Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:29

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы медреселердеги билим берүүгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү демилгесин көтөрүүдө.

Буга медреселерде билим берүүгө лицензияны Мусулмандар дин башкармалыгы берип, Билим берүү жана илим министрлигинин четте калганы негиз болууда.

Медреселерде диний билимден башка кандай билим берилет? Медресе мугалимдерин аттестациялоо кандай жыйынтык берди? Диний билим менен бирге кадимки билим берүүнү айкалыштыруу аракети эмне үчүн аксап жатат?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" кезектеги талкуусуна Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын окутуу бөлүмүнүн башчысы Замир Ракиев, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов жана Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай катышты.

“Азаттык”: Замир мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина медреселерде билим берүү лицензиясын Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлгө алышы керек деп билдирди. Демек, мамлекеттик стандарт боюнча билим берилбеген медреселерде окуган жаштардын келечеги өздөрүнө гана эмес, жалпы коомго терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген көз карашка негиз барбы, же ага Муфтият макул эмеспи?

Замир Ракиев: Диний билим берүүдө көйгөй жок деп айта албайбыз. Муну бардык жерде эле ачык айтып жүрөбүз. Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда 90дон ашык медресе пайда болду жана азыр бутуна араң туруп келе жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин лицензия берип, мамлекеттик билим берүү тармагынын көзөмөлүндө болуусун биз да каалап келатабыз. Мындай сунуш өкмөткө көп жолу айтылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Мусулмандар дин башкармалыгы биригип, медреселерде светтик билим берүү программасынын долбоорун иштеп чыгышкан. Ал бир нече жолу талкуудан өткөрүлдү. Эми ал программаны жакын арада ишке ашыруу алдында турабыз.

Азыр 90дон ашык медресе, тогуз институт жана бир университетибиз бар. Жакын арада Кыргызстан ислам университети лицензия алганы жатат. Андан кийин калган башка окуу жайларды кезекке коюп, лицензия алуу аракетин көргөнү жатабыз.

“Азаттык”: Абдыкерим мырза, сиз социалдык тармактарда, ЖМКларда жаш муунга ар тараптуу билим берүү керек, болбосо Чыңгыз Айтматов жазган маңкурт муунга ээ болушубуз ажеп эмес деп жазып келе жаткан окумуштуусуз. Педагог катары бул жагдай боюнча так жана бейтарап пикириңизди билдирсеңиз, медреседе окуган жаштар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөчү күч боло алабы?

Абдыкерим Муратов: Медреселердин тарыхына кайрыла турган болсок алар Борбор Азияда 10-11-кылымдарда пайда болгон. Ошол медреселерден Ал-Фараби, Ибн Сина, Улукбек, Алишер Навои сыяктуу окумуштуулар жана философтор билим алышкан. Кыргызстанда болсо 1844-жылы Ошто Алымбек Датка медресе курган.

1858-жылдан баштап медреселерде мыкты адамдар билим алышкан. Айрым маалыматтар боюнча ошол кездеги медреселерде кадимки Молдо Нияз сабак берген. Демек, ал жерде поэзия да окутулган. Андан тышкары география, математика, астрономиянын негиздери окутулган. Тилекке каршы, медреселердин ошол мыкты салты азыр улантылбай жатат.

Дин эркиндигин сабатсыздык тебелейт

Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.

Медресеге ким көзөмөлдүк кылыш керек, лицензияны ким берип, кимдер окутуш керек деген маселе өкмөттүн да, Билим берүү министрлигинин да көз сыртында калган. Ал эми Муфтият болсо диний билим берип, Куранды окутуп жатабы, балдар тартиптүү жүрөбү деген маселеге гана көз салат.

Медреселерге мамлекеттик көзөмөл салышыбыз керек, аны колго албасак чоң көйгөйгө дуушар болушубуз мүмкүн. Демек медреседе окуган балдар мамлекеттүүлүктү бекемдөөчү күч боло албайт. Себеби мектептен окуй албай качкандар медреселерге барып окушат. Ошон үчүн медреселер коомго эмне берип жатат деген суроо ачык турат.

“Азаттык”: Алмаз мырза, парламенттеги депутаттар медреседе билим берүү сапатын өкмөт көзөмөлгө алышы керек деп жатышат. Бирок Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өткөн жылы медресе мугалимдерин аттестациялоо аракети майнап берген жок. Буга эмне себеп? Сиздер байкоо салган Билим берүү министрлиги бул ишти колго алууга чамасы жетеби?

Алмаз Тажыбай: Билим берүү министрлигинин медреселерди көзөмөлдөөгө чамасы жетпейт. Кыргызстанда 2200дөн ашык мектеп бар. Ошолорду көзөмөлдөй албай жатат. Бул милдетти бир гана Билим берүү министрлигине илип салбай, жалпы коом жана айыл өкмөттөрү дагы колго алышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG