе жатат. Ал эми быйыл анын 1440 жылдыгы белгиленип жатыптыр. Ислам дининде Мухамбет пайгамбардын туулган күнүн Мавлид деп аташат.

Кыргызстан мусулмандар башкармасынын Муфтийи Чубак ажы Жалилов Мухамбет пайгамбар ислам дини аркылуу бүт адамзатка жакшылык кылганын белгиледи:

- Ислам дини мусулмандардын ортосунда гана эмес, бардык адамзаттын ортосунда достуктун, бир туугандыктын жана өз ара жардамдашуунун жайылуусуна салым кошору айдан ачык.

Бишкектеги Спорт ордосунда оюн-зоок менен коштолгон пайгамбардын туулган күнүнө келген адамдардын саны быйыл айрыкча көп дешти уюштуруучулар. Маарекеге келген Уулча Мамиева чоң салтанатка күбө болгонун айтат:

- Мухамбет пайгамбарды дайым эстеп, ага дубаларды айтабыз. Быйыл анын туулган күнүнүн белгиленишине катышып калдым. Жылда катышчу эмес элем.

Мавлид төкмө акындардын айтышы, ар кандай ыр-күүлөр менен коштолду. Эл алдында сүйлөгөндөр учурда Кыргызстанда ислам дининин тегерегинде болуп жаткан проблемалар тууралуу да кеп кылышты.

Муфтияттын медрсеселер боюнча бөлүмүнүн башчысы Ниязалы Арипов
мусулмандарды ислам динин тутууда орточул болууга, өтө аша чаап, радикалдык кадамдарды жасоодон этият болууга үндөдү. “Мухамбет пайгамбар дин тутууда орточул багытты кармоону осуят кылган” деди ал.

Ислам терроризмге каршы

Сыягы, бул чакырыктар Кыргызстанда акыркы кездери ислам дининин тегерегинде болгон окуяларга байланыштуу болду көрүнөт. Ушу тапта ондогон кыргыз жигиттери террорчул иштерге катыштыгы бар деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалып турганы белгилүү.

Бирок Чубак Ажы Жалилов ислам дини менен терроризмдин байланышы жоктугун ар дайым баса белгилеп келет.

- Куранда бир адамды өлтүрүү бардык инсаниятты өлтүрүүгө тете. Ал эми бир адамды сактап калуу бардык адамзатты сактап калууга барабар деген аяты исламдын анархияга, терроризмге каршы экендигин айгинелеп турат.

Ислам дини Кыргызстанда өнүгүп жаткандыгын белгилеп, ошол эле кезде анда көйгөйлөр да бар экендигин Теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзаураимов кеп кылды. Анын оюнча, өзүн мусулманмын деп санаган адамдар ар кандай кыянат иштерге катышып кеткен учурлар болуп, натыйжада исламды жаман көрсөтүп коюшууда.

- Динди түшүнбөгөн, аны азыркы учурга ылайыктап жашай албаган адамрдар терс көрүнүштөргө барып, исламдын атын булгап жатышат . Бул чоң көйгөй.

Мухамбет пайгамбардын туулган күнүнө арналган Бишкектеги иш-чараны
Кыргызстандын дин башкармалыгы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен уюштурган. Мавлид Кыргызстандын айрым аймактарында да белгиленди. Мухамбет пайгамбардын туулган күнүнөн тышкары, Кыргызстанда жыл сайын христиан динин тутунгандар Иса пайгамбардын да туулган күнүн белгилеп келишет.
XS
SM
MD
LG