Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Муфтийликке талапкерлер атала баштады


15-декабрда Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтүп, анда муфтийдин талапкерлиги сунушталат.

Байкоочулардын пикиринде, бул жолу курултайды ачык-айкын уюштуруп, алдын-ала муфтийлик орун үчүн сынак жарыялап, атаандаштык негизде татыктуу муфтий шайлап алууга тарыхый кырдаал түзүлгөн. “Бирок ал мүмкүнчүлүк пайдаланылган жок”, - дейт Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев:

- Тилекке каршы андай болгон жок. Мисалы, сиз жалпыга маалымдоо каражаттарынан муфтий болот элем деген бирөөнүн программасын окудуңузбу? Дагы деле 20 жыл мурдагы нерсе, ошол эле кадрлар, көрүнүштөр. 20 жыл аралыгында замандын чакырыктарына жооп берген бир да муфтий болгон жок.

Буга биринчи кезекте муфтият, уламалар кеңеши, аалымдар өздөрү күнөөлүү экенин кошумчалаган Каныбек Осмоналиев алар мурдагы адатынча бийликке жагынуу, кол куушуруу адатынан арыла албай жатат деген пикирде.

- Булар дагы эле эски адатынан, оорусунан чыга албай жатат. Муфтий болууга бир аз жарап калган кишини көтөрүп чыгышып, эртеси өкмөттү, чиновниктерди жана президенттин администрациясын көздөй жүгүрүп жөнөшөт. “Бизди колдоп койгула, ушуну муфтий кылалы” деп жүрүшөт.

Кеп муфтийде эмес, системада

Мусулмандар мамлекетти да түйшүккө салууда. Мындай ойго Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдинов да кошулуп, мусулман коомчулугу прогрессивдүү кадамдардан аксап жатканын белгиледи.

- Угушубузга караганда, президент Атамбаевдин да “мусулмандары эркине койгула, өздөрү чечип алсын, кийлигишпегиле” деп айткан сөзү бар. Бирок биз буга даяр эмес болуп жатабыз. Эң кемчилигибиз ушул болуп жатат. Мамлекетке да көйгөй кылбай, мусулмандар өзүбүз чечип алсак, абдан жакшы болмок. Бирок азыр мусулмандар арасында да ыйкы-тыйкы иштер болууда. Биз биринчи муфтий алмашыш керекпи, же система алмашыш керекпи дегенди чечип алышыбыз зарыл. Көп адамдар жеке адамга карап, муфтий алмашыш керек дешүүдө. Бул жаңылыш пикир, система алмашыш керек.

Кыргызстанда муфтийди шайлоодо же алмаштырууда адатта бийлик өкүлдөрүнүн таасири болору айтылып жүрөт. Дин иштери боюнча комиссиянын төрага орун басары Табылды Орозалиев бул жолу да эл арасында ошондой сөздөр тараганын айтып, бирок аларды негизсиз деп четке какты:

- Ушундай сөздөрдү өткөндө чыгарышты. Бул эми жалган сөз да, баягы эле алардын өз ара ичинен келип чыккан сөздөрү. Мурда ушундай болуп келген деп эле ошол боюнча айтып жатышат.

Орозалиев муфтият коомдук уюм болгондуктан, Дин комиссиясы курултайга өз ыйгарым укуктарынын негизинде гана байкоо салышарын айтууда.

Ысымы аталган талапкерлер

Курултайга сунуштала турган мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы уставынын акыркы варианты толук бүтө элек болгонуна байланыштуу курултайда муфтий кандай негизде шайланаары азырынча белгисиз. Маселен, мурдагы устав боюнча муфтийди уламалар кеңеши шайлап, аны курултай бекитери жазылган. Ал эми кезектеги курултайда жаңы устав кабыл алына турган болгондуктан, уламалар кеңешинин курамы да жаңырмакчы. Муфтийдин орун басары Замир Ракиев жаңы уставды иштеп чыгууда берилген бардык сунуштар эске алынып жатканын маалымдады.

- Варианттардын баарын чогултуп, бир талаштуу маселеде көбүрөөк пикир алган долбоор коюлуп, ошол элге сунулат.

Анткен менен курултайда талапкерлиги коюлчу адамдардын ысымдары да атала баштады. Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин жетекчиси Бакыт Нурдиновдун айтымында, өз адамдарын муфтий кылгысы келген беш-алты топ бар.

- Азыр Рахматулла Эгембердиевди муфтиятта колдойбуз деп чыгышты. Аны мусулмандардын кээ бир жамааттары да колдойбуз деп жатышат. Экинчиден, башка мусулмандар Кимсанбай ажы Абдрахмановду колдоп чыгышууда. Азыркы мезгилде Кимсанбай ажы татыктуу дегендер бар.

Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуясынан бери муфтияттын тегерегинде ыйкы-тыйкы окуялар болуп келатат. Апрель окуясынан көп өтпөй ал кездеги муфтий Мураталы ажы Жуманов белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, сабалганы, көп өтпөй ооруп каза тапканы айтылган.

Андан бери үч жыл аралыгында катары менен беш муфтий алмашкан экен. Бул кызматты эки жылча аркалаган Чубак ажы Жалиловду эске албаганда, башкалары бул кызматта узак отурушкан эмес. Азыркы муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла Эгембердиев быйыл июль айында шайланган. Ал ордунда бекип калабы же башка адам келеби, алдыдагы курултайда билинчүдөй.
XS
SM
MD
LG