Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

Имамдар стипендия ала баштады


Чүй облусунун имамдарынын семинары
Чүй облусунун имамдарынын семинары

“Ыйман” фонду аркылуу имамдарга ай сайын 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин стипендия түрүндө маяна бериле баштады. Cтипендия алгачкылардан болуп аттестациядан өткөн имамдарга ыйгарылды.

Өзүн Кубат деп тааныштырган имам банктагы эсебин текшергени келип, ага эки айдан бери каражат которулуп жатканын билди. Буга чейин ал “Ыйман” фонду тарабынан өткөрүлгөн аттестацияга катышып, керектүү документтеринин бардыгын тапшырып кеткенин айтууда. Имам Кубат билдиргендей, документтерди кабыл алып жатып, комиссия үч шарт койгон.

- Биринчиси - имамдар аттестациядан өтсүн, экинчиси - мечиттин документтери бүтүп, толук болушу керек, акыркысы эки жумалык семинарга катышып, сертификаты болушу кажет. Менде ошонун баары бар, буюрса каражат которулуп жаткан экен.

Кыргызстан светтик өлкө болгон соң дин кызматкерлерин жана диний уюмдарды мамлекет тарабынан каржылоого мыйзам жол бербейт. Ушундан улам бир жыл мурун президент А. Атамбаевдин буйругу менен “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду түзүлүп, жарандардын диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоону максат кылган.

Аталган фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Ыйман” фонду аркылуу имамдарга ай сайын 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин стипендия түрүндө маяна бериле баштады.

- Ээлеген кызматына жана статусуна жараша стипендия берип жатабыз. Мисалы, муфтийге 15 миң сом каралган, анын орун басарларына 10 миң сомдон. Башкы имамдарга 10 миң сом болсо, катардагы мечиттин имамдарына 5 миң сомдон берип жатабыз.

Имамдарга фонддон каражат бөлүнө баштаганы менен, мечиттердин чарбалык чыгымдары, коммуналдык төлөмдөр мечитке ыктыярдуу берилип жаткан каражаттан жабыларын муфтияттын иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Алимбай Эргешов айтты.

- Ар бир мечиттерде кутучалар бар. Мечитке келгендер өз ыктыяры менен каалаган суммада акча калтырса болот. Ошол акчалар менен электр жарыгы, коммуналдык кызмат, ж.б. керектүү буюмдарды сатып алып, төлөмдөр жүргүзүлөт.

Муфтияттын өкүлү Алимбай Эргешов кошумчалагандай, буга чейин мечиттерде чогулган акчалардан имамдарга да ай сайын акча чегерилип келген. Мындан башка дин кызматкерлери кошумча каражатты нике кыюу, куран окутуу сыяктуу ырым-жырымдардан таап келишкен. “Ыйман” фонду имамдарга стипендия төлөөнү дал ушул өңдүү аргасыздыктардан арылуу максатындагы алгачкы кадамдар катары баалады.

“Ыйман” фонду ислам дин кызматкерлерине жана мечиттердин чыгымдарын жабуу максатындагы каржылык колдоолорду жүргүзүүдө башка диндердин тажрыйбасын да мисалга тартышууда.

- Германияда негизинен протестант жана христиандар. Ал жакта мектептерде диний билим берген мугалимдерге айлык берип, мамлекеттик кызматкер деген статус берген. Ошондой эле Түркияда дагы "Дианет" вакф деген фонд бар жана ал мамлекет тарабынан каржыланган. Имамдарга алар айлык чегерип турат. Биз “Ыйман” фондун түзүп атканда Түркиянын үлгүсүн алдык, бирок бизде светтик өлкө болгондон мамлекет эмес, фонд аркылуу каржылоого токтолдук, - деди Нуржигит Кадырбеков.

Диний эксперт Кадыр Маликов мындай тажрыйбалар тууралуу орус православдардын мисалында буларды айтты:

- Алардын өздөрүнүн эсеби бар. Мисалы, орус православдары Орусиядан каражат алат, католиктер Ватикандан каржыланат. Ал эми муфтият Кыргызстандын аймагында болгондуктан, мамлекет да кызыкдар болуп, кыйыр колдоо көрсөтүп жатат.

“Ыйман” руханий маданиятты өнүктүрүү фонду келечекте туруктуу каражат табуунун аракетин көрүп жатканын айтышат. Фонддун уставы киреше тапканга уруксат бергендиктен, төлөнмө окутуу курстарын ачуу өңдүү ишкердик кылып, фонд өзүнө-өзү каражат алып келүү планы бар экенин Нуржигит Кадырбеков кошумчалап өттү.

Бүгүнкү күндө фонддун негизги демөөрчүсү Түркия болуп келатат. Бир жыл мурун түрк жана кыргыз президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн соң, Түркия 10 млн. доллар которууга макул болуп, бул акчалар маал-маалы менен берилип келет.

XS
SM
MD
LG